Кыргызстандык дзюдочу кыздар Европа кубогу үчүн ат салышат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүДзюдо. Чемпионат мира. Пятый день
Дзюдо. Чемпионат мира. Пятый день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештен кийин спортчулар үч күн атайын машыгуу өткөрөт.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча кыз-келиндердин курама командасы Европа кубогуна катыша тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "Тайсон" атаандашын муунтуп салды. Ахмат турнириндеги видео
Мелдеш 11-13 май күндөрү Россиянын Оренбург шаарында өтөт. Анда өлкө намысын Назима Амантурова (52 кг), Ксения Бельдигина (57 кг), Зирегүл Кадырова (63 кг) жана Айжан Кадырбекова (70 кг) коргойт. Спортчуларды башкы машыктыруучу Талантбек Дүйшөнбеков коштоп барат.

Мелдештен кийин спортчулар үч күн атайын машыгуу өткөрөт.

Дзюдо боюнча курама командага спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 108 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0