Тыныбекова менен Махмудов баштаган балбандар канча табат? Мамлекеттик стипендия

© Фото / World WrestlingГрек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик спортчулардын стипендиясынын жарым жылдык тизмесин жарыялады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчулар кандай шартта жана канча өлчөмдө стипендия ала тургандыгын билип көрдү. Бул ирет күрөш түрлөрү боюнча балбандар тууралуу кеп кылабыз.

Стипендия кандай шартта берилет?

Кадеттер арасында Азиянын эки жолку, жаштар арасында жана чоңдор арасында бир жолку чемпиону Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Өкмөттө алдыңкы спортчуларга стипендия берүү боюнча токтом кабыл алынган. Ага ылайык стипендияны Кыргызстандын жараны, курама команданын мүчөсү, ошондой эле мамагенттик менен келишим түзгөн спортчу ала алат.

Стипендиянын өлчөмү спортчулардын жыл ичинде катышкан мелдештерине жараша 7 категориядан турат.

Жогорку категория — 45 000 сом, (төрт жылга берилет);
I категория — 25 000 сом, (эки жылга)
II категория — 15 000 сом, (жыл ичиндеги жетишкендигине жараша өзгөрүп турат)
III категория — 8000 сом, (жыл ичиндеги жетишкендигине жараша өзгөрүп турат)
IV категория — 5000 сом, (жыл ичиндеги жетишкендигине жараша өзгөрүп турат)
V категория — 3000 сом, (жыл ичиндеги жетишкендигине жараша өзгөрүп турат)
VI категория — 2000 сом (КРдин биринчилигин уткандарга берилет)

Жакында алдыңкы спортчулар 75 миңден алып баштайбы?

рек-рим күрөшү боюнча студенттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, чоңдор арасында Азия чемпиону, КРдин бир нече жолку чемпиону Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Жолчубеков: жубайым эки балама кошуп мени да тарбиялап жатат
27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүп, балбандар жалпы эсеп менен 11 (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло) медаль багындырган. Чемпионаттан кийин мамагенттик жетекчиси Канат Аманкулов алдыңкы спортчулардын стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлө тургандыгын айткан.

Учурда ведомствонун маалымат кызматы токтом долбоору иштелип жатканын, спортчулар экинчи жарым жылдыктан тарта аталган сумманы ала тургандыгын кошумчалады.

Балбандардын биринчи жарым жылдыкта алчу стипендиясы:

Эркин күрөш

Эламан Догдурбек уулу — 45 000;
Муслим Евлоев — 15 000;
Кенжебек уулу Акбар — 15 000;
Улукбек Жолдошбеков — 8 000;
Алибек Осмонов — 8 000;
Сыргак уулу Мансур — 8 000;
Талантбек уулу Кантөрө — 8 000;
Дагы жети спорту 5000, жети бала 3000, бир бала 2000 сомдон алат.

Эркин күрөш (сурдолимпиадалык түрү боюнча)

Миляс Марков — 45 000;
Габит Айдарбеков — 45 000;
Алмазбек Исаков — 15 000;
Айбек Рыспеков — 8 000;

Кыз-келиндер күрөшү

Айсулуу Тыныбекова — 45 000;
Айпери Медет кызы — 25 000;
Мээрим Жуманазарова — 15 000;
Назира Марсбек кызы — 8 000;
Саяна Байызова — 8 000;
Дагы эки кыз 3000, үч кыз 2 000 сомдон алат;

Грек-рим күрөшү

Каныбек Жолчубеков — 45 000;
Калы Сулайманов — 45 000;
Эсен Аманов — 25 000;
Акжол Махмудов — 25 000;
Нургазы Асангулов 15 000;
Самат Шырдаков — 15 000;
Мурат Рамонов — 15 000;
Кайрат Түгөлбаев — 15 000;
Жанат Кыйлыбаев — 15 000;
Үзүр Жусупбеков — 15 000;
Руслан Царев — 15 000;
Жоламан Шаршенбеков — 15 000;
Роман Ким — 15 000;
Атабек Азисбеков — 15 000;
Нурбек Абдуганиев — 8 000;
Азат Бейшебеков — 8 000;
Тынар Шаршенбеков — 8 000;
Калидин Асыкеев — 8 000;
Акылбек Талантбеков — 8 000;
Керимберди уулу Нуртазин — 8 000;
Дагы алты бала 5000, бир бала 3000, эки бала 2000 миң сомдон алат.

Грек-рим күрөшү (сурдлимпиадалык түрү боюнча)

Аром Акопян — 15 000;
Закир Турдиев — 15 000.

Жаңылыктар түрмөгү
0