Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган Улукбектин так диагнозу айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе в Нью-Дели
Чемпионат Азии по борьбе в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук медициналык борбордун адистери башка оорукананын окулисттери менен биргеликте Азия чемпионатында көзү жабыркаган Улукбек Жолдошбековдун саламаттыгын текшерип чыгышкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Индиядагы Азия чемпионатында көзүнөн жаракат алган балбан Улукбек Жолдошбековго дарыгерлер диагноз коюп, канча убакыттан кийин ден соолугу калыбына келерин айтышты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 25-февралда, Спорттук медициналык борбордун адистери башка оорукананын окулисттери менен биргеликте Улукбек Жолдошбековдун саламаттыгын текшерип чыгышкан.

Ага ылайык, адистер балбанга "каректи сыртынан каптап турган айнектей тунук челдин эки каты айрылып кеткен" деген диагноз коюшкан. 

"Дарыгерлер Жолдошбековдун көзү 7-10 күн аралыгында өзүнүн калыбына келет деп айтышты. Жаракат оор эмес экен. Эч кандай операция талап кылынбайт. Учурда спорттук медициналык борбордо дарыланууда. Аз убакыттан кийин машыгуусун улантып, мелдештерге катыша алат", — деди ал.

Энем кыргыз! Азиядан КРге алтын медаль алып келген Будажаповдун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Энем кыргыз! Азиядан КРге алтын медаль алып келген Будажаповдун видеосу
Садырбекова Жолдошбековдун медициналык тейлөөсүнүн чыгымын Спорт агенттиги каржылай тургандыгын белгиледи.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-февралда, Индиядагы Азия чемпионатында алтын уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке келген. Спортчу 23-февралда чейрек финалда иран балбаны менен күрөшүп жатканда, көзүнө атаандашынын колу кирип кеткенин айтып берген.

Күрөш учуру тартылып калган видеодон атаандашынын колу көзүнө кирип кеткенин жана буга карабай  атаандашын жеңип алганын көрүүгө болот.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло.

Жаңылыктар түрмөгү
0