https://sputnik.kg/20260408/1100681325.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен... 08.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-08T19:00+0600
2026-04-08T19:00+0600
2026-04-08T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/04/08/1100681159_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c2b93f5889939ddd6dfeb7bec0b36e6e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан. Эки өлкөнүн алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын маселелери да каралды. Өкмөт өкүлдөрү артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.
Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун максаты асыл тукум мал чарбачылыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана асыл тукум иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат. Мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында ишмердүүлүктөрдү мамлекеттик жөнгө салууну караган ченемдер, бул тармактагы субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, анын ичинде асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө иштери бекитилген. Ошондой эле асыл тукум продукциясын таануу, пайдалануу жана бонитировкалоо маселелери жөнгө салынып, аны колдонуу тартиби жана шарттары аныкталган.
Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагында атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайт. Бул тууралуу ТИМ билдирди. "Кыргызстан Шахбаз Шариф баштаган Пакистандын жетекчилигинин, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын чыңалууну азайтууга жана тынчтык диалогун жүргүзүүгө багытталган аракеттерин жогору баалайт", — деп айтылат маалыматта. Өлкө бардык пикир келишпестиктерди Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин негизинде, саясий жана дипломатиялык жолдор аркылуу гана чечүүнү колдойт.Кыргызстан ошондой эле аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүт артат.
Бүгүн, 8-апрелде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A – CAR компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар унаа бизнеси тармагында инвестициялык кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстанга жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле комплекстүү сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү Кытайдын жана эл аралык бренддердин автоунааларын жеткирүүнү камсыз кыларын айтышты. Мында техникалык тейлөө, финансылык коштоо, каттоо жана транспорт каражаттарын камсыздандырууну камтыган кызматтар көрсөтүлөт. Равшанбек Сабиров унаа секторуна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекке иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан. Эки өлкөнүн алдыдагы өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын маселелери да каралды. Өкмөт өкүлдөрү артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешкен.Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун максаты асыл тукум мал чарбачылыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана асыл тукум иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү болуп саналат. Мыйзамда асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында ишмердүүлүктөрдү мамлекеттик жөнгө салууну караган ченемдер, бул тармактагы субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, анын ичинде асыл тукум ишин өнүктүрүүгө багытталган илимий-изилдөө иштери бекитилген. Ошондой эле асыл тукум продукциясын таануу, пайдалануу жана бонитировкалоо маселелери жөнгө салынып, аны колдонуу тартиби жана шарттары аныкталган. Кыргызстан Жакынкы Чыгыш аймагында атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайт. Бул тууралуу ТИМ билдирди. "Кыргызстан Шахбаз Шариф баштаган Пакистандын жетекчилигинин, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын чыңалууну азайтууга жана тынчтык диалогун жүргүзүүгө багытталган аракеттерин жогору баалайт", — деп айтылат маалыматта. Өлкө бардык пикир келишпестиктерди Бириккен Улуттар Уюмунун уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин негизинде, саясий жана дипломатиялык жолдор аркылуу гана чечүүнү колдойт.Кыргызстан ошондой эле аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүт артат.Бүгүн, 8-апрелде Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A – CAR компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда тараптар унаа бизнеси тармагында инвестициялык кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстанга жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле комплекстүү сервистик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү Кытайдын жана эл аралык бренддердин автоунааларын жеткирүүнү камсыз кыларын айтышты. Мында техникалык тейлөө, финансылык коштоо, каттоо жана транспорт каражаттарын камсыздандырууну камтыган кызматтар көрсөтүлөт. Равшанбек Сабиров унаа секторуна инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай долбоорлор рыноктун өнүгүшүнө, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/08/1100681159_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da4f0b5aaf01d92852696c622ea0ddad.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио