Кыргызстандык таэквандочулар Алматыдагы мелдештен байгелүү кайтышты

© Фото / федерация Таэквон-до ITF ККыргызстандын таэкван-до боюнча курама командасы Казакстандагы мелдеште 10 медаль утту
Кыргызстандын таэкван-до боюнча курама командасы Казакстандагы мелдеште 10 медаль утту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште ата мекендик мушкерлер төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медаль тагынышты

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын таэкван-до боюнча курама командасы Казакстандагы мелдеште 10 медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирди.

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
Маалыматка ылайык, "GRAND PRIX ALMATY" аталышындагы эл аралык турнир 18-ноябрда Алмата шаарында өткөн. Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 300дөн ашык спортчу катышкан.

Турнирде ата мекендик мушкерлер төрт алтын, бир күмүш, беш коло медаль утуп, Нурмат Айдаров, Хадижа Исабекова, Мирбек кызы Наиля жана Адинай Сейтказиева чемпион болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0