Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВизит президента КР Садыра Жапарова в Душанбе
Визит президента КР Садыра Жапарова в Душанбе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
1/2
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
2/2
Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0