Кыргызстанда 5 өлкөнүн спортчулары катышкан мотожарыш өтөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүМотокросс жарышы. Архив
Мотокросс жарышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш үч этаптан турат. Биринчиси Кыргызстанда, экинчиси Казакстанда, үчүнчүсү Россияда өтөт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкетке "Мотокросс боюнча шериктештик кубогу. Кыргызстан" эл аралык мелдешинин биринчи этабы өтөрүн мотоциклчилер коомунан билдиришти.

Бишкектеги велосезондун ачылышы 1500 киши катышты - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте велосезондун ачылышына 1500 киши катышты
Ал 9-апрель күнү саат 11де Мотокросс федерациясынын мотокроссунда башталат. Мелдешке Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандан 150гө жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Аталган иш-чаранын рейтинги жогору. Анын биринчи этабын Кыргызстанда өткөрүү салтка айланып калган.

Мелдешти мотоциклчилер коому менен Мотокросс федерациясы шаар мэриясынын колдоосунда өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0