Оренбургда кыргыз аскерлери дасторкон жайып, кара жорго бийледи. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРОренбургда аскер машыгуусу учурунда
Оренбургда аскер машыгуусу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Россияда ШКУнун машыгуусуна төрт миңдей аскер катышууда. Кыргызстандын "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнөн 100дөн ашуун аскер барган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на дне культуры Кыргызской Республики во время военных антитеррористических командно-штабных учений "Мирная миссия - 2021" в Оренбургской области. 21 сентября 2021 года
Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү - Sputnik Кыргызстан
1/3
Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КРВоеннослужащие на дне культуры Кыргызской Республики во время военных антитеррористических командно-штабных учений "Мирная миссия - 2021" в Оренбургской области. 21 сентября 2021 года
Анда кыргызстандык аскерлер концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин бийлешкен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анда кыргызстандык аскерлер концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин бийлешкен
© ФотоНакрытый стол на дне культуры Кыргызской Республики во время военных антитеррористических командно-штабных учений "Мирная миссия - 2021" в Оренбургской области. 21 сентября 2021 года
Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаңырганы айтылды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаңырганы айтылды
1/3
Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү
2/3
Анда кыргызстандык аскерлер концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин бийлешкен
3/3
Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаңырганы айтылды

Анда кыргызстандык аскерлер концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин бийлешкен. Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаңырганы айтылды.

Мындан сырткары, коноктор үчүн майрамдык кечки тамак уюштурулуп, кыргыз ашканасынын салттуу азыгы болгон боорсок, тандыр нан, бешбармак сыяктуу тамактар коюлган.

"Тынчтык миссиясы — 2021" аталышындагы машыгуулар Россиянын Оренбург облусундагы Донгуз полигонунда 11-сентябрда башталган, 25-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын 4 миңге чукул аскери катышууда. Машыгууга Ми-8 тик учагы, СУ-24МР чалгындоочу самолёту, СУ-34 истребители жана Ил-76 аскердик-транспорттук учагы тартылган.

Ысык-Көлдө ЖККУ күчтөрүнүн Рубеж-2021 аскердик машыгуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Көл менен тоолордун курчоосунда өткөн ЖККУ машыгуусунан 15 сүрөт
Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнөн "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнүн 100дөн ашуун аскери барган.

Мындай машыгууларды өткөрүүнүн максаты — аскердик башкармалык органдарынын шайкештик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык террордук уюмдардын согуштук аракеттерине каршы аскердик күчтөрдү калыптандыруу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0