Ушул балдар саткынга окшоп турабы?! Кыргызстан командасынын жетекчиси оюн тууралуу

© Sputnik / Алия СамидинКыргызстандын көк бөрү боюнчка курама командасынын оюнчулары
Кыргызстандын көк бөрү боюнчка курама командасынын оюнчулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас Бегалиев оюнда калыстар жалаң казактардан болгонун жана кыргыз улакчыларын атаандаштары камчы менен сабаганын айтты

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Астанадагы көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде эч кандай соодалашуу болгон эмес. Бул тууралуу улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев оюндан кийин кыргызстандыктар менен жолугушуп жатып билдирди.

© Sputnik / Алия СамидинКөк бөрү боюнча улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев
Руководитель сборной Кыргызстана по кок-бору Талас Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү боюнча улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев

Ал бул оюнду саясатка аралаштырбоо керектигин баса белгиледи.

"Оюн бүткөндөн кийин мага бир журналист келип "казактарга сатылып кеттиңерби?" деп сурады. Ошол журналисттин өзүнүн уяты жок экен. Өзүңөр көрдүңөр, биздин балдар жанын сайып ойноду. Карагылачы, эмне ушулар саткынга окшоп турабы?! Бул деген — спорт! Муну эч качан саясатка аралаштырбайлы. Мунусунда жеңилсек, кийинкисинде утабыз. Былтыр чемпион болгонбуз, кийинки жылы чакырабыз да, ошондо жооп беребиз", — деди Бегалиев.

© Sputnik / Алия СамидинАстанада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду
Астанада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Астанада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду
© Sputnik / Алия СамидинКөк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Биринчи орунга 10 миллион теңге (2 миллион 68 миң сом), экинчиге 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом), үчүнчүгө 2 миллион теңге (413 миң сом) ыйгарылды
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Биринчи орунга 10 миллион теңге (2 миллион 68 миң сом), экинчиге 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом), үчүнчүгө 2 миллион теңге (413 миң сом) ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Биринчи орунга 10 миллион теңге (2 миллион 68 миң сом), экинчиге 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом), үчүнчүгө 2 миллион теңге (413 миң сом) ыйгарылды
© Sputnik / Алия СамидинУлуттук курама команданын капитаны Жолдошбек Орозбаевдин айтымында, муляждын салмагы буга чейинки оюндарга салыштырмалуу оор болгон.
Улуттук курама команданын капитаны Жолдошбек Орозбаевдин айтымында, муляждын салмагы буга чейинки оюндарга салыштырмалуу оор болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Улуттук курама команданын капитаны Жолдошбек Орозбаевдин айтымында, муляждын салмагы буга чейинки оюндарга салыштырмалуу оор болгон.
1/3
Астанада өткөн дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду
2/3
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге фондусу 18 миллион теңге (3,7 миллион сом). Биринчи орунга 10 миллион теңге (2 миллион 68 миң сом), экинчиге 5 миллион теңге (1 миллион 34 миң сом), үчүнчүгө 2 миллион теңге (413 миң сом) ыйгарылды
3/3
Улуттук курама команданын капитаны Жолдошбек Орозбаевдин айтымында, муляждын салмагы буга чейинки оюндарга салыштырмалуу оор болгон.

Ошондой эле ал оюн учурунда айрым эрежелер бузулганын кошумчалады.

Казакстандык улакчы Александр Пупенко - Sputnik Кыргызстан
Казак улакчысы: кыргыздардан чемпион статусун кайтарып алуу үчүн 3 ай даярдандык
"Баарыңар күбө болдуңар, биздин балдар улак басканда каршылаштары тизгинден сүйрөп оюн талаасынан чыгарып салып жатты. Ал эми жекеме-жеке чыкканда оюнчуларыбыздын үстүнөн басып жатышты. Негизи мындай ыкмалар эрежеге туура келбейт. Балдарыбызды камчы менен сабагандыктан жондору көк ала болуп кетти. Муляж да желимден жасалгандыктан сыйгаланып колдон чыгып кетет экен. Бул чычалап айтып жаткан сөз эмес! Анткен менен бул спорт экенин баарыңар туура түшүнгүлө! Ошол эле Тайсон, Мухаммед Али да жеңилген", — деди улуттук курама команданын жетекчиси.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов атайын барып кыргыз улакчыларын колдогон кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

"Баарыңыздар күбө болдуңуздар, биздин балдар колунан келишинче бар күч-аракетин жумшады. Алдыда дагы көп беттешүүлөр болот. Бул — спорт. Спортто ар кандай болуп турат. Жеңиштер али алдыда", — деди Саматов.

Улуттук курама команданын капитаны Жолдошбек Орозбаев муляждын салмагы буга чейинки оюндарга салыштырмалуу оор болгонун билдирди.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...
"Команданын улакчылары оюнга жакшы маанай менен чыгышкан. Муляж да мурункудан оор болду. Негизи стандарт 35 килограмм болсо, бүгүнкү муляж 40 килограммдан ашат экен. Бизди казак оюнчулары камчы менен сабап, аттарды тизгиндеп жатса дагы аларды оюндан четтеткен жок. Аны калыстарга айтсак эсепке албай коюшту", — деди Орозбаев.

Дүйнө чемпионатынын финалында Кыргызстандын командасы 4:1 эсебинде казакстандыктарга жеңилип экинчи орунга ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0