00:17 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (249)
75 0 0

Медицина илимдеринин доктору коронавирус боюнча алдыңкы айларга божомолун айтып, калктын 60-70 пайызында дартка иммунитети пайда болуп калганын белгилеген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстанда калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн 20 пайызы коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, негизи жалпысынан калктын 7-8 пайызы эмделген.

"Бирок 6,5 миллион жарандын баарын эле эсепке ала албайбыз да. Бир миллионго жакын жаран миграцияда жана алты миллиондун ичинде жаш балдар да бар. Буларды алып салганыбызда калктын ишке жарамдуу бөлүгүнүн 20 пайыздан ашыгы вакцина алды", — деди Нурматов.

Медицина илимдеринин доктору оору боюнча алдыңкы айларга божомолун айтып, калктын 60-70 пайызында дартка иммунитети пайда болуп калганын белгилеген.

"Азыр күнүнө 15-20 миң адам вакцина алып жатат. Ушул темп менен кетсек, эмделгендердин саны 90 пайызга жетет. Анда түрдүү штаммдарга карабай оорунун азыркыдай жогорулоосу болбойт. Коронавирус да сасык тумоодой мезгил-мезгили менен бир аз гана адамдар арасында айланып жүрө бере турган абалга келип алат", — деген ал.

Дарыгер журналисттин суроосуна жооп берип жатып, вакцина эч убакта өзү оору чакыра албай турганын кошумчалай кеткен.

Адистин толук маегин шилтемеден окуңуздар.

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (249)

Тема боюнча

Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар. Вирусолог Нурматовдун маеги
Белгилер:
Зуридин Нурматов, коронавирус, вакцина, эмдөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