Антонина Шевченко май айында беттешет. Атаандашы ким

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыргызстандык спортчу, UFC уюмунун мушкери Антонина Шевченко. Архив
Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун мушкери Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Антонинанын соңку кармашы былтыр ноябрда UFC 255 турниринин алкагында өтүп, бразилиялык Адриана Липскини техникалык нокаут менен утуп алган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун мушкери Антонина Шевченко америкалык Андреа Ли менен күч сынашарын Yahoo Sport басылмасы жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA Junkie (@mmajunkiedotcom)

Кармаш 15-майда Лас-Вегаста UFC 262 турниринин алкагында өтөт. Спортчу кыздар 57 килограмм салмак категориясында беттешет.
UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси Антонина аталган уюмда 2019-жылдан бери күчүн сынап келет. Төрт беттеш өткөрүп, аны экөөсүн уткан.
Боец UFC из Бразилии Джессика Андраде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү
Соңку беттеши былтыр ноябрда UFC 255 турниринин алкагында өтүп, бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Антонина мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюмунан 50 миң доллар бонус алган.
Жаңы атаандашы Андреа Ли башында кикбоксчу болуп жүрүп, кийин аралаш мушташка өткөн. UFC уюмунда 2018-жылдан бери күч сынашып, алты беттешке катышкан. Соңку үчөөндө жеңилүү ызасын тартканы маалым.
Кечээ жакында Валентина Шевченконун чемпиондук наамын коргой турганы аныкталды. Атаандашы уюмдун мурдагы чемпиону Жессика Андраде болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0