Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого 500 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүИгрушечный домик
Игрушечный домик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы күзгө карата ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 пайызга чейин кыскартуу аракети жүрүп жатканын айткан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 000 000 (беш жүз миллион) сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бүгүн өкмөттө "Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме болгон.

Маалыматтарга таянсак, ипотекалык программа ишке киргенден тартып өкмөт аны каржылоого 4,8 миллиард сомдон ашуун каражат бөлгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14 пайыздан 7-9 пайызга чейин төмөндөгөн.

"Бүгүн биз ипотекалык насыяны каржылоого 500 миллион сом бөлүп жатабыз. Мүмкүнчүлүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүсү зарыл. Миңдеген биздин жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз", — деген Абылгазиев.

Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Банк адиси ипотека алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты
Ал президент Сооронбай Жээнбековдун ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 пайызга чейин кыскартуу тапшырмасы коюлганын, бирок учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп тургандыгын кошумчалаган. Ал күзгө чейин өкмөт бул максатка жетерин айткан.

Эске салсак, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев маалымдагандай, 2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банк аркылуу 4,6 миллиард сомдон ашык 4080 насыя берилген. Анын артынан 16 миңге жакын жаран турак жай менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9га чейин кыскартылган, эми 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө.

Ипотека берген банктардын шарттары туурасында Sputnik Кыргызстан жасаган инфографикадан толук маалымат алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0