Балбан Улукбек Жолдошбеков — өмүр баяны

© Sputnik / Досхан НусупбековКыргызстандынк балбан Улукбек Жолдошбеков
Кыргызстандынк балбан Улукбек Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улукбек Жолдошбеков 1996-жылы 9-февралда Нарын шаарында туулган. 2018-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Учурда ушул эле окуу жайда магистратурада билим алат.

Алгач дзюдо менен машыгып мелдештерге катышып жүргөн, 8-класстан тарта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинин эркин күрөш секциясында тарбияланган.

Спорттогу ири жетишкендиктери:

  • 2012 — кадеттер арасында Азия чемпиону;
  • 2013 — кадеттер арасында Азия чемпионатынын коло байге ээси;
  • 2014 — жаштар арасында Азия чемпиону;
  • 2016 жана 2018 — Азия чемпионатынын коло медаль ээси;
  • 2019 — 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия чемпиону;
  • 2019 — 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпиону;
  • 2020 — Азия чемпиону.

Спортчу ошондой эле бир катар эл аралык турнирлерди жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0