Премьер-министр Темир Сариев 15-январдан баштап ипотекалык насыя берүү башталарын билдирген. Ал 12-14 пайыздык чен менен узак мөөнөткө —15 жылга берилет.
Мамлекеттик ипотекалык компания "Жеткиликтүү турак жай" программасын ишке ашырат. Ипотеканы биринчи кезекте социалдык кызматкерлер, дарыгерлер жана мугалимдер алышат.