Салыкчылар качкандарды кармап, тергейт. Жаңы кодексте эмнелер сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКишен жана акча. Архив
Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Өлкөнүн ар бир жаранына таасир эте турган маанилүү документ кабыл алынганы турат. Жаңы редакциядагы Салык кодексинин долбоорун парламент биринчи окууда жактырды. Экинчи жана үчүнчү окуудан өтүп президент кол койсо, документ 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилет.
Кыргызстандын Салык кодекси алгач 1996-жылы кабыл алынган, кийин 2008-жылы толугу менен өзгөртүлгөн. Ушуну менен үчүнчү ирет жаңыланып жатат. Салык тармагын тескеген документтин долбоору 449 беренеден турат, бул учурдагы кодекстен 46 беренеге көп.
Министрлер кабинети жаңы салыктык нормаларды колдонуунун натыйжасында бир жылда бюджетке кошумча 50 миллиард сом түшүрүүнү көздөп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы кодексте сунушталып жаткан маанилүү нормаларды тизмектеди.

Бирдиктүү салык режими, ишкердин тандоосу

Долбоорго ылайык, эгерде түшкөн акчанын (жүгүртүүдөгү) көлөмү жыл ичинде 30 миллион сомдон ашпаса, ишкерлер Бирдиктүү салык режимин колдоно алат. Ага пайда, сатуу жана кошумча нарк салыктары кошулуп, ставкасы 4 пайызды түзөт. Тагыраак айтканда, салыктын аталган үч түрүн өзүнчө төлөбөй калат. Мисалы, 1 000 сомдук товар же кызмат көрсөтүү үчүн 40 сом салык төгөт.
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жапаров бюджетти 400 млрд. сомго чыгаруу үчүн каяктан акча табарын айтты. Видео
Мындай режим салыктык башкаруу оптималдаштыруу, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу максатында киргизилүүдө. Учурда иштеп жаткан кодексте Бирдиктүү салык режими жүгүртүүсү жылына 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге каралган. Ошондой эле ага пайда жана сатуу салыгы эле киргизилген.
Салык кызматынын маалыматы боюнча, бирдиктүү салыктын жаңы механизмине туура келген субъектилердин саны 283 177ни түзөт. Эгер ишкер мындай режимге өтүүнү каалабаса, салыктын ар бир түрүн өзүнчө төлөйт.

Кальян, электрондук тамеки салыгы 10 эсе жогорулайт

Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт.
Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.
Мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.

Базарлардын баарында ККМ колдонулсун

Үй-бүлө жаңы курулган үйдүн батирин карап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2021
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер

Ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Башкача айтканда, базарда кийим-кече, азык-түлүк саткандар соода борборундагы дүкөндөргө окшоп ККМ колдонуп, кардарга чек бериши керек болот.

Бул талаптарды бузгандыгы үчүн соода түйүнүн ижарага берген тарап (базардын, соода борбордун ээлери) укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылары белгиленген.
ККМ менен иштеген шартта ар бир сатылган товар каттоого алынып, андан төлөнө турган кошумча нарк жана сатуу салыгы автоматтык түрдө эсептелет.

Google, Facebook сыяктуу компанияларга, блогерлерге салынчу салык

Сунушталып жаткан Салык кодекси "Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишке салык" деген глава менен толукталды. Бул норма интернет аркылуу товар саткан жана кызмат көрсөткөн тармактарга салык салууну жол-жоболоштурат.
Ошондой эле блогерлер да соцтармактан тапкан пайдасынан салык төлөөгө милдеттендирилет. Бул туурасында Электрондук формада кызмат көрсөтүү терминине түшүндүрмө берген 32-берененин 3-бөлүгүндө жазылган.
Салык кызматынын Методология башкармалыгынын башчысы, кодексти иштеп чыгуу тобунун мүчөсү Нурлан Умтулов бул эки топко бөлүнөрүн айтып берген.
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Салык кызматына Финполдун функциялары берилет. Жаңы кодекстин долбоору
Ага ылайык, Google, Яндекс, Facebook, Instagram сыяктуу чет элдик компаниялар жарнама жана башка кызматтардан киреше таап жатканы үчүн кошумча нарк салыгын (12 пайыздык ставка) төлөйт. Ал эми Кыргызстанда катталган интернет-дүкөндөр үчүн атайын режим киргизилди, алар пайдасынын 2 пайызын салыкка чегерет. Аталган компаниялар Салык кызматына каттоого турууга милдеттүү болот. Ал эми блогерлер сыяктуу соцтармактан акча тапкан жарандар 10 пайыздык ставка менен киреше салыгын төлөйт.
Учурда электрондук коммерция чөйрөсүндөгү иштерге салык салууну башкаруу мүмкүн эместиги, колдонуудагы мыйзамдарда салыктын ушул түрү каралбаганы белгиленген.

Салык төлөбөгөндөр чет өлкөгө чыга албайт

100 миң сомдон көп салыктык карызы бар компаниянын жетекчилерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат.
"Бир ишкананын салыктык карызы 100 миң сомдон ашып кетсе сотко кайрылып, чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу чечимин сурайбыз. Андан сырткары, ишканалар же ишкерлер өзүнүн мүлкүн сата албайт, биз буга "кызыл карточка" коёбуз. Салык төлөбөй Дубай, Лондондо эс алып жүргөндөрдү тартипке чакырабыз", — деп айткан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Азыр иштеп жаткан кодексте 500 миң сомдон ашкан карызы барларга гана Кыргызстандан чыгууга тыюу салынат.

Финполдун укугу берилет

Блогер кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Instagram да, блогер да салык төлөйт. Жаңы кодекске кошулган берене

Долбоордо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жоюлгандан кийин салык мыйзамдары жаатындагы кылмыштар үчүн кайсы орган жооп берет деген суроо ачык бойдон калганы белгиленген.

Мындан улам Салык кызматына өз тармагы боюнча кылмыштарды алгачкы тергөө (дознание) укугун берүү сунушталууда.
Сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырган Салык кызматынын органдары укук коргоо органы статусуна ээ болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0