Шевченко чемпиондук курун коргой алабы. Букмекерлердин божомолу

© AFP / MATTHEW STOCKMAN / GETTY IMAGES NORTH AMERICAКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында эң жеңил салмак боюнча Джоанна Енджейчикти жеңип, UFC уюмунун чемпиону болгон.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Букмекерлердин божомолу боюнча америкалык Жессика Ай Шевченкону жеңе албайт.

UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко титулун коргоо үчүн биринчи беттешин америкалык Жессика Ай менен өткөрөт.

Чемпионка UFC Валентина Шевченко посетила дом-музей Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Шевченко мындай болорун күтпөптүр. Сапардын уюштуруучусу Кыдырмышев менен маек
Эки мушкер UFC 238 турниринин алкагында 8-июнь күнү Чикагодо (АКШ) кезигет.

"Марафон бет" букмекер конторасы төмөнкү коэффициенттерди койду: кыргызстандык мушкердин жеңишине — 1,095, америкалык Айга — 7,5. Ал эми Favbet конторасы көбүнчө Шевченкого ишенет: 1,08 жана 8. Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо жеңиш ыктымалдыгы ошончолук жогору.

Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында эң жеңил салмак боюнча Джоанна Енджейчикти жеңип, UFC уюмунун чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0