03:50 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3096 0 0

Жаңы муфтий Sputnik Кыргызстан агенттигине дин менен каада-салтты чогуу алып кетүүгө басым жасарын, ажылык сапарды уюштурууну муфтияттан бөлүп салуу планы, ала качуу менен көп аялдуулукка пикири жана өзү тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда муфтийликти шайлоо бир нече айга созулуп, улам жылып, акыры 26-июнда бир добуш менен Замир кары Ракиев бекиди. Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан, ага чейин муфтийдин орун басары болчу. Буга чейин өлкөнүн мусулмандарынын башчылыгында муфтияттагы каржы махинациясынан кийин кызматтан кеткен Максат ажы Токтомушев турчу. 

Азыркы муфтий 43 жашта, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билимин жогорулаткан. Муфтийликке чейин Бишкек шаарынын казысы эле, ага чейин муфтийдин орун басары болуп иштеген.

— Кызматка келишиңиз менен куттуктайбыз, бирок бул сиз үчүн сыймык эмес, жоопкерчилик болуп жатса керек. Алгачкы иш жумаңыз кызматтык дайындоолор менен өттү окшойт, азыр эмне менен алектенип жатасыздар?

— Бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Өзүңүз айткандай, сыймыктанып же кубана турчу нерсе эмес, бул чоң жоопкерчилик. Эл-журтубузга кызмат кылышыбызды тилеп, дуба кылып коюшуңуздарды бардыгыңыздардан суранып кетер элем.

Кызматка келгениме 10 күндүн тегереги болду. Алгач жаңы структураны түзөлү дедик. Ажылыкка деп акча төлөп койгондор бар, алардан каражатыбызды кайтарып бергиле деген арыз түшүп жатат. Ажылыкты уюштуруу менен иштеген Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) отчётторун угуп жатабыз. Ушул сыяктуу майда иштер менен алекпиз. Келечекте кудайым буюрса конференцияларды өткөрүүнү ниет кылып турабыз. 16-июлда Жалал-Абад шаарында маркум Чубак ажынын элесине арналган "Өчпөс өмүр" деген илимий конференция өтөт. Андан соң аалымдарыбыздын бардыгын чогултуп, Кыргызстанда мындан кийинки диний абалды жана ханафий масхабды жайылтууну талкуулайбыз. 

— Аалымдар кеңешинин көпчүлүк добушу менен кызматка бекидиңиз. Шайлоого чейин эле сизди болот деген кептер чыгып кеткен. Жеке өзүңүз кандай жыйынтык күттүңүз эле?

— Бул кызматты ыймандуу адам жүрөгүнөн каалабайт. Мына мен ушул жерден айта кетейин, чын жүрөгүмдөн каалаган жокмун бул нерсени, ошондуктан күтүүсүз болду же күткөм деп айта албайт экенсиң. Бирок жүктөлгөндөн кийин аткарыш керек. Адамдар арасында ар кандай кеп сүйлөнө берет экен, тигил болот, бул болот деп айта беришет. Озуйпаны, милдетти мойнубузга жүктөштү. Кудайдын буйругу болду, элдин дуба-тилеги менен элибизге кызмат кылам деп турам.

Верховный муфтий Кыргызстана Замир Ракиев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Максат Элебесов
Муфтий Замир кары Ракиев: Салт-санаабызды жеригендер бар, өзүбүздүн кыргыз экенибизди сыйлайлы. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт-санаабыздын 99 пайызы эч качан динибизге каршы келбейт.

— Талапкерлигиңизди өз каалооңуз менен койдуңузбу, сунуштар да болгонбу? Муфтийди шайлоо үчүнчү аракет менен өттү, бирок талапкер экениңизди акыркы сынакта эле көрдүк.

— Ислам түшүнүгүндө адам кызмат үчүн чуркап, жулунбаш керек, Кудайдын жардамы болушу абзел. Шайлоо кыштан бери эле жылып келди, жан талашсам ошондо эле коёт элек. Канчалаган сунуштар болду, бардыгынан баш тартып келдим. Бирок акыркы кезде кээ бир аксакалдар "чалмакей чалынып кетти, биздин динибиз уят болбосун, баркы түшүп калбасын, жаш кезде барып кызмат кылып бер" дешти. Ошолорду угуп, оюм бышканда макул болдум.

— Кыргызстан мусулмандарынын курултайы биринчи ирет чагымчыл аракеттерден, экинчи жолу эпидемиологиялык абалга байланыштуу деп өтпөй калды, бирок үчүнчүсү оору андан да күчөп турганына карабай болду. Шайлоого эмне себептен интрига аралашып кетти?

— Буйрук экен. Биринчи учурда орозо жакындап калды, мен буга байланыштуу көңүл бурган жокмун. Экинчиси абалга байланыштуу дедик. Үчүнчүсүн кандай болсо да жылдырбайлы деп чечтик.

