WEF чемпиону Пазылов: Ариетти утуп алаарыма мурда эле көзүм жетчү

© Sputnik / Жоомарт УраимовWEF Global уюмунун 22 жаштагы жаңы чемпиону Мырзамидин Пазылов
WEF Global уюмунун 22 жаштагы жаңы чемпиону Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-мартта кулатуу эр таймаш боюнча WEF Global 11 турниринин алкагында кыргызстандык Ариет Бекишов чемпиондук курун коргоо үчүн Мырзамидин Пазыловго каршы чыккан. Бирок Ариет наамын 2:0 эсебинде атаандашына алдырып жиберген.

WEF Global уюмунун 22 жаштагы жаңы чемпиону Мырзамидин Пазылов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берип, чемпиондук кур үчүн болгон беттешүүсү, спорттогу жолу, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

— Мырзамидин, алгач маанилүү кармашка болгон даярдык тууралуу айта кетсеңиз?

— Биринчи машыгуум Таиланддын Пхукет шаарындагы Tiger Muay Thai аталышындагы спорт залында өттү. Андан соң өзүм тарбияланган FICHТER.KG спорт клубунда агайым Кенжебек Чекировдун көзөмөлүндө даярдандым. Атаандашым Ариет Бекишовдун буга чейинки беттештерин көрүп, урушуу ыкмаларын изилдеп чыгып, ошого жараша тактика койдук. Анан албетте агайым моралдык жана психологиялык жактан да даярдады.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкерлер Мырзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов октагондо былтыр 8-сентябарда эле кездешмек, бирок, Пазыловдун жаракатынан улам беттешүү кийинкиге жылдырылган
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкерлер Мырзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов октагондо былтыр 8-сентябарда эле кездешмек, бирок, Пазыловдун жаракатынан улам беттешүү кийинкиге жылдырылган

— Анан сиз күткөн беттеш башталды?

— Ооба, ал күн абдан оор болду. Биздин кармашуубуз беш мүнөттөн беш раундга чейин созулду. Ошонун төрт раундунда активдүүлүгүмдү көрсөттүм. Акырында жеңишке жетип чемпиондук кур белиме тагылды. Калыстар 2:0 менен утту деди, жеке оюмда упайым 4:1 болчу.

— Сизде утам деген ишеним болду беле?

— Ариет тордун ичинде өзүн эркин сезе алган жок. Мага коркуп тургандай сезилди. Анын көзүнөн "утам" деген жалынды көрө алган жокмун. Негизи аны жеңээриме мурда эле көзүм жетчү. Мен Ариеттен эч качан сестенген эмесмин. Болгону айрым себептерден беттеш үзгүлтүккө учурап калбаса экен деген кооптонуу болду. Анкени биздин кармаш былтыр 8-сентябрда болмок, бирок мен машыгуу учурунда жаракат алып калгам.

© Sputnik / Табылды КадырбековПазылов чемпиондук кур үчүн беттеште Ариет Бекишовду 2:0 эсебинде жеңип алган
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пазылов чемпиондук кур үчүн беттеште Ариет Бекишовду 2:0 эсебинде жеңип алган

— Бул беттеште Ариет кандай катачылык кетирди деп ойлойсуз?

— Биринчиден коркуп койду. Экинчиден, октагондо бут менен басуу деген бар. Ал кыймылдабай эле бир орунда иштей берди. Анан менин ыкмама көп жолу алданды.

— Беттеш бүткөндөн кийин Ариет экөөңүздөр жолуктуңуздарбы?

— Ариетке чын жүрөгүмдөн ыраазымын, мага татыктуу атаандаш болуп берди. Буюрса анын келечеги чоң. "Ариет кайгырба, бул спорт!". Колум жеңди деп көтөрүлгөндөн кийин куттуктоолорго бөлөнүп, алаксып калдым окшойт. Кийинүүчү бөлмөдөн чыксам ал кетип калган экен. Эртеси телефон чалсам алган жок. Эми жолугуп, дасторкон үстүндө мамилебизди бекемдеп коеюн деп ойлоп жатам.

— Жашоодо мамилеңиздер кандай?

— Ал менден эки жашка улуу. Чынын айтсам жакшы деле тааныбайм. Жолуккан жерден саламыбыз түз. Аны эч убакта жек көрүү сезими болгон эмес.

© Sputnik / Жоомарт УраимовМырзамидин Пазылов: "Ариет кайгырба, бул спорт!". Сага чын жүрөгүмдөн ыраазымын, мага татыктуу атаандаш болуп бердиң
Чемпион WEF Global Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
Мырзамидин Пазылов: "Ариет кайгырба, бул спорт!". Сага чын жүрөгүмдөн ыраазымын, мага татыктуу атаандаш болуп бердиң

— Буга чейин башка беттештерде жолуктуңуздар беле?

— Мурда экөөбүз грэпплинг күрөшүндө кез келип, мен аны утуп алгам.

— Ариет менен салмак бир болгон үчүн беттешип жатасыздар. Бирок экөөңүздөр тең боюңардан оюңар ашкан кыргыздын мыкты уулусуңар. Сырттан атаандаш табуу мүмкүн болгон жокпу?

Балбан Мээрим Момунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Мээрим Момунова: мен катышкан турнирге жакындарым келүүнү каалабайт
— Спортто ар бир салмак боюнча чемпиондук кур болот. Сыртта ийгилик жаратуудан мурун өлкө ичинде мыкты аталуу маанилүү болду. Ариет алты беттеш өткөрүп кур тагынды. А мен тогуз беттеш өткөргөн болчумун. Уюмдан кур коюп беришин сурангам, бирок, атаандашым Ариет болот деп ойлогон эмесмин. Экөөбүздүн беттеш 8-сентябрга белгиленип, бирок, мен машыгуу учурунда колумду кокустатып алгам. Анан Ариет менин ордума казак мушкери Рустам Сайдуллаев менен кез келип, үчүнчү раундда чемпион аталды. Мен WEF Global 10 турниринде ошол эле Сайдуллаевди биринчи раундда утуп, чемпиондук кур үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алгам. Ошондо эле Ариетти "эми беттешке даярдан" деп айткам.

— Күйөрмандар ким тарапта болду деп ойлойсуз?

— Экөөбүз тараптан тең көп болду. Бирок турнирдин уюштуруучуларында "Ариет жеңет" деген ишеним чоң болчу.

© Фото / Элдар ЖаманкуловПазылов: бир командада машыккан Бусурманкул Абдубаит уулунун М1 Global уюмунун турниринде ат салышып жүргөнүн билесиздер. Азыр ошол уюм менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Боец смешанных единоборств Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
Пазылов: бир командада машыккан Бусурманкул Абдубаит уулунун М1 Global уюмунун турниринде ат салышып жүргөнүн билесиздер. Азыр ошол уюм менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

— Чемпиондук наам алганыңыз үчүн спорттук уюмдан канча каражат алдыңыз?

— Биз жөн гана чемпиондук кур үчүн кармаштык.

— Ариет чемпиондук курун коргогонго чейин эле чет жердеги спорттук уюмдар менен келишим түзгөнүн укканбыз. А сиздин алдыдагы планыңыз кандай?

— Спорттогу агам, бир командада машыккан Бусурманкул Абдубаит уулунун М1 Global уюмунун турниринде ат салышып жүргөнүн билесиздер. Азыр ошол уюм менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким андан да күчтүү турнирде күч сынашып калам. Келекчектеги эң чоң максатымдын бири — UFC чемпиону болуу.

© Sputnik / Табылды КадырбековАриет Бекишов WEF Global 9 турниринде казак мушкери Рустам Сайдуллаевди үчүнчү раундда утса, Пазылов ошол эле Сайдуллаевди WEF Global 10 турниринде биринчи раундда жеңген
Турнир WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ариет Бекишов WEF Global 9 турниринде казак мушкери Рустам Сайдуллаевди үчүнчү раундда утса, Пазылов ошол эле Сайдуллаевди WEF Global 10 турниринде биринчи раундда жеңген

— Бардыгына эле чемпиондун спорттогу жолу кызык болсо керек?

Кыргызстанский боец ММА в тяжелом весе Тилек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Жээнбеков: атаандаш таппай кыйналып келем
— 5-классымдан тарта кыргыз күрөшү менен алектендим. 2013-жылы айылдашым, спорттогу агам Бусурманкул Абдубаит уулу грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону аталып, бизге да дем берди. Азыр тарбияланып жаткан FICHТER.KG командасына дал ушул агам аркылуу келдим.

Спорттогу жыйынтыктар боюнча айта кетсем. Универсалдуу уруш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медаль ээсимин. Грэпплингдин ADCC версиясы боюнча эл аралык турнирдин үч жолку чемпиону, спорт чебери аталдым. КРдин грэпплинг боюнча эки, панкратион боюнча дагы эки жолку чемпионумун. WEF уюмунун чемпиондук наамын алганга чейин WEF ProfFight 12, WEF ProfFight 7, WEF Selection 2, WEF Global 10, WEF ProfFight 14, WEF Selection 11, WEF Selection 9 турнирин уткам.

— Кантип анан "Скорпион" болуп калдыңыз?

— Мен негизи атаандашка жабышып, жармашып алып иштейт экенмин. Залдагы агаларым ошого карап "Скорпион" деп аташкан. Баса, жылдыз белгим дагы чаян.

© Sputnik / Жоомарт УраимовWEF чемпиону Пазылов: мен негизи атаандашка жабышып, жармашып алып иштейт экенмин. Залдагы агаларым ошого карап "Скорпион" деп аташкан
Чемпион WEF Global Мырзамидин Пазылов - Sputnik Кыргызстан
WEF чемпиону Пазылов: мен негизи атаандашка жабышып, жармашып алып иштейт экенмин. Залдагы агаларым ошого карап "Скорпион" деп аташкан

— Жеңил салмактагы мушкер болгонуңуздан көптөр спортчу экениңизди байкабаса деле керек?

Күрөш боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова - Sputnik Кыргызстан
Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек
— Ооба, бир жолу кышында шашып окуудан чыгып баратсам балдар үймөлөктөшүп туруптур. Ортодо түшүнбөстүктөр болуп кетти. Бирөөсү түртүп ийди кой десем болбойт. Анан акырын колун кайрып койгом. Кийин ал бала мушкер экенимди билип, кечирим сураган.

Негизи уруш талаштан алыс адаммын. Бирок, окуучу кезде шок болчумун. Балдарга тийишип, уруп койчумун. Ата-энелер арызданып үйгө чейин келген учурлар болгон. Бирок атам милиция кызматкери болгондуктан баарын чеги менен жасадым.

— Сөз соңунда үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ата-энем алыскы Чоң-Алай айылында турушат. Алты бир тууганбыз. Үч уул, үч кыз. Мен уулдардын улуусумун. Атам ИИМде иштеген, азыр пенсияда. Апам үй тиричилиги менен алек. Туугандарым, үй-бүлөм спорттогу жолумду колдошконуна ыраазымын.

Жаңылыктар түрмөгү
0