"Балам параспортчу менен чогуу машыкпайт" деген ата-энелер чыккан. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный секретарь Федерации паратхэквондо КР Азиз Боталиев
Генеральный секретарь Федерации паратхэквондо КР Азиз Боталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт эмне экенин билмек тургай, арип тааный элек кезинде Азиз Боталиевдин колуна тхэквондо боюнча машыктыруучунун визиткасы тиет. Туура 17 жылдан кийин ал сыйлыгы мол тажрыйбалуу спортчу гана болбостон, параспортчулардын машыктыруучусу да болуп чыгат.

КР Паратхэквондо федерациясынын башкы катчысы Азиз Боталиев параспортчулар, тагыраагы, майыптыгы бар спортчулар да мыкты боло аларын далилдөө үчүн беш окуучусунан баш тарткан.

— Машыктыруучулук үчүн өтө эле жаш көрүнөт экенсиз. Спорт менен качантан бери машыгасыз?

— 23 жаштамын, спортко аралашканыма 17 жыл болуп калды. Бул мезгил аралыгында бокс жана грэпплинг боюнча машыктым, бирок дал ушул тхэквондо түрү өзүмө жакын экенин аңдадым. Корей тилинен бул "беш кол, беш бут" деп которулат. Жашоо — бул дагы жол, аны кандай басып өтөрүбүз өзүбүзгө гана жараша: кандай максат коёбуз, кандай багытта алдыга жылабыз...

© Sputnik / Табылды КадырбековАзиз Боталиев: бокс жана грэпплинг боюнча машыктым, бирок дал ушул тхэквондо түрү өзүмө жакын экенин аңдадым. Беш жыл мурун машыктыруучулукка кадам таштагам.
Балам параспортчу менен чогуу машыкпайт деген ата-энелер чыккан. Маек - Sputnik Кыргызстан
Азиз Боталиев: бокс жана грэпплинг боюнча машыктым, бирок дал ушул тхэквондо түрү өзүмө жакын экенин аңдадым. Беш жыл мурун машыктыруучулукка кадам таштагам.

— Ата-энеңиздин багыты менен машыга баштадыңыз беле?

— Жок. Окууга да кире элек куракта болчумун, бирок окуучуларга көз салганды жакшы көрөр элем. Бир мектепке кирип бардым. Кире беришинде визитка таратып жатышыптыр, бирди алдым. Тамга тааныбагандыктан, ата-энеме алып келдим. Алар мага балдарды тхэквондо менен машыгууга чакырып жатышканын түшүндүрүп беришти. Мага жаңы бир нерседей туюлду, себеби каратэ менен кунг-фу тууралуу кинолордон эле укканбыз да. Анан мен да машыгууну чечтим. Болочок машыктыруучум менен ошентип тааныштык. Ал эми беш жыл мурун ал мага башкаларды машыктырууга мезгил жеткенин айтты.

— Эмнеге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды машыктыра баштадыңыз?

Девушка с ОВЗ Айдана Ниязбекова - Sputnik Кыргызстан
Үч жашынан баштап бою өспөй калган Айдана: мени жалооруп карабагыла!
— Жаңы ыкмаларды өздөштүрүү үчүн дүйнөлүк чемпионаттардан видеолорду көп көрөм. Бир жолкусунда капыстан параспортчулардын беттешин көрүп калдым. Эч кандай айырмасы жок экен: дени сак адамдардай эле эки спортчу чыгып, мелдешет. Ошондон тарта Кыргызстанда паратхэквондону өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды да машыгууга тартууну чечтим. Саламаттыгы чың адамга спортко аралашуу өтө жеңил, "Эл эмне деп айтат? Мени не деп карашат?" дегендей, өзүн-өзү психологиялык чектөөлөр болбойт. Эки-үч ай жарыя берип турдум, бирок эч ким келбеди. Бизде машыккан балдардын ата-энелерине да кайрылдым. Ошентип алгачкы параспортчум Нишан Жайналиева менен тааныштык.

