12:26 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
120930

Демилгелеген мыйзам күчүнө кирсе бардык иш кагаздар кыргыз тилинде жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматкерлер кыргызча суудай сүйлөшү керек. Ал эми теле берүүлөрдүн кеминде 70 пайызы кыргызча көрсөтүлүшү шарт. Мына ушундай талап коюлууда. 

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын сунуштады. Долбоор ченемдик актыларды Конституцияга ылайык келтирүү максатында жазылган. Ал талдоолордун негизинде жана эксперттердин, илимпоздордун, жарандардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленди.

Мыйзамдын жаңы редакциясы 14 главадан жана 40 беренеден турат. Ал эми учурда иштеп жаткан мыйзам 8 глава, 36 берене болуп түзүлгөн. Анда кайсы тармактарда жана кимдер кыргыз тилин билүүгө милдеттүү экени так көрсөтүлүп турат.

Sputnik Кыргызстан мамлекеттик тил боюнча сунушталган мыйзам долбооруна киргизилген жаңы нормаларга баам салды.

Кашаанын ичине учурда иштеп жаткан мыйзамдын нормалары жазылды.

  • Кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия (туура сүйлөө), орфография (туура жазуу) эрежелери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет (Алфавит жана орфография эрежелерин Жогорку Кеңеш бекитет);
  • Мамлекеттик тилдин милдеттүү колдонулушу КР этносторунун эне тилдерин жана башка чет тилдерди пайдалануу укугун кемитпейт жана четке какпайт (мамлекеттик тилдин иштеши башка тилдердин пайдаланылышына жолтоо болбойт);
  • Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар милдеттүү түрдө (минимум) берүүлөрүнүн 70 пайызын мамлекеттик тилде обого чыгарат (берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде алып барат).
  • Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иш жүргүзүүчү жумушчу тили — мамлекеттик тил (мамлекеттик тилде, зарыл учурларда расмий тилде да жүргүзүлөт);
  • Укуктук көзөмөл, тартип сактоо органдарында жана укук коргоо органдарынын бардык түрлөрүндө ченемдик актылар, документтер, иш кагаздары, кызматтык ишмердүүлүк жана КР жарандары менен баарлашуу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт (мындай норма жок);
  • КРдин ченемдик укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынат жана алар расмий тилге которулат (мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат). Бирок ушул эле норма мыйзам долбоорунун орусча жазылган вариантында "Мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат" деп көрсөтүлгөн;
  • Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик жана зарылчылыкка жараша расмий тилде таризделет (милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболоштурулат);
  • Жарандардын фамилиясы, ысымы жана атасынын аты кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен жарандардын эркине жана улуттук салттарына ылайык мамлекеттик тилде жазылат (жарандардын өз эркин ачык билдирүүсүнүн негизинде улуттук салттарды сактоо менен расмий тилде кайталанып, мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат);

Интернет сайттар тең салмактуулукту сактасын

Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү мекеме, уюмдардын, ошондой эле Кыргызстанда катталган жана товарларды сатуучу, кызмат көрсөтүүчү чарба субъектилеринин интернет-ресурстары (анын ичинде веб-сайттар, социалдык тармактардагы веб-баракчалар) мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Интернет ресурстун мамлекеттик тилдегиси менен катар башка тилдердеги версиялары да болушу мүмкүн. Кыргыз тилиндеги версияда берилген маалыматтын көлөмү жана мазмуну башка тилдегисинен кем болбошу керек. Ушундай эле норма мобилдик тиркемелерге да каралган. Бул сайт аркылуу маалыматын тараткан ЖМКларга да тиешелүү.

Компьютерди кыргызчалоо

Кыргызстанда ишке киргизилген компьютердик программада мамлекеттик тилдеги интерфейс болушу керек.

Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес бардык мекемелердин ишинде милдеттүү түрдө кыргыз тилинде колдонуучу интерфейси бар компьютердик программалар пайдаланылат. Ошондой эле компьютердик программаларды сатып алууда интерфейси мамлекеттик тилде болушу милдеттүү шарт болуп саналат.

Бул берененин талаптары программалоо тилдерине тиешелүү эмес.

Кимдер кыргызча билиши керек?

Сунушталган мыйзамдын 11-главасы "Мамлекеттик тилди билүү милдети" деп аталат. Анын 32-беренесинде кимдер кыргыз тилин билүүгө жана кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонууга милдеттүү болору жазылган:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
  • Улуттук банктын кызматкерлери;
  • Ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана башкармалык (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, атайын чендер ыйгарылуучу башка органдардын кызмат адамдары;
  • Ички иштер органдарынын жана атайын чендер ыйгарылуучу башка укук коргоо органдарынын катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагылар;
  • Прокурорлор;
  • Адвокаттар;
  • Нотариустар;
  • Менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери;
  • Билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тил мугалимдери катары чакырылган жана убактылуу иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлери;
  • КР жараны болуп саналбаган адамдардан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлери.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы жана Конституциялык палатанын төрагасы гана мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

Кайсы тармакта кыргыз тили милдеттүү түрдө колдонулат?

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик тил милдеттүү түрдө колдонула турган тармактардын так тизмеси жазылган. Алар төмөнкүлөр:

  • Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;
  • Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;
  • Сот өндүрүштөрүндө, Куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;
  • Эл аралык келишимдерин түзүүдө;
  • Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарында жана документтерди жүгүртүүдө;
  • Мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын аталыштарында;
  • Географиялык аталыштарда жана топонимика объектилердин аталыштарында, ысымдарда;
  • Фирмалык аталыштарда, соода маркаларында жана тейлөө белгилеринде;
  • Нотариалдык кеңселерде, КР жаранынын инсандыгын тастыктаган документтерди тариздөөдө, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы боюнча документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланктарды тариздөөдө;
  • Билим берүү, илим, маданият, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, жалпыга маалымдоо каражаттары, китеп басып чыгаруу, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын колдонуучу интерфейстери, коомдук иш-чаралар, жарнама, транспорт чөйрөлөрүндө, турмуш-тиричилик тейлөө кызматтарында жана башка бардык коомдук тармактарда;
  • Мыйзамдарда аныкталган башка чөйрөлөрдө.

Мамлекеттик тилди билгендер кантип аныкталат?

Жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээли мамлекеттик сертификат менен күбөлөндүрүлөт. Ал мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет. Бул кайсы орган экени так көрсөтүлгөн эмес.

Мыйзамды аткарбагандар жазаланат

Ушул конституциялык мыйзамды жана башка тил жаатын жөнгө салган мыйзам актыларын бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчилик тартышат. Мында жазанын административдик жана каржылык айып салуу түрү колдонулат.

Тема боюнча

Мусаев: ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилин билиши шарт
Баары кыргыз тилин билиши милдет. Жаңы мыйзам камтыган кызматкерлердин тизмеси
Белгилер:
мыйзам долбоору, мамлекеттик тил, мамлекеттик орган, ишкана, сунуш, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