Кыргыздын көк бөрүсү. Көз жайнап, кан кайнап, аргымактар көбүк бүрккөндө...

Жазылуу
Көк бөрү оюну, анын тарыхы, ортодогу тагдыры жана кийинки өнүккөн учуру тууралуу колумнист Табылды Асыгалиев окурмандарга кеп салып берет.

Ар бир элдин өзүнүн тарыхы, каада-салты, үрп-адаты, анын ичинде улуттук оюндары болот эмеспи. Анын ичинде көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келет. Ар бир элде бул оюн ар кандай айтылат, мисалы, биз көк бөрү десек, казак эли — кокпар, өзбектер купкари-улок, тажиктер – бозкаши дешет. Ал эми кыргыздын чабандес деген сөзү фарси тилинде көкбөрүчү деген мааниде айтылат экен. Бул Кусейин Карасаевдин "Камуз наама Манас сөздүгүндө" жазылып турат.

Көк бөрү кантип пайда болгон?

Атчан жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин башы канчага бааланат? Кун тууралуу
Көк бөрү оюну кандайча пайда болгон деп сурашат. Бул оюндун чыгышы тууралуу ар кандай уламыштар айтылып жүрөт. Мисалы, тээ атам заманда ата-бабаларыбыз жоокер эл болуп, казатка аттанганда же аңчылыкка чыкканда айылда кары-тартаңдар, аялдар жана жаш балдар кыздар гана калышчу экен. Ошондой күндөрдө карышкыр күч алып, айылда калган элдин короосундагы мал-жанды кырып кеткен учурлар кездешип турат. Эл малын кырып кеткен бөрүлөрдү "карышып кал, карышкыр" деп каргайт… Карышкыр деген сөздүн чыгышы да ошондон пайда болуптур. Анан жоокерлер бир-эки жылдан кийинби, айтор, үйлөрүнө кайтып келгенде кырылып калган малды көрүп, бөрүлөрдүн колунан келгенин дароо билишет.

Жоокерлер кайрадан карышкырларды жок кылуу үчүн жаа, кылыч жана найза менен аттанат. Кай бири карышкырларды аттын үстүнөн эле таяк менен тумшукка чаап алып, оозун байлап, бири биринен жулуп, ала качып, айтор, тартышып ойногон экен. Ушундан соң көк бөрү деп аталып калыптыр делет. Кийин карышкырдын ордуна серке, ал эми жаш балдар улак тартып ойношкон. Андыктан, бул оюндун экинчи аты – улак тартыш.

Дагы бир вариантында, тескерисинче, карышкырлар койдун башын бөлтүрүктөрүнө алып келип берип, бөлтүрүктөр койдун башын талашып ойноп… Аны көргөн эл бөлтүрүктөр оюну, бөрүлөр оюну деп бара-бара "көк бөрү" оюну аталып калса керек деп айтышат.

Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз улакчыларынын Астанадагы чырлуу оюну. Соңку чечим чыкты
Көк бөрү оюну улуу "Манас" эпосунда да кездешет. "Чабандес улак тартышты, мергендер жамбы атышты" десе, "Сейтек" эпосунда "Атпай турган жер бекен, жатпай оюн көк бөрү, тартпай турган жер бекен", — делет.

Бул оюн улакчынын тайманбастыгын, шамдагайлыгын, эпчилдигин, карандай күчүн талап кылат. Демек, ал оюндар күчтүү жоокерлерди, өз элин, жерин коргоого даяр аскерлерди өстүрөт.

Кайрадан "жан киргенде"

Бирок Совет доорунда бул оюнду эскинин калдыгы деп, ойнотпой тыюу салып келишкен. Ошондо өзүбүздүн илгертен бери келаткан каада-салтыбыздан, үрп- адатыбыздан, улуттук оюндарыбыздан айрылып кала жаздаганбыз. Улак тартыш айрым жерлерде гана ойнолуп калган… Кийин эгемендиктен кийин башкалар сыяктуу көк бөрүгө мамлекеттик деңгээлде маани берилип, "жан кире" баштады.

Тай казан кайдан келген? Режиссер Болот Шамшиевдин эмгеги…

Ал эми улакты тай казанга ыргытуу эрежеси киргизилип, ал 1996-жылдын аягынан бери ойнолуп келет. Аны гениалдуу кинорежиссер Болот Шамшиев ойлоп тапкан. Улак тартыш футболдукундай узундугу 200 метр, туурасы 60-70 метр аралыктагы аянтта ойнолот. Эреже хоккей оюнуна окшош, 20 мүнөттөн үч тайм деп бөлүнгөн. Ар бир таймдын ортосунда 10 мүнөттөн тыныгуу бар. Тай казандар оюн аянтынын эки жагында (футбол, хоккей сыяктуу) дарбазалардын ордуна коюлган. Ар бир командада 12 оюнчу, 12 ат бар. Оюнда атаандаштар ат менен бири-бирин койдурмай, урдурмай, камчы чапмай жок. Эрежени бузган оюнчу 2 жана 5 мүнөткө оюндан чыгарылат. Эрежени одоно бузган улакчылар оюндун аягына чейин четтетилип, кийинкилерине катышпай калышы мүмкүн. Алдыдагы аргымактары теппей, тиштебей турган аттар болушу шарт. Үзөңгүлөрүндө учтуу темирлер болбошу керек, туяктарындагы така эрежеге ылайык жалпак, жука болушу шарт.

Кыргызстанский спортсмен Эламан Догдурбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Франциядагы дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбандар күч сынашат. Тизме
Кыргыздын ушул жаңы эрежедеги тай казаны бар оюнубузду учурда дүйнөнүн көп мамлекеттеринде ойноп, өз чемпионаттарын өткөрүп жүрүшөт. Былтыр Дүйнөлүк I жана II көчмөндөр оюндарында эле Америка, Монголия, Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Түркиядан келип ойношподубу. Дагы көптөгөн мамлекеттер бул оюнду кызыгуу менен гезит-журналдарга жазып, ТВ, кинолорго тартып кызыгып жүрүшөт.

Залкар Чыңгыз Айтматов "ушундай эрендердин эр оюнун мурас калтырган ата-бабаларыбызга кулдугум бар-ов", — деп бекеринен айтпаса керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0