"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат

© Sputnik / Жоомарт УраимовУнаанын ачкычы, акча жана телефон. Иллюстративдик сүрөт
Унаанын ачкычы, акча жана телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Эми эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, анда 300 сом эле төлөп калат. Башкача айтканда, айып пул 70 пайызга кыскарат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузуу үчүн каралган айрым айып пулдарды азайтуу боюнча мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам 30-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Эми эгер айдоочу 15 күндүн ичинде айып пулдан кутулам десе, анда 300 сом эле төлөп калат. Башкача айтканда, айып пул 70 пайызга кыскарат. Кеп биринчи категорияда каралган 1 000 сом туурасында болууда.

Айып пулу азайтылган эреже бузуулар:

  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууда;
  • аныкталган ылдамдык чегин саатына 10 чакырымдан өйдө чыгарып, бирок 20 чакырымдан ашырбай айдаса;
  • жол белгилеринин талаптарын бузса, жол чийиндеринин эрежелерин бузса (экинчи автоунааны ашып өтүү тартибин бузуудан же маневр жасап каршы тилкеге чыга калуудан сырткары);
  • аялдамада токтоо же токтоп туруу эрежесин бузса;
  • коопсуз аралыкты, интервалды сактабаса же транспорт каражатын жолдо жайгаштыруу, автомагистралда жүрүү эрежесин бузса;
  • аялдама же стоп-линияны, жол эрежелери менен эскертилген чийиндерди бузса же светофордун күйгөнүнө, жол кыймылын жөндөгөн автоинспектордун ишаратына карабай жол чийиндеринен өтүп кетсе;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузса;
  • жарык берүүчү тышкы каражаттарды пайдалануу же белги берүүчү эрежелерди бузса (бардык механикалык автоунаалардын күндүз, эл жашаган жерден сырткаркы аймактарда жарыкты жакынкы жерге бериш үчүн фараларды күйгүзүп жүрүүгө коюлган талаптардан сырткары).

Бул мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар үчүн айыптар (мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузууну кошпогондо), туумдарды жокко чыгаруу жана жеңилдетилген мезгилди калыбына келтирүү менен жогорудагы мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнөрү белгиленген. Башкача айтканда, буга чейинки салынган 1000 сомдук айыптарды 15 күндүн ичинде 70 пайыздык жеңилдик менен төлөй алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0