БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезер менен Лас-Вегастан башка жерде гана мушташат. Бул тууралуу россиялык спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
"Флойд Мейвезер, Лас-Вегаста эмес, алар менин акчамды бергиси келбей жатат", — деп жазган мушкер.
Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов 6-октябрда аталган шаарда ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешип, аны муунтуу ыкмасын колдонуу менен жеңген да, чемпиондугун сактап калган. Бирок соңунда октагондон ары секирип түшүп, Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэнис менен согушуп кете жаздаган. Ал арада октагондун ичиндеги Нурмагомедовдун команда мүчөлөрү Конор менен мушташып кетишкен. Мындан улам чемпиондук кур Хабибге бир топтон кийин берилген, ал эми жеңүүчү үчүн каралган 2 миллион доллар сый акыны мушкер ушу кезге чейин ала элек.
Андан соң Нурмагомедов видеокайрылуу жасап, бокс боюнча дүйнө чемпиону Флойд Мейвезерди таймашка чакырган. Ал өз кезегинде Хибибге, беттешүүгө даяр экенин айтып, "Лас-Вегасты дагы бир ирет даңазалап коелу" деп жооп берген.