Токтогулга кыз ала качып бараткан жигит "Сосновка" постунан кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиКызды ала качуу
Кызды ала качуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Учурда кыз ала качкан жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Сосновка" стационардык постунан кыз ала качып бараткан 23 жаштагы жигит кармалды. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн түндө, болжол менен саат 3:00дө Ак-Ордо-3 конушунан 20 жаштагы кызды ала качканы туурасында маалымат түшкөн. Анда кызды Audi үлгүсүндөгү унаага салып белгисиз тарапка кеткени айтылган. Мындан улам Чүй облустук ЖКККБнын өздүк курамына саат 6:00 чамасында алдын ала маалыматтар жиберилген.

© Фото / пресс служба УОБДД по ГУВД Чуйской областиУчурда кыз ала качкан 23 жаштагы жигит Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат
Токтогулга кыз ала качып бараткан жигит Сосновка постунан кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Учурда кыз ала качкан 23 жаштагы жигит Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат
"Перехват" планы киргизилип, Чүй облусу боюнча "Авто издөө" рейди жүргүзүлгөн. Натыйжада "Сосновка" өткөрмө постунан шектүү автоунаа токтотулган. Ичинде бир жигит менен жаш кыз болгон, териштире келгенде аны Токтогул районуна ала качып баратканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кыз ала качкан 23 жаштагы жигит Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0