Азия оюндары: КР хоккей командасы түркмөндөргө жеңилип калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чучу кулак кармоодо кыргыз курамасы Катар, Филиппин жана Кувейт командалары менен бир келип "А" тобуна кирген.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей курама командасы Саппоро (Япония) шаарында өтүп жаткан кышкы Азия оюндарынын финалында Түрмөнстанга утулуп калды. Бул туурасында Жаштар иши, дене-тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Чучу кулак кармоодо кыргыз курамасы Катар, Филиппин жана Кувейт командалары менен бир келип "А" тобуна кирген. Кыргызстандыктар алгач кувейттиктерди 5:0 эсебинде жеңип алган. Экинчи оюнда филиппиндиктер менен беттешип 10:5 эсебинде жеңишке жетишкен. Ал эми финалга чыгуу үчүн ата мекендик курама топ катарлык хоккеисттер менен муз аянтка чыгып, аларды 7:2 эсебинде жеңип алган.

"Тилекке каршы биздин команда 3:7 эсеби менен утулуп калды. Түркмөнстандын командасын жеңиши менен куттуктайбыз", — деп айтылат маалыматта.

VIII кышкы Азия оюндары спорттун 11 түрү боюнча өтүп жатат. Ага 1500гө жакын спортчу жана 30 олимпиадалык комитеттин расмий өкүлдөрү катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0