Кийин машыктыруучу Убайдула Тохтурбаевдин жетекчилиги менен КР Паратхэквондо федерациясын түптөдүк. Жетекчиси ошол киши. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бардык адамдарды машыгууга чакыра кетейин. Машыгуулар Коммунаров жана Азовский көчөлөрүнүн кесилишинде (№41 мектеп), Карасаев көчөсүндө (№14 мектеп), Ленинград көчөсүндө (№75 мектеп), Токомбаев 31/1, Сүйөркулов көчөлөрүндө (№ 17 жана 62 мектептери), 3-кичирайондо (L Center спорткомплекси) жана 12-кичирайондо (№71 мектеп) өткөрүлөт. Айтмакчы, Нишан экөөбүз Азия чемпионатына катышып кайттык, мындан ары да алдыга гана умтулуу ниетиндебиз.

— Федерацияда канча киши машыгат?

— 60 спортчу жана үч параспортчу. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга машыгуу маалында эч кандай жеңилдик бербейм, алар калган спортчулар менен бирдей машыгышат. Бул алардын өзүнө болгон ишенимин өрчүтөт. Мисалы, Нишан дени сак балдар менен машыкмак тургай, жигиттер менен мелдешке чыгат. Ал эми эң башында ага жалпы топто машыгарын айтканымда Нишан: "Мени не деп карашат?" — деп ыйлаган. Көп спортчулардан ата-энеси менин бул чечимиме ыраазычылыгын билдиришет. Саламаттыгы чың балдар параспортчуларга кандай мамиле кылыш керектигин түшүнүшөт, алар өздөрүнөн эч айырмаланбастыгын көрүп турушат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБоталиев: саламаттыгы чың балдар параспортчуларга кандай мамиле кылыш керектигин түшүнүшөт, алар өздөрүнөн эч айырмаланбастыгын көрүп турушат. Ал эми параспортчулар үчүн машыгуу жабдыктарын, форманы биз өз эсебибизден сатып алып беребиз. Азия чемпионатына баратканда 20 уюмга кайрылдык, бирок ошонун ичинен эки ишкана гана бизди колдоду.
Балам параспортчу менен чогуу машыкпайт деген ата-энелер чыккан. Маек - Sputnik Кыргызстан
Боталиев: саламаттыгы чың балдар параспортчуларга кандай мамиле кылыш керектигин түшүнүшөт, алар өздөрүнөн эч айырмаланбастыгын көрүп турушат. Ал эми параспортчулар үчүн машыгуу жабдыктарын, форманы биз өз эсебибизден сатып алып беребиз. Азия чемпионатына баратканда 20 уюмга кайрылдык, бирок ошонун ичинен эки ишкана гана бизди колдоду.

— Чогуу машыктырууга караманча каршы ата-энелер барбы?

— Нишан жаңыдан федерацияга келгенде бир нече адам мага келип: "Бул кыз биздин балдар менен машыгабы? Чогуубу?" – дешти. Нишан дагы алардын балдарындай эле менин спортчум экенин айттым. Анан бардык ата-энелерге: "Кимде ким каршы болсо, коштошолу", — дедим. Ошентип беш спортчуну машыктыруудан баш тарттым. Бирок көп өтпөй алар натуура чечим экенин түшүнүп, кайра кайтууну суранышты. Уруксат бердим, себеби балдарда эмне айып? Бирок тарбиялануучулардын бир тобу башында эле бул демилгени кубатташкан.

— Ким каржылайт сиздерди?

Пауэрлифтинг боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси жана 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Паралимпиада оюндарындарынын катышуучусу Эсен Калиев - Sputnik Кыргызстан
Паралимпиадачы Эсен Калиев: тагдыр экен, уулумду жалгыз тарбиялайм
— Эч ким. Параспортчулар үчүн машыгуу жабдыктарын, форманы биз өз эсебибизден сатып алып беребиз. Азия чемпионатына баратканда 20 уюмга кайрылдык, бирок ошонун ичинен эки ишкана гана бизди колдоду. Эл жетишкендиктери арбын спортчуларга көмөктөшкүсү келет. Бирок адам бизнес түптөгөндө дароо эле миллион табууга ашыкпайт эмеспи. Биздин өлкөнү эл аралык деңгээлде элге тааныта ала турган жөндөмдүү жарандар арбын, бирок алардын баары каржылык колдоого муктаж.

Паратхэквондо боюнча Азия чемпионатында Кыргызстанды жалгыз Нишан таанытып келди. Казакстандан 22, Өзбекстандан 20 спортчу катышты. Анан калса ар бир командада машыктыруучу, психотерапевт жана врач да жүрөт, ал эми Кыргызстандан Нишан экөөбүз гана барганбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0