Түркиядагы Көчмөндөр оюндарында көк бөрү тай казансыз өтмөй болду. Видео

Жазылуу
Тай казан чуусу бир жылдан бери талаш жаратып келүүдө. Бул ирет кыргыз тараптын сунушу колдоо тапкан жок.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Быйыл Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарында көк бөрү тай казаны жок ойнолмой болду. Мындай чечим кечээ, 22-февралда, Түркияда болгон Этно оюндар конфедерациясынын жыйынында кабыл алынды.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистандан өкүлдөр катышкан.  Кыргызстандан Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов жана ЖК депутаты, Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын вице-президенти Канат Исаев барган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КOK-BORU KG 🇰🇬 (@kokboru_kg)

Иш-чарада быйылкы Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрүнүн эрежеси талкууланып, тай казан маселеси талаш жаратты. Кыргыз тарап оюн кызыктуу болушу үчүн тай казан менен өткөрүү керектигин баса белгиледи. Бирок бул сунушту башка өлкөлөр колдогон жок, негизги жүйө катары мындай оюн кооптуу деп айтылды. Ошондой эле былтыр Астанада негизделген Дүйнөлүк көкпар ассоциациясы тай казансыз ойноо эрежесин киргизгени болду.

Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Финал по кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Тай казан чуусу: Астана түртмөлөгөн көкпардын көк бөрүдөн айырмасы эмнеде?
Натыйжада добуш менен чечүүгө өтүп, тай казан менен ойноого Кыргызстан гана макул деп кол көтөрдү. Башка мамлекеттер "тай казансыз ойнойбуз" деп добуш берди. Ошентип Көчмөндөр оюндарында көк бөрү казак тарап сунуштап, эл аралык эреже катары киргизген жобо менен өтөт.

Азырынча бул боюнча өлкөнүн Көк бөрү федерациясынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат.

Тай казан чуусу бир жылдан бери талаш жаратып келүүдө. Бирок кыргыз тарап буга чейин Көчмөндөр оюндарында көк бөрү кандай өтүп келсе, мында да ошол эреже менен ойнолорун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0