12:28 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
718610

Эмне себептен баланын жыныстык темага байланыштуу суроолоруна жооп берүү ыңгайсыз? Кантип туура түшүндүрүү керек? Бул маселени адис менен бирге талкуулайлы.

Психолог Нуриза Батырбекова Sputnik Кыргызстандын окурмандарына баланын жашоосундагы жыныстык тарбиянын маанисин түшүндүрүп берди.

Психолог центра укрепления семьи Данакер Нуриза Батырбекова на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асел Сыдыкова
Нуриза Батырбекова: жыныстык тарбия келечекте өзү жана өзгөлөр менен гармонияда жашаган адамды өстүрүүдө абдан зарыл

— Нуриза, айтсаңыз, балага жыныстык тарбия берүү канчалык зарыл?

— Жыныстык тарбия келечекте өзү жана өзгөлөр менен гармонияда жашаган адамды өстүрүүдө абдан зарыл. Айрым кишилер жыныстык тарбия десе эле аял менен эркектин ортосундагы интимдик байланышты элестетип, балдарга жаштайынан туура эмес нерселерди пропагандалап жатасыңар деп жаман көрүшөт. Бул чоң жаңылыштык. Жыныстык тарбия  — бул, биринчиден, аял менен эркектин айырмасын айтып берүү, дене бойду таза алып жүрүүгө, мамиле курууга, өспүрүм кездеги организмдеги өзгөрүүлөрдү туура кабыл алууга үйрөтүү. Экинчиден, зордук-зомбулукту алдын алуу. Көпчүлүк балдар анын денесине эч кимдин колу тийбеши керектигин билбей алданып калгандыктан, зомбулукка туш болот.

Жыныстык тарбия жок учурда өспүрүмдөр көп нерселерди туура эмес кабыл алып, психологиясы жабыркайт. Мисалы, биз бала кезде этек кир тууралуу көп нерсени билчү эмеспиз. Айрым балдар этек кири келген кыздар бузулду, аны менен жыныстык катнашка бара берсе болот деп ойлошчу. Ал эми кээ бир кыздар бала бетинен өөп койсо эле кош бойлуу болуп калдым деп коркушчу. Мен 5-класста окуп жүргөндө толо баштадым. Ошондо боюмда бар экен деп ойлоп, бир топ убакыт бушайман болуп, депрессияга кабылгам. Минтип ойлонгон кыздар толтура болчу. Албетте, чоңдорго күлкүлүү, бирок ошол куракта бала үчүн чоң трагедия. Окуудан, башка маанилүү нерселерден алагды кылат.

— Тарбиянын бул түрүн балага канча жаштан баштап бере баштасак болот?

— Үч жаштан тарта. Бул курактан тарта бала кыз-эркекти айырмалап, толгон-токой суроолору пайда боло баштайт. Ошондо ата-эне "кагазга ороп", бирок туура жооп бериши керек.

— Туура жооп? Бирок көпчүлүк ата-энелер өздөрү уялышат да? 

— Ооба, анын үстүнө менталитетибизге ылайык көп тема жабык болуп келген. Бирок бала жыныстык мүчө тууралуу суроо берди дейли. Ал кулак, мурун, кол сыяктуу эле бир орган да, өз функциясы бар. Айтып берүүдө уяттуу эч нерсе жок. Ооба, башында ыңгайсыз болот. Анткен менен сөздү баштап алгандан кийин ары жагы жеңил болуп калат. Болгону айтып бергенден кийин жыныстык мүчөлөр тууралуу бардык эле жерде, ар ким менен сүйлөшө берүү мүмкүн эмес, уяттуу нерсе экенин түшүндүрүп коюу керек. Эгер такыр эле айта албаса, бул милдетти баланын алдында кадыр-барктуу башка кишиге жүктөп койсо болот же психологдорго алып барыш керек. Адистер, албетте, жакшы түшүндүрө алышат.

— Балага төшөк маселеси чындыгында кандай болорун канча жашында айтып берсе болот? Психологиясы жабыр тартпай турган курак кайсы дегеним?

— Ар бир бала индивидуалдуу. Айрымдары 9 жашынан эле көп нерсени түшүнө баштаса, башкалары 15 жашында деле аңдабайт. Жалпысынан балада кызыгуу болсо 11-12 жашынан айтып берсе болот. Жыныстык катнаш деген эмне, ал кандай болот, эмнеге алып келет деген суроолорго акырындык менен жооп берүү керек. Болгонун болгондой айтып берүү эмнеге маанилүү? Анткени азыр ар бир өспүрүмдүн колунда смартфон бар. Интернеттен туура эмес маалымат алып, психологиясына доо кетпеш үчүн туура маалымат берүү зарыл.

Негизгиси, бул жерде сексуалдык байланыш бойго жеткен жана бири-бирин жакшы көргөн, сыйлаган адамдардын гана ортосунда болгону туура экенин түшүндүрүү керек. Бала жаш кезинен эле ар ким менен туш келди "байланыш" түзө берүү өзүн-өзү сыйлабастык экенин түшүнүп чоңойсо, кийинки турмушу жакшы болот.

