Өлкөдө бардык талаптарга төп келген спорттук поликлиника жок, окуу жайлардан адистер даярдалбайт. Совет убагынан бери иштеп келе жаткан жалгыз спорттук дарыгер Бактыгүл Алишева бар. Бир дарыгер Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен каттоодон өткөн 108 федерациянын спортчусун караганга жетишеби? Каттоодон өтпөгөн канча дагы клуб, федерациялар бар? Спортчулардын ден соолугун чыңдабай туруп, медаль үмүт кылган туурабы?
Материал жасап жатып, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Саламаттыкты сактоо министрлиги маселеге көңүл буруп жаткандыгын уктук, бирок аракеттер азырынча кагаз жүзүндө.
Мушкерлердин көзүнөн учкан медицина
ММА мушкери Актилек Жумабек уулу ал спорттук дарыгер катары медициналык билими бар адиске эмес, спорттук залдарында машыктыруучу болуп жүргөндөргө кайрылат.
Актилек Жумабек уулунун башка спортчулардай эле салмак түшүрүү, ден соолукту калыбына келтирүүчү дары-дармектерди ичүү, витаминдерди туура колдонуу боюнча суроолору көп. Кызыгы, бул жаатта ага кеңеш берген ак халатчан дарыгерлер эмес, "залдагы тааныш байкелер". Эмнеге?
"Кокус, жаракат алып калсак эл барган эле бейтапканага жатабыз. Маселен, мен жылына бир-эки жолу башы-көзүмдү тарттырып турам, анда деле катардагы дарыгерлер тейлешет. Атайын спорттук дарыгерлер бар деп угам, алар олимпиадалык спорттун өкүлдөрүн караса керек. Мага медицина жаатында залдагы байкелердин бири кеп-кеңеш берип турат. Эми айла жок, атайын спорттук дарыгерге кол жетпесе, алар жок болсо эмне кылабыз. Мени менен чогуу машыккан балдарда, досторумда деле ушундай көйгөй, — деди спортчу.
Спортто "Алгыр" каймана аты менен таанымал Актилек Жумабек уулу кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global спорттук лигасы менен NAGA грэпплингден дүйнө чемпиону.
Машыктыруучу: дарыгер жок болгондуктан интернетти чукулап, кеп-кеңеш издейм
КРдин Грэпплинг боюнча федерациясынын жана FIGHTER KG спорт клубунун президенти, машыктыруучу Кенжебек Чекировдун айтымында, спорт тармагы спорттук медиктерге болуп көрбөгөндөй суусап турат. Бул көйгөй өзгөчө спортчуларды мелдештерге даярдаганда оркоюп чыгат. Чекиров айласы куруганда интернетти чукулап, анан калса коңшу өлкөдөгү кесиптештери аркылуу кеп-кеңеш алаарын айтат. Аны санаага салганы — балдардын эртеңки жашоосу. Бүгүн жарк эткен чемпиондор эртең бүк түшүп калабы деп кабатыр.
"Машыктыруучулардын билим деңгээли адамдын физиологиясын аныктаганга жетпейт. Керек болсо жөнөкөй дарыгердин да тажрыйбасы аздык кылат. Ар бир спортчунун организми өзгөчө. Маселен, салмактан арылгандын же кошкондун, булчуңдарды калыбына келтирүүнүн жол-жобосун билип, дары-дармек сунушташ керек. Азыр дарынын көбүндө химиялык кошулма бар. Жөнү менен колдонбосо ден соолукту талкалайт", — дейт машыктыруучу.
Чекировдун өлкөдө спорттук атайын поликлиника ачылып, ЖОЖдон ушул багыттагы адистерди даярдалып чыкса дегенде эки көзү төрт.
Ал эми футболчу Азамат Байматов да өлкөдөгү спорттук медицинанын иши жогорку деңгээлде эместигин айтат. Маселен, футболчу ойногон Латвия, Бахрейн, Индонезия мамлекеттеринде спорттук медицинага абдан көңүл бурушат.
"Негизи ар бир федерацияда же клубда спорттук дарыгерлер болушу керек. Бизде адистер жетишсиз. Заманбап медициналык аппарат, жабдуулар жокко эсе. Болсо да жеке медициналык борборлордон табуу мүмүкүн, бирок кымбат", — деди Байматов.
Футболчу маселе каражатка барып такалып жатканын кошумчалады.
Өлкө качантан бери спорт медицинасы жаатында аксап келет?
Оор атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин айтымында, совет учурунда өлкөдө республикалык, шаардык ден соолукту чыңдаган спорттук диспансерлер иштеген, азыр алардын дайыны жок. Учурда Бишкекте медициналык кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борбору иш алып барат. Бирок ал жакта деле адистер жетишсиз.
"Биздин убакта мамлекеттик идеология, тарбия-таалим маселеси, окуу, медицина деги эле бардыгы жакшы жолго коюлган эле. Ден соолукту чыңдаган спорттук диспансерлер болгон. Жылына эки жолу шарттуу түрдө өтүп турчубуз. Алар кийин жоюлду. Азыркы менен өткөндү салыштырса сөз бүтпөйт. Эң башкы максат келечекте ири медициналык жай куруш керек!" — деди Осмоналиев.
Ошондой эле Осмоналиев ар бир спортчу мамлекеттин камкордугунан мурда ден соолугуна өзү жоопкер болушу керек деп эсептейт.
Айтбаев: спорттук медицина боюнча факультеттин кереги жок
Бишкек шаардык Кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борборунун башкы дарыгери Сагындык Айтбаевдин айтымында, илгертеден бери өлкөдө спорт дарыгерлери даярдалбайт. Ал гана эмес советтик спорт дарыгерлеринин көбү бир гана Эстониядан билим алып келишчү.
Айтбаев жогорку окуу жайларда спорттук медицина боюнча факультеттерди ачуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт.
"Спортчулардын организми деле катардагы адамдыкындай да. Маселен, башка факультетти бүткөн адистин эле билимин спорт медицинасы жаатында жогорулатса болот. Маселен, эки жыл мурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында спорттук медицина боюнча ординатура ачылган. Учурда төртөө окуп жатат, экөөсүн жумушка алганбыз. Мындан тышкары кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунда бөлүм ачылган", — деди Айтбаев.
Ошондой эле башкы дарыгер спорт борборунда алты адис иштей турганын кошумчалады.
Мамлекет эми көңүл буруп баштады. Азырынча кагаз жүзүндө
Учурда мамагенттиктен каттоодон өткөн 108 федерация бар. Буга спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук спорттун түрлөрү кирет. Ушунун баарындагы спортчулардын ден соолугун караган жалгыз спорттук дарыгер — Бактыгүл Алишова. Кошумча 12 илимий кызматкер бар. Алишова келишим менен иштесе, илимий кызматкерлер жарым ставкада эмгектенет.
Кызыгы, биз спорттук медицинаны иликтеп жатып ага жакынкы күндөрү көңүл бурула тургандыгын уктук, анткен менен маселе азырынча кагаз жүзүндө каралып жатат.
"2-3 жума мурда вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Мамагенттиктин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жыйын курду. Иш-чаранын алкагында спорттук медициналык борбор куруп жана ушул багыттагы адистерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, долбоордун жобосу сунушталды. Күз айларына чейин так чечим чыгат деп ойлойм", — деди Аманкулов.
Аманкуловдун пикиринде, долбоор ишке кирип, андан соң кыялдагы спорт борбору курулуп, кызматкерлерди өстүрүүгө алды эки жылдай убакыт керек. Ошондой эле мындай кадамдарга спортчулар психологиялык жактан даяр болушу зарыл деп эсептейт.
Жетекчи спорт борбору курама командаларга кызмат көрсөткөндөн тышкары спорт сүйүүчүлөргө да багыттала тургандыгын кошумчалады.
Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?
Аталган министрликке байланышканыбызда юридикалык бөлүмүнүн башкы адиси Азамат Жумакеев учурда долбоордун жобосун юридикалык каттоодон өткөрүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди.
Р.S Редакция маселенин мындан кийинки процесстерине көз салып турмакчы. Өлкөдө бирдиктүү спорт медициналык жайы ачылып, адистердин жетиштүү деңгээлде даярдалышы учурдун талабы. Мамлекет олимпиадалык спорттун өкүлдөрүнө кошуп олимпиадалык эмес спортту аркалаган балдардын ден соолугуна кам көрүүнү унутпашы шарт. Себеби бардык спортчулардын максаты мамлекеттин желегин желбиретип, алыска таанытуу.