— Мен кечирим сурайм, сизди муфтий болду деген жаңылыктардын астына "сакалы жок экен" деген комментарийлер көп жазылды. Ошондой сын пикирлерден улам өстүрдүңүзбү, деги эле дин кызматындагы адамдарда сөзсүз сакал болушу керекпи?

— Сакал биздин динибизде сүннөт болуп эсептелинет. Аны Пайгамбарыбыз кылган. Бирок кээ бир шартка байланыштуу аткара да албай калабыз, муну туура түшүнүү керек. Мен да кээ бир себептер менен ушундай кыска эле сакал алып жүрмөй болдум. 

Муфтий Кыргызстана Замир кары Ракиев
© Фото / пресс-служба ДУМК
Муфтий: 10-15 жыл мурун адамдар кантип даарат алууну, мечитке келүүнү, кантип намаз окууну сурашчу. Азыр кантип соода кылам, кантип шериктеш болом, банк системасында ислам принциптери кандай өнүгүшү керектигин сурашат, адамдардын деңгээли абдан өстү.

— Кызматка келген ар бир муфтийдин өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Сиз башынан эле дин менен каада-салтты чогуу алып кетүү керек деген позицияңызды билдирип кеттиңиз.

— Бул нерсени айтсам да сын-пикирлер жазылууда. Салт-санаабызды жеригендер бар, өзүбүздүн кыргыз экенибизди сыйлайлы. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт-санаабыздын 99 пайызы эч качан динибизге каршы келбейт. Динде эреже бар, кайсы бир калктын салт-санаасы, үрп-адаты динге каршы келбесе ал дин болуп эсептелинет. Ошондуктан салтыбызды жерибейли. Илгертеден бери кийип келе жаткан чепкен, калпагыбыз бар. Түлөө, той, ырым-жырымдардын ысырапкорчулуктарын кыскартып, жакшынакай адаттары менен өткөрө берели. Динибизге шайкеш келген салт-санааны дин тутунгандар четке какпайлы, бирге алып кетели деген ойду айткым келет. Түшүнүп-түшүнбөй эле жумурткадан кыр издеп, жалган жалаа жаап, ачуу сөз айтып, даражабызды түшүргөндөн алыс бололу. Муну мен өзүмдү коргоп айткан жокмун. Адамдар бири-бирибизге этият, аяр мамиле кылсак, чындык болсо бетке айтып, жай түшүндүрүү керек.

— Жогоруда өзүбүздүн улуттук кийимибиз деп калдык. Хиджаб менен кыргыздын кийиминин ортосунда талаш-тартыш болуп жүрөт, бул боюнча пикириңиз кандай?

— Мен хиджаб боюнча эч нерсе дей албайм, бул Кудайдын аялдар үчүн парзы. Мурдатан эле белгилүү дин аалымдарыбыз Чубак ажы, Абдышүкүр ажы, Максат ажы жана башкалар менен жоолук маселеси чыкканда айымдар кыргыздын оюулары түшүрүлгөн, өздөрүнө жарашыктуу кийимдерди кийсе деп сүйлөшүп келгенбиз. Эми ушуну калыптандырышыбыз керек. Аялдар мындай хиджаб кийгендерди көргөндө таасирленгендей болушу керек. Тигүүчүлөргө кыздарга жарашыктуу, калкыбызга өөн учуратпай турган формаларды тигишсе деп айта кетет элем. Муну колго алгандар да бар, аларга ыраазычылык.

Билесиздер, араб мамлекеттеринде өзүнүн калкына жараша хиджаб кийишет. Кыргызстандыктар да бир түрлүү кийимге өтүп алса жакшы болот эле. Бирок хиджабга, аны кийгендерге асыла бербеш керек, ал нерсе жакшылыкка алып барбайт. 

— Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында кандай реформаларды жасагыңыз келет, иш планыңыз менен бөлүшө кетсеңиз.

— Кыргызстан элинин дээрлик 90 пайызы мусулман, элибиз динчил экенин билесиздер. Жаштарыбыз ыйман жолунда. Азыр ыймандан кабар жок адамды жолуктуруу деле мүмкүн болбой баратат. Жума намаздагылардын 95 пайызы жаштар. Бизде динде эркиндик бар, ошондуктан өнүктү. 10-15 жыл мурун адамдар кантип даарат алууну, мечитке келүүнү, кантип намаз окууну сурашчу. Азыр кантип соода кылам, кантип шериктеш болом, банк системасында ислам принциптери кандай өнүгүшү керектигин сурашат, адамдардын деңгээли абдан өстү.

Реформа тууралуу айтсам. Дин өзү толук нерсе, ага өзгөртүү киргизилбейт. Диндин жайылышына, бул багыттагы иштерге бардык муфтий жан үрөп кызмат кылган. Алар туура эмес иштеп кеткен, биз реформа жасайбыз деп айта албайбыз. Бирок адамдардын жаңылануусуна жараша кадам ташташыбыз керек. Биздин планыбызда ханафий масхабын жана Матуриди акыйдасын жайылтуу турат. