БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Иммунореабилитация жана алдын ала эскертүүчү медицина боюнча жеке клиниканын илимий жетекчиси Ольга Шуппо "Доктор Питер" порталына алсыз иммунитеттин тоготпой койгонго болбой турган алты белгиси тууралуу айтып берген.
Адамдын организми бири-бири менен байланышта болгон өтө татаал система. Андыктан чачтын кургашын же белдин бир нече сантиметрге чоңоюп кетишине шампунду алмаштыруу же диетага отура коюу дайыма эле жардам бере албайт. Балким, бул терапевтке же иммунологго кайрылып, толук текшерүүдөн өтүүгө берилген белги болушу мүмкүн.
1. Дайыма чарчай бергендей абалда жүрүү
2. Ич чыгып кеткенде
Адам чымыр же арык болсо деле ич чыгып калат. Ашыкча салмак деле жок, анда эмне болуп жатат? Ал курсактын ич жагында майдын топтолушунан улам болот. Бул стресстин жана канда кортизолдун көбөйүп кетишинин белгиси. Дал ушул гормон кишиге казы байлатат. Айтмакчы, мындан улам адамда богок пайда болот. Башка дагы бир жагымсыз нерсе – дайыма болгон стресстин иммунитетти "жей" бериши.
3. Эске тутуунун начарлашы
Бул да иммунитеттин начарлашына байланыштуу. Кеп өнөкөт стресс жана калкан бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу маселе туурасында болуп жатат. Аталган бездин начар иштешинен адамдын тез реакциясы жайлап, анын айынан эске тутуу жабыркайт.
4. Учуктун (герпес) көп чыгышы
5. Аллергиялык реакциялар
Аллергендерге каршы тура албоочулук да организмде бир мандем бар экенин кабарлайт. Организм пайда болгон факторго кантип реакция кылууну билбегендиктен, вирустук бактерияларга каршы тура албай, анысын аллергия түрүндө көрсөтөт.
6. Чач түшүп, чыканактын терисинин кургашы
Бул калкан бездин гипотиреозасынан кабар берет. Жакшы иммунитет жана калкан бездин кадимкидей иштеши абдан маанилүү. Аталган безге стресстин таасиринин кесепети оңбогондой. Бул — эске тутуунун начарлашы, чачтын түшүүсү, чыканактын кургашы сыяктуу дагы бир топко узарган тизме.