Валентина Шевченко: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРПретендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын "сары кызы" Валентина Шевченкону азыр дүйнө эли тааныйт. Мушкер эң беделдүү делген UFC уюмунда ат салышып, жакында чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөм деп жаткан убагы.

Мушкер 8-сентябрь күнү Даллас (АКШ) шаарындагы UFC 228 турниринин алкагында эң жеңил салмактагы (57 кг.) чемпион Никко Монтанього каршы беттешет.

Валентина Шевченко убактысынын тардыгына карабай, океандын ары жагында туруп маек берди. Аны менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова баарлашты.

Шевченко маекте UFCдеги жолу, чемпиондук наамга даярдыгы, мурдагы атаандашы Аманда Нунис, эжеси Антонина менен беттешер беттешпеси тууралуу жана көп кеп кыла бербеген жеке жашоосу жөнүндө ооз ачты.

— Жакында чемпиондук наам үчүн Никко Монтаного каршы беттеш өткөрөсүз. Кантип, каякта, кимдердин жардамы менен даярданып жатасыз?

— Баардык беттештерге машыктыруучум Павел Федотов менен даярданып келем. Алгач машыгууну Флорида штатынын Майами шаарындагы "Hard Knock" жана Ки-Уэст аралындагы "Bone Island" залынан өткөрдүк. Жиу-житсу, ММА жана тайбокс боюнча абдан мыкты спарринг өнөктөштөр болду. Павел беттеш учурундагы бардык жагдайларды алдын алуу жолдорун көрсөттү.

Андан соң Лас-Вегаска кайтып келип, UFC Performance Institute машыгуу жайында даярдандык. Учурда Техастагы Хьюстон шаарындагы "Bushi Ban" академиясындабыз. Чемпиондук курду тагынуу үчүн бардык күч аракетимди жумшайм!

— Атаандашыңыз Никко Монтаньо тууралуу эмне деп айта аласыз? Анын кандай артыкчылык, кемчилик жактары бар?

— Монтаньо өзү ММА мушкери, ал партерде да, бокс ыкмасы менен да беттешет. UFC уюмунда алсыз мушкерлер жок, анын үстүнө чемпиондук курга оңой киши жетпейт.

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРВалентина Шевченко: UFC уюмунун чемпиондук курун тагынуу үчүн бардык күч аракетимди жумшайм!
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: UFC уюмунун чемпиондук курун тагынуу үчүн бардык күч аракетимди жумшайм!

— Букмекерлер "Шевченко атаандашын оңой эле жеңет" деп болжоп жатышат. Монтаньо болсо маектеринин биринде атаандашым мени мушкер катары "теңине албай, баалабай" жатат дептир. Ошондо бул беттеш сиз үчүн жеңил эле болот деп айтсак туурабы?

— Атаандаштарымдын баарына олуттуу мамиле жасайм. Аларды теңиңе албай коюу туура эмес, бой көтөрүүнүн өзү коркунучтуу нерсе. ММАде ыкмалардын техникасы өтө күчтүү, кылт эттиң дегиче ката кетирип алышың мүмкүн. 

Тайбокс жана жекеме-жеке таймаш боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
7 жылдан кийин Кыргызстанга келген Шевченко: "Ош" базардагы түртүшмөйдү да сагындым
— Жакында эле 61 килограммдан 57ге өттүңүз. Салмакты түшүрүүдө кыйынчылыктар жаралбайбы?

— Өзүмдүн мелдештеги салмактарым 60-61 килограмм. Жеңил машыгуулардан кийин бир-эки килограмм эттен түшүп калам. Андыктан салмагымды азайтам деп баш оорутпайм деле. Мен UFCге чыкканда дароо эле 57 килограммда күч сынашсам болмок, бирок ал убакта мындай категория жок эле. Ошол себептен 61ге кеткем.

61деги кыздардын көбү салмакты бери дегенде 10-15 килограмм түшүрчү. Салмакка түшүү аземинен кийин бир күн ичинде 5-6 килограмм кошуп алчу. Ал жакта бүт эле дене-бою чоң кыздар. Кыйынчылык тартчу деле эмесмин, бирок атаандаш оор болгондон кийин абайлап беттешиш керек эле. 57 килограмма салмакта өзүмдү эркин сезем, көп ыкманы колдонуп, кызуу кандуу беттеш тартууласаң болот. 

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРМушкер Валентина Шевченко: убагы келгенде 61 килограммга кайтып келип, Аманда Нуньес менен сүйлөшөм
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Мушкер Валентина Шевченко: убагы келгенде 61 килограммга кайтып келип, Аманда Нуньес менен сүйлөшөм

— Биринчи жолу 57 килограммда бразилиялык Прицсилла Качоэйра менен беттешип, жеңишти камсыздагансыз. Качоэйра эмнеси менен эсте калды?

— Агезде Качоэйра професионалдуу сегиз мелдештин жеңүүчүсү эле жана бир дагы утулган эмес. Ал кыздын өзү да, соккусу да күчтүү экен, ошого жараша соккуларды да жакшы көтөрөт экен. Бирок менин техникам менен тажрыйбам артык болду окшойт. Уруш өнөрүндө 25 жылдан бери жүрөм.

— Июнда эжеңиз Антонина UFC уюмунун тандоо турнирин утуп, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал дагы сиздикиндей 57 салмакта күч сынашмай болду. Бир күнү беттешип калабыз деп коркпойсузбу?

— Эжем менен бир октагонго чыгышым мүмкүн эмес. Ооба, салмак категориябыз бир, бирок ал UFC босогосун жаңы аттаган мушкер, биз экөөбүз эки башка жерде турабыз.

61 килограммда бүтпөй калган ишим бар. Мен өзүмдү Аманда Нунистен утулуп калдым деп эсептебейм, убагы келгенде аны менен сүйлөшөм.

— Аманда Нунис (61 кг.) быйыл декабрда Крис Сайборг (65 кг.) менен кармашат деген кептер болууда. Экөө тең эки салмакта чемпион эмеспи. Менимче Сайборг "машине", Нунис деле оңой мушкер эмес да… Сиздин божомолуңуз кандай? 

— Эки мушкер кызын тең спорттук деңгээли бир. Көп нерсе беттештин жүрүшүнө жараша болот.

— Тамаша менен айтканда эки кишинин башы бириккен жерде Хабиб Нурмагомедов менен Конор Магкрегордун беттеши тууралуу кеп. Буга божомолуңуз кандай?

— Ал экөөнүн деле спорттук жетишкендиги бир. Хабиб күрөштүн ыкмаларына басым жасайт. Конор болсо сокку узатып, дистанцияны кармайт. Конор да жакшы күрөшөт, аны бардыгы эле партерге жыга албайт. Андыктан эки мушкердин тең мүмкүнчүлүгү абдан чоң.

— ММА мушкерлеринин көксөгөнү UFC уюмунда ат салышуу. Аталган лигадагы жолуңуз тууралуу кеп салсаңыз.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
— Машыктыруучум Павел Федотов жаштайыман спорттогу жетишкендиктеримди көрүп Кыргызстанда профессионал мушкер болууга мүмкүнчүлүк аз экендигин түшүндү. Өсүп-өнүгүп, тажрыйба топтоо үчүн Россияга кетип, үч жыл ири мелдештерге катышып жүрдүк. Аягында ал жакта деле бизге тең келе турчу атаандаштар калган жок. Андан кийин Түштүк Америкадагы Перуга кеттик. Аякта сегиз жылдай Лима шаарында жана Амазонка дарыясынан алыс эмес жердеги чакан кыштакта жашадык. Абдан кызыктай жер болчу. Унаа менен бара турчу жол жок, учакка отуруп же бир нече күн кемеде сүзүп барчубуз. Перуда, Бразилияда, Аргентинада, Парагвайда машыгып, көптөгөн турнирлерге катыштык. Ал ортодо Таиландда жылына бир нече ай машыгуу өткөрүп келчүбүз.

2015-жылы мен аралаш мушташ боюнча америкалык ММА Legacy уюму менен, ал эми эжем Антонина тайбокс боюнча Lions Fight уюму менен келишим түздү. Ал эми жылдын аягында эле UFC уюмунда ат салышып калдым, Антонина быйыл аталган промоутерлик компаниянын тандоо турунан өтүп, келишим түздү. Журналисттердин айтымында, Америкада UFC уюмунда ат салышкан алгачкы эже-сиңдилер экенбиз. 

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРШевченко: мелдештерге ар убак бир машыктыруучу — Павел Федотов менен даярданып келебиз.
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Шевченко: мелдештерге ар убак бир машыктыруучу — Павел Федотов менен даярданып келебиз.

— Биздин мушкерлердин да кыялы UFC жол тартуу. Сиз кандай кеңеш бересиз?

— Сыртка чыгып тажрыйба топтогон жакшы. Маселен, Таиландга барса болот. Анан Азиядагы мыкты спорттук уюмдарда күч сынашуу зарыл. Эки-үч жыл өз алдыңча жашаганды жана ойлонгонду үйрөнүү керек. Англис тилин өздөштүрүп алган ашыкча болбойт. Тажрыйба топтогондон кийин андан аркы жолуң өзүңө белгилүү болот. Биздин спорчуларыздын ийгиликке жетишине терең ишенем.

— Учурда кыргызстандык кайсыл мушкердин аталган уюмга барууга мүмкүнчүлүгү бар, кимисине көбүрөөк ишенесиз?

— Бизде ММА 90-жылдардан бери өнүгүп келет жатат. Мен урматтаган спортчулар абдан көп. Машыктыруучубуз Павел Федотов мушкер Рафаель Физиевди UFC уюмуна сүйлөшүп берген. Физиев тайбокс федерациясынын тарбиялануучусу, Эмил Токтогоновдун окуучусу. Ал профессионалдуу мушкер экендигин көбү билсе керек. Үч жылдан бери Таиландда жашап, машыгып, өзү да машыктыруучулукту аркалап келет. Бул убакыт ичинде Корея, Кытай, Англиядагы беттештерге катышты. UFC матчмейкерлери аракетине көңүл буруп, 6-июлда тандоо туруна беттеш коюп берген. Бирок визанын айынан мелдешин өткөрүп жиберди. 

© Фото / предоставлено Валентиной ШевченкоКыргыздын "сары кызы" атка конгон Шевченко: Кыргызстанды абдан сагындым, баргым эле келип жатат.
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын "сары кызы" атка конгон Шевченко: Кыргызстанды абдан сагындым, баргым эле келип жатат.

— Спортко байланыштуу жетиштүү баарлаштык деп ойлойм. Жеке өзүңүзгө байланыштуу суроолордон узатсам, балагыңыз бөтөнчө өтсө керек, ээ?

— Катардагы кыздардыкындай эле болду. Мен деле курбуларым менен үйдө, короодо ойночумун. Айырмасы күндө кечки алтыдан сегизге чейин машыгуу залына барат элем. 

— Окуучулук күндөрчү? Залга баргандан кийин муштум түйгөн убактар болгонбу?

— Спорт залдан тышкары эркекке да, кызга да кол көтөрүп, уруш чыгарган эмесмин. Мени эң сонун курдаш балдар-кыздар курчап турган.

— Эмне себептен мектепти бүтүп спорт тармагына эмес, искусство жакка тапшырууну эп көрдүңүз?

— Маданият, анын ичинде кино өзүнө арбап турат. Андыктан кайсыл жакка тапшырарым белгилүү болду. Ошентип искусство институнун театр жана кино режиссеру адистигин алып чыктым. 

© Фото / из личного архива Валентины ШевченкоUFC мушкери: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, карьера күтпөйт
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
UFC мушкери: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, карьера күтпөйт

— Жылдызыңыз жанып турган, кыргызча айтканда "илебиңизге нан бышып" турган убак, киного же рекламага тартылууга сунуштар түшүп жатабы? Маселен, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Ронда Роузи азыр тасмага тартылып, бир нече компания менен иштешет.

— UFCдеги спорттук карьераң менен кинону айкалыштыруу кыйын. Анткен менен уюмдун иш-чара менен жыйындары камерасыз өтпөйт эмеспи.

— Бир нече ай мурда колуңузга бокстун дакисин ороп жаткан сүрөттү Instagram тармагына киргиздиңиз эле, көп өтпөй ал флешмобго айланып, сизди туурагандар көбөйүп кетти…

— Бардыгы кичинекей кыргыз кызынан башталбадыбы, ал мени туурап киргизген экен, калганы аны улап кетти. Көрүп калгандарымдын сүрөттөрүн кайра өзүм жүктөп коюп жаттым.

— Илгери Бишкекте көчөдө кетип баратканда сизге бейтааныш эркек тийишип, сумкаңызды тартып алганга аракет кылганда башыңыз менен мурдун сүзүп салган деген кептер бар…

Mara Team Management промоутерлик компаниясынын жетекчиси Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Россиялык Емельяненко менен иштеше баштадым. ММА менеджери менен маек
— Окуя Бишкекте эмес, Кара деңиздеги Туапсе шаарында болгон жана бейтааныш эркек менин телефонумду алгысы келген. Сочиден бери поезд менен келип вокзалдан жаңы түшкөм. Эшик караңгы, кычыраган кышта кар себелеп жаткан. Жанымда спорттук экипировка салынган чоң рюкзак бар эле. Машыктыруучума ама- эсен жетип алдым деп чалайын дегенде ошол окуя болуп кетти… Башым менен сүзгөнгө туура келди, колум бош эмес болчу да. Ал жыгылып калган, ордунан тургандан кийин телефонду алгысы келбей калды окшойт.

— Машыктыруучуңуз Павел Федотов менен Перудагы кафелердин биринде атышууга кабылбадыңыздар беле. Ошол учурду учкай эстей кетсеңиз, окуя кандайча болгон?

— Бизге кол салуулар биринчи жолу болуп жаткан жок, бирок курал колдонгон учурлар болгон эмес. Биз мыкты даярдыкта болгон үчүн кырдаалдан чыгып кеттик. Баса, Перуда талап-тоноочулук чанда кездешет.

Бирок биз отурган ресторанда баары башкача болду. Павел мени жана айланадагы адамдарды коргоп жатты, бирок атышуу башталганда өзү жаракат алып калды. Кол салган төрт кишинин колунда тапанча менен револьверлери бар болчу. Үчөө залга кирип келди, бирөө сыртта кайтарып турду. Уурулар аткылап баштаганда октор тимеле чырылдай учуп жаткандай туюлду. Павел ич жакка жаракат алды, ок аны тешип өтүптүр, дарыгерлердин айтымында, ажалдан аз эле жерден калган. Ошентип ага операция жасалып, эки жума ооруканада жатып анан жакшы болду. Баса, эртеси практикалык ок атуу боюнча Перу мамлекетинин кубогунан күмүш медаль алгам. 

© Фото / Jeff SainlarВалентина Шевченко: эжем Антонина менен салмагым бир болгону менен эч качан беттешке чыкпайбыз
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: эжем Антонина менен салмагым бир болгону менен эч качан беттешке чыкпайбыз

— Элди көбүнчө белгилүү адамдардын жеке жашоосу кызыктырат. Турмушка кайсыл куракта чыгууну пландап жатасыз?

— Турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, 20, 30, 40 жашыңда деле күйөөгө тийсең болот. Ал эми ийгиликтүү карьераны жасагандан кечигип калышың мүмкүн.

Үй-бүлөлүк жашоо спорт сыяктуу эле олуттуу нерсе. Бул жерде сага биринчи кезекте кайсынысы зарыл, маанилүү жана кызыктуу экендигин тандашың керек. Жашооң да ошого жараша болот.

— Мекендештер сизге мелдештер учурунда абдан жан тартып, күйөрмандык кылышат. Кыргызстанга качан келейин деген план бар?

WEF, JFC жана башка спорттук мелдештерде чемпиондорго тагылган курлардын дизайнери Кубаныч Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Аманбеков: "депутаттын баласымын" деп апамдын атын колдонбойм
— Чынын айтсам, өлкөмдү абдан сагындым, баргым эле келип жатат. Мекендештердин колдоосу мен үчүн абдан маанилүү жана жагымдуу. Ар дайым эстеп тургандарына кубанам.

2006-жылы Ардак грамота, былтыр КМШ парламент аралык Ассамблеясынын Ардактуу наамы ыйгарылып, быйыл болсо төрага Дастан Жумабеков спорттогу жетишкендиктерим үчүн кол саат менен сыйлаган.

Ошондой эле ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов беттештеримди көргөнө эки жолу келген.

Мени бир нече ирет өлкөмдөгү уюм, бирикмелер келип кетүүгө чакырышкан. Албетте, командам менен жеке өзүмдүн чыгымдарын төгүп берүүгө даяр эле. Бирок эжем экөөбүздүн мелдештерибизге байланыштуу машыгууну үзгүлтүккө учураткыбыз келген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0