Психолог центра укрепления семьи Данакер Нуриза Батырбекова на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асел Сыдыкова
Психолог: баланын "ыңгайсыз" суроолоруна ачык жооп бериш керек

— Сиз жогоруда айткандай, азыр ар бир бала интернетке ээн-эркин кире алат, порнографиялык сайттар деле жеткиликтүү. Мындай видеолор өспүрүмдүн психологиясына кандай таасир этет? Эгер ата-эне баласы аны көрөрүн билип калса, эмне кылышы керек?

— Эч качан чочуп, кыйкырып, баланы беттен албаш керек. Жөн гана көрбө, бул жаман деп койгон дагы болбойт. Анткени бала ал эмне үчүн жаман экенин түшүнбөйт.

Жакында эле окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, мындай видеону канчалык көп көрсө, мээ ошончолук жай иштеп баштаарын аныкташты. Бул видеолор кишинин нерв системасына аябагандай чоң зыян алып келет экен. Порнографиялык видеодогу сюжеттер көпчүлүк учурда реалдуу жашоодон өтө эле алыс болот. Эркек оголе күчтүү, "процесс" өтө узакка созулат. Кызга дагы талаптар жогору. Ошентип, адамда туура эмес түшүнүктөр, идеалдар пайда болот. Ал эми чыныгы жашоодо киши ал нерсеге жете албай, анын айынан өзүнө берген баасы түшөт, чүнчүйт. Ал эми бул жагынан өзүнө ыраазы болбогон адамдар агрессияга көп алдырат. Мунун бардыгын балага айтып берүү керек.

Ошондой эле баланын мастурбация кылып жатканын көрүп калган учурда дагы паникага алдырбайбыз, бул жетилип келе жаткан организмдин талабы. Жөн гана баланы өзүнчө бөлмөгө чыгарып, эркиндик беребиз. Ал эми анысын үйдөгүлөргө жар салып, балам чоңоюп калыптыр деп уяткаруу туура эмес. Бала чүнчүп, ата-энеден алыстап, ишенбей калат.

— Түшүнүктүү. Теледеги жеңип-желпи сценаларчы? Биз бала кезде ата-энең жаныңда турганда сериалдын каармандарынын кучакташып-өбүшүүсүн көрүү азап болчу. Уялып, кызарып, качып кетчүбүз. Эми өз балдарыбызга кандай мамиле кылууну белбейбиз.

— Жөн гана кучакташып, өбүшүү — бул сүйүүнүн, жактыруунун белгиси. Негизи бул жерде уяттуу эч нерсе жок. Балдарыбыз менен чогуу отуруп алып, ошол эле тасмалардагы согуш, кан төгүүлөрдү оозубуз ачып эле көрүп жатпайбызбы. Бул зордук-зомбулук, кылмыш... Эмнеге балдарыбызга сүйүүнү көрсөтпөй, зөөкүрлүктү көрсөтөбүз? Ошону ойлонушубуз керек.

— Педофилиядан сактоо үчүн балага кандай маалыматтарды берсе болот?

— Бейтааныш же тааныган адамдардын арасынан бирөө сага ыңгайсыз, күмөн санаткан кыймыл-аракеттерди кылса жолобо, кач деп ачык эле айткан туура. Бала жанына бирөөнү өтө жакындатып, дене боюн кармалатпашы керектигин билиши керек. Андай болгон учурда унчукпай тура бербей айланадагылардан жардам сура, үнүңдү катуу чыгарып сүйлө, башка адамдар жок болсо ата-энеңе, милицияга телефон чал, коомдук жайда болсо тааныбасаң да улуураак бир кишинин колун кармай кал, жалгыз эмес экениңди көрсөт деп үйрөтүү зарыл. 

— Өзүмдүн 11 жаштагы уулум мага эч бир ыңгайсыз суроо менен кайрыла элек. Бул эмнени түшүндүрөт? Ал азыр эч нерсени түшүнө элекпи же анын сырттан эле маалымат алып алганын мен билбеймби? Негизи бала көп нерсени билип, унчукпай жүрө бериши мүмкүнбү?

— Албетте, мүмкүн. Мындай учурда ата-эне өзү баланы кепке тартса болот. Бирок "отур, балам, ушул тууралуу сүйлөшөлү" деп эмес, жөн гана сөз арасында, болушунча жеңил сүйлөшкөн туура болот. Мисалы, бала ашканадагы иштерге жардам берип жатканда тамаша иретинде эле сөзгө тарткыла. Негизи бала менен бардык темада сүйлөшсө болот.

Ата-эне канчалык ачык, эркин сүйлөшө алса, баланын алдында кадыр-баркы ошончолук өсөт. Айрым учурда балдар "мен апама же атама каалаган нерсемди айта алам, ал мени түшүнөт, кеңеш берет" деп досторуна мактанат. Өзүнө ишеними жогорулайт.

Мен буга чейин эле айткандай, жыныстык тарбиянын негизги багыттарынын бири — балага төшөк мамилеси бирин-бирин жактырган, сыйлаган чоң кишилердин ортосунда гана болгону туура экенин жеткирүү. Ошондо гана балада секс боюнча түшүнүк туура калыптанып, кийинки жашоосу жайлуу болот.

Тема боюнча

Психолог: баланы басынткан дагы, мактаган дагы туура эмес
Психолог: балага кол көтөрбөш керек, жазанын башка түрлөрү бар
Мурзаев: азыр чечкинсиз жаштар көбөйдү
Белгилер:
Нуриза Батырбекова, бала, психология, ата-эне

ЭҢ МААНИЛҮҮ