Соккудан өлүп калабы деп корктум. Ринг-анонсер Мусаевдин ыймандай сыры

© Фото / федерация WEFРинг-анонсер Кайрат Мусаев
Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер Актилек Жумабек уулу атаандашын сол буту менен өзөртө тепкенде, октагонго 500дөй киши агылып кирип, коопсуздук кызматкерлерине баш бербей коет. Мындай кырдаалды бирөө жөнгө салышы керек эле. Ринг-анонсер Кайрат Мусаев операторго "камераңды бир аз пауза кыла турчу, сөгүнүп алайын" деп суранды...

Бүгүн Кайрат Кыргызстанда ринг-анонсер катары кеңири таанымал. Анын зал жаңырткан кубаттуу үнүнө WEF уюмунун турнирлеринен күбө болууга болот. Мусаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ринг-алып баруучулук кесибинин күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

— Кайрат мырза, сизди акыркы жылдары WEF уюмунун жүзү катары таанып калдык. Аталган федерация менен кантип иштешип калгансыз?

— Уюмдун ринг-анонсери болушума WEF федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов себепкер. Аны менен WEF ачылганга чейин өзү президенттикти аркалаган Вале-Тудо федерациясынын мелдештерин өткөрүп келгенбиз. Анда элдин саны аз, беттеш акысыз, кыскасы катардагыдай өтчү. Ошондо ММА турнирлерине элди кызыгуусун арттырып, мелдешти чет элдик лига сыяктуу шоунун коштоосунда тартуулоону максат кылганбыз.

2014-жылы кулатуу улуттук спорту дүйнөлүк статуска ээ болуп, WEF (World ertaymash Federation — ред.) аталышында турнир өткөрө баштады. Алып баруучулук шыбагасы мага буюрганына кубанам. Баштапкы турнирлерди тейлегенимди эстесем күлкүм келет. Көч бара-бара түзөлөт деген чын экен. Андан бери элге 54 мелдеш тартуулап, жакшы тажрыйба топтодум. 

© Sputnik / Эркин СадыковКайрат Мусаев: ушу кезге чейин элге 54 мелдеш тартуулап, жакшы тажрыйба топтодум
Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Мусаев: ушу кезге чейин элге 54 мелдеш тартуулап, жакшы тажрыйба топтодум

— Федерациянын мелдештери төрт түрдүү серияда өтөт. Сурайын дегеним, эмне үчүн анын ири беттештерине гана басым жасайсыз?

— Туура. Турнирдин спортчулардын деңгээлине жараша төрт сериясы бар. Amateur спорт сүйүүчүлөр арасында, Selection тандап алуу, ProfFight профессионал мушкерлердин күч сынашуусу, Global сериясында эң мыктылар кыл чайнашат. Мен акыркы эки беттешке көбүрөөк басым жасайм. Себеби спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдеште өспүрүмдөр чыгат. Октагонго аларды кыйкырып, кубаттап чакыруу ыңгайсыз. Анын үстүнө шоу болбойт.

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
— WEF федерациясы менен ортодо кандай келишимдер бар? Сыр болбосо канча каражат аласыз?

— Уюмдун президенти Руслан Кыдырмышев "Global 20га чейин алып барсаң Mercedes-Benz W221 унаасын белекке берем" деген. "Аз калды, шеф" деп тамашалап калам. Кудайга шүгүр, төлөп бергендери жетет. Мен азыр атым үчүн иштейм. Талаптар боюнча айтсам, WEFтен башка уюмдун турнирин тейлебейм. Бул — менин аброюм. Себеби көп эле лигалар бүгүн бар да эртең жок.

— Ринг-анонсер болуу оорбу? Иш учурундагы айрым окуяларга токтоло кетсеңиз.

— Алып баруучуну башкы калыс десе да жарашат. Анын сөзү көрүүчүлөргө, спортчуларга жана машыктыруучуларга өтүмдүү болушу керек. Түрдүү кырдаалдар болот. Сага баш бербей, каалаганын жасайм дегендер бар.

2010-жылы Кыргызстан менен Казакстан командасынын мелдештик жолугушуусу өтүп жатат. Эл кылкылдайт. Жыйынтык 4:4. Чечүүчү кармашта биздин Актилек Жумабек уулу атаандашын сол буту менен ичке тепкенде ал өзөрүп отуруп калды. Ошондо 500дөй көрүүчү октагонду көздөй агылып кирип, Актилекти асманга көкөлөтө ыргытышты. Беттеш аягына чыгып, али ким жеңүүчү экендиги билине элек болчу. Коопсуздук кызматкерлери эч нерсе кыла албай калды. Кыйкырап атам, урушуп атам, эч кимиси укпайт. Бир маалда операторлорго "камераңды бир аз пауза кыла турчу, сөгүнүп алайын" дедим. Анан намыска тийчү сөздөрдү айтып, абалды жөнгө салдым. Беттеш кайрадан улантылып, Актилек намыска жарап атаандашын нокаут менен утуп алды. 

— Ооба, көрүүчүлөр үчүн абдан тынчсызданат экенсиз. Бир жолу беттешти Россиянын "Матч ТВ" телеканалы түз алып көрсөтөрүн айтып, тынч отуруп бергиле деп сурандыңыз эле…

— Биринчиден эрежесиз урушка кызыккан адамдарга ыраазычылык билдирем. Бирок оюн көрүү маданиятыбыз төмөн. Спорт сарайы 2240 адамга ылайыкташкан болсо, беттеште 3 миңден ашып кетет. Эшик андан бешпетер шыкалып, көрүүчүлөр сыгылып араң кирет. Жөн кирбей коопсуздук кызматкерлери менен мушташып, эшик-терезени талкалап келишет. Орун албай туруп алышып, башкаларга тоскоолдук жаратат. Дагы бир жагдай, өзүбүздү колдогонду билбейбиз. Мушкерлер утулуп жатса, көз көрүнө "мүшөксүңбү, иштебейсиңби!" деген сыяктуу сөздөрдү айтышат.

WEF Global уюмунун 22 жаштагы жаңы чемпиону Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
WEF чемпиону Пазылов: Ариетти утуп алаарыма мурда эле көзүм жетчү
— Көрүүчүлөр боюнча түшүнүктүү болду. Спортчулардын маданияттуулугуна кандай баа бересиз?

— Мушкерлерибиз маданияттуу болгонду эми үйрөнүп келе жатышат. Мурда беттешке чейинки жыйынга спорттук кийимдер менен келе беришчү. Азыр классикалык костюмдарды кийип, ал гана эмес шоу үчүн түртүшүп ийип, трешток (какшык иретинде кайрым айтышуу — ред.) ыргытышканды үйрөнүп алышты. Алар Instagram баракчасында белгилүү. Баары менен сый мамиледемин.

— Спортчуларды октагонго чакырганда жана жеңүүчүнү жарыялоодо үндү катуу чыгарасыз. Узун ысымдарды атоо кыйынбы?

— Бизге файткард, башкача айтканда, спортчулардын ысымы, бой-салмагы, жетишкендиктери, өлкөсү жазылган кагаз мелдеш күнү берилет. Ага чейин тизме улам өзгөрүлүп, салмак куубаган спортчулар киргизилбей калат. Кыргыздар менен өзбек мушкерлеринин ысымы татаал. Кээде спортчулардын наамы, бой-салмагы туура эмес окулуп калат. Бир жолу "анын бою 178 сантиметр" деп айтам деп "салмагы" деп алгам. Октагондон чыккандан кийин "неге менин наамымды туура окубайсың. баланчада чемпион болчумун" дегендер бар. Ошолордун бетине файткардды жабыштырып салгым келет. Мен кандай жазылса ошондой окуйм да. Айрым спортчулар сабатсыздыктын айынан аттарын туура эмес жазып жөнөтүшөт да, ал ошол боюнча протоколго жазылып калат.

© Sputnik / Табылды КадырбековМусаев: катуу үндү элдин эмоциясы менен толкуну жаратат. Жөн турганда антип кыйкыра албайм
Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Мусаев: катуу үндү элдин эмоциясы менен толкуну жаратат. Жөн турганда антип кыйкыра албайм

— Кубаттуу үн, келбет, чымыр дене — бул ринг-анонсерде сөзсүз болчу талаптарбы?

— Катуу үндү элдин эмоциясы менен толкуну жаратат. Жөн турганда антип кыйкыра албайм. Үйдөн атайын көнүгүүлөрдү кылып, машыкпайм деле. Адамдын үнүнүн диапазонунан да болот окшойт. Мен кыйкырып жатканда колонканы кичирейтип койгон учурлар болот. Башкысы — залдагы элдин маанайын сезишиң керек. Эки тарап башка сезимде болсо байланыш жок деп эсептелет. Биринчи кезекте алып баруучу беттешке өзү кызыкдар болушу керек. Мен ар бир турнирди кызыгуу менен күтөм. Кимиси утуп кетет экен деп күтүп, тымызын күйөрмандык кылып турам.

Өтө келишимдүү болуу талап эмес. Биз диктор эмеспиз да. Бирок боюң узун болгону жакшы, мушкерлерден айырмаланып турасың. Өзүм спорттун бокс, айкидо түрлөрү менен машыгып, ден соолугума байланыштуу таштап койдум. 

Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону  Улан Касымбеков - Sputnik Кыргызстан
Дартымды ойлоп баратып КамАЗды сүзүп алгам. Кикбоксчу Улан Касымбековдун маеги
— ММА кандуу спорт дешет. Мушкерлерге боор ооруган учур болдубу?

— Башында алып барып жүргөндө канды көрсөм денем дүркүрөп, көзүмдү ала качып, соккудан өлүп калышпайбы деп сарсанаа боло берчүмүн. Азыр хирургдай эле болуп калдым. Маңдай жарган соккулар менен нокауттар спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдеште көп болот. Тажрыйбасы аз балдар эр жүрөк келет да, кара күчкө таянып баатырлардай салгылашат. Тажрыйбалуу спортчулар оңой менен кебек алдырбайт. Өтө сак жана кызыксыз беттеш алып барышат.

Мага да кызуу кандуу беттештер жагат. Бир жолу Токмоктогу турнирде кыргызстандык мушкер Кямран Аббасовго абдан баа берип калгам. Адатта мушкерлер жылып иштейт го, ал атаандашы экөө бир орунда катыган боюнча соккуларды узата берип, акырында беттеринин тамтыгы калбай калган. Акырында Кямран жеңген. Анан реванш беттештер аябай жагат. Кимиси утат экен деп аябай күтөм. 

© Sputnik / Эркин СадыковКайрат Мусаев: 1,5 жыл мурда Россиянын M-1 Global уюмунун өкүлдөрү социалдык тармак аркылуу сунуш кылган. Бирок мага алардын эмгек акысы жаккан жок. Мен дагы өз талабымды койдум эле, жооп жазышкан жок
Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Мусаев: 1,5 жыл мурда Россиянын M-1 Global уюмунун өкүлдөрү социалдык тармак аркылуу сунуш кылган. Бирок мага алардын эмгек акысы жаккан жок. Мен дагы өз талабымды койдум эле, жооп жазышкан жок

— WEF уюмунун турнирлерин Орто Азияда, Россияда, Иранда алып барып жүрөсүз. Сырттан иштешкенге сунуш түштү беле?

— 1,5 жыл мурда Россиянын M-1 Global уюмунун өкүлдөрү социалдык тармак аркылуу сунуш кылган. Бирок мага алардын эмгек акысы жаккан жок. Мен дагы өз талабымды койдум эле, жооп жазышкан жок. Досторум "андай беделдүү уюмдарда бекер иштегенге да даяр болушуң керек эле" деп какшыкташты. Өзүм чыгармачылыкка да жакынмын. Кыргызстанга чет өлкөдөн көп эле ырчыны алып келдик. Ошондуктан сырттан келген адамдарды каржылоо түйшүк экендигин жакшы билем. 

— Ринг-анонсерликке чейин эмне менен алектенгенсиз?

— 14 жашыман тарта официант болуп иштегем. Биздин убакта официнат болуу — ири мектептен өтүү эле. Анда балдарды бой келбетине, мүнөзүнө, тил табышканына карап тандап алчу. Досторубузга официант экенибизди сыймыктануу менен айтчубуз. Андан кийин ресторатор, менеджер, түнкү клубда арт-директор болдум. Мындай кесип менен Кытайда, Көлдө, Бишкекте көп иштедим. Режиссура жаатында да алектенем. Буга чейин тасмаларга сценарий жазып, жарнама ишине жардам берип келгем. Ал эми ринг-анонсерлик мен үчүн — хобби. Бир гана спортто эмес, маданий иш-чараларда да кызмат кылам.

© Sputnik / Табылды КадырбековРинг-анонсер: мушкерлерибиз маданияттуу болгонду эми үйрөнүп келе жатышат. Мурда беттешке чейинки жыйынга спорттук кийимдер менен келе беришчү. Азыр классикалык костюмдарды кийип, ал гана эмес шоу үчүн түртүшүп ийип, трешток ыргытышканды үйрөнүп алышты.
Ринг-анонсер Кайрат Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Ринг-анонсер: мушкерлерибиз маданияттуу болгонду эми үйрөнүп келе жатышат. Мурда беттешке чейинки жыйынга спорттук кийимдер менен келе беришчү. Азыр классикалык костюмдарды кийип, ал гана эмес шоу үчүн түртүшүп ийип, трешток ыргытышканды үйрөнүп алышты.

— Социалдык тармакка уулуңуз менен түшкөн сүрөттөрдү көрүп калам.

— Уулум Адемир 6 жашта. Жубайым менен катуу арзышып жүрүп баш коштук эле. Кийин максаттарыбыз туура келбей калды. Ажырашкандан кийин көп убакыт чөгүп жүрдүм. Азыр ага эч кандай жек көрүүм жок, тескерисинче, бир тууганымдай эле жакшы көрөм. Оюмдагыдай кыз болсо үйлөнөм. Азыр кыздар Instagram баракчасына байланган. Бул адаттан алыс болушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0