Мээрим Жуманазарова жарым финалда россиялык балбан менен беттешмей болду

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашууда.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалдык этапта ал канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде утту. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Жуманазарова жарым финалда россиялык Ханум Велиева менен кез келет.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат. 
Жаңылыктар түрмөгү
0