Өлкөдө ДНК анализи жасала баштайт. Күмөн санаган аталардын үмүтү акталабы?

© AFP / FRANK PERRYЛабораториялык анализ. Архив
Лабораториялык анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда дээрлик жүргүзүлбөгөн ДНК анализдери жакынкы күндөрү жасала баштай турганы күтүлүүдө. Бирок азырынча анализдер органдарды алмаштырууда клеткалардын дал келүүсүн аныктоого багытталган.

Ал ортодо коомчулук аталыкты тастыктоодо, адамдын өздүгүн (каза болгондо) билүүдө кыйынчылыкка тушугуп, анализдердин жыйынтыгын чет өлкөдөн алдырып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ДНК анализинин өлкөдөгү абалы, муктаждыгы жана баасы тууралуу адистерден сураштырып көрдү.

ДНК деген эмне?

Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Арыкташ керек эле... Адистер семирип кетүүнүн 10 себебин айтты
Дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК — ред.) — адамдын жана жаныбардын клеткасында генетикалык маалыматты сактай турган биополимер.

ДНК анализинин жардамы менен медицинада тукум кууган ооруларды аныктоого жана алдын алууга, адамдын өздүгүн тактоого (каза болгондо таанылгыс болуп калса), ошондой эле ички органдарды (бөйрөк, жүрөк) алмаштыруу үчүн клеткалардын дал келүүчүлүгүн билүүдө, аталык менен энеликти тастыктоодо колдонулат.

Жакында Кыргызстанда ДНК анализдери жүргүзүлө баштайбы?

Буга чейин өлкөдө ДНК анализдери дээрлик жүргүзүлбөй келген. Бир жыл мурда Саламаттык сактоо министрлигинде 2018-жылдан тарта республикада ишке ашырыла тургандыгы айтылган.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөө лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиеванын айтымында, ДНК анализдери апрелдин ортосунан баштап жасала баштайт. Бирок алгач аталган анализдер органдарды алмаштырууда дал келүүчүлүктү аныктоо үчүн пайдаланылат.

© Sputnik / Табылды КадырбековОоруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөө лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиеван
Руководитель лаборатории молекулярно-генетических и диагностических исследований Минздрава Дамира Аширалиева - Sputnik Кыргызстан
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөө лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиеван

"Анализдер өтө кылдаттык менен жасалышы керек. 2-10 апрель күндөрү биздин адис Москвадагы трансплантология жана иммунология институтунан окуудан өтүп келет. 5-апрелден тарта реактивдер (анализ жасоо үчүн колдонулган заттар — ред) алынып келинсе, 15-апрелден кийин алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштайбыз. Бирок биринчи аракеттер органдарды алмаштырууда клеткалардын бири-бирине төп келүүсүн аныктоо үчүн жасалат. Анализ бейтаптын каны аркылуу жасалат," — деди Ашыралиева.

Кош бойлуу келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын согончогу эмне үчүн канабайт? 6 себеп
Анын айтымында, кыргызстандык дарыгер-хирургдар дал ушул анализ чыгарылбагандыктан органдарды алмаштыруу операциясын жасай албай келет.

ДНК жыйынтыгы үчүн бейтаптар 7-10 миң сомдун тегерегинде төлөшү ыктымал, орган алмаштырууда рецепинет менен донорду кошкондо чыгымдалчу каражат 18 миңдин тегерегин түзөт.

Маселен криминалистикада жана соттук-медициналык изилдөөдө ДНК анализди аныктоодо адистер чет мамлекетке кайрылууга аргасыз. Адамдын сөөгү таанылбай калган учурда маркумдун туугандарынан макулдук алып, анализди чет өлкөгө жиберишет.

Ашыралиеванын айтымында, чет өлкөгө анализ жиберүү чоң каражат жана иш кагаздарын даярдоого убакытты көп талап кылат.

"Өзгөчө 2010-жылдагы кандуу окуяларда, былтыр учак кулаганда маркумдардын тек-жайын тактоо кыйынга турду. Маркумдун анализинин жыйынтыгын жөнөтүп, кайра алуу убакытты да, көп каражатты да талап кылат. Жабдыктар, химиялык заттар кымбат," — деди адис.

Дамира Ашыралиева Саламаттык сактоо министрлигинде ДНК анализдеринин бардык түрүн ишке ашыруу пландалып жатканын кошумчалады.

Аталыкты аныктоого шашылган аталар…

Кыргызстанда ДНК жүргүзүлбөсө да борбор калаада аталган анализди чет мамлекетке жөнөтүп, аныктап берген лаборатория бар. Алардын бири "Интелмед" — Бонецкий" күмөн санаган аталарга үмүт берип келет.

© Фото / Наталья БабакЛабораториянын өндүрүштүк директору Ирина Калиничева
Производственный директор Интелмед — Бонецкий Ирина Калиничева - Sputnik Кыргызстан
Лабораториянын өндүрүштүк директору Ирина Калиничева

Лабораториянын өндүрүштүк директору Ирина Калиничеванын айтымында, борборго отуз жашка чейинки жубайлар көбүрөөк кайрылат.

Незаконные аборты в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Дары-дармек менен бойдон алдыруунун кесепети. Гинекологдун түшүндүрмөсү
"Биз Америкадагы аталыкты жана туугандыкты тастыктаган DNA Diagnostics Center лабораториясы менен иш алып барабыз. Баланын ооз көңдөйүнөн шилекей алынып, ага эки сыйра анализ жасалып, бири-бирине салыштырылып жыйынтык чыгат. Эгер жыйынтыгы 99,9 пайыз болсо, бала анализ тапшырган адамдан деп эсептелет. Ал эми дал келүүчүлүк 0 пайызды көрсөтсө жыйынтык терс деп саналат. Кардарларыбыздын көбү жаш үй-бүлөлөр" — деди адис.

Ошондой эле анализди энеликти аныктоодо, маселен төрөт үйүнөн бала алмашты деген учурда дагы пайдаланылат.

Анализ эки жол менен алынат. Эгер кардар өзү үчүн ала турган болсо 18 миң сомдун тегереги, эгер сот иши менен байланыштуу болсо (алимент же башка маселелер) кагаз иштерин эске алуу менен 45 миң сомго чукулдап барат. Жыйынтык 1-3 жума ичинде чыгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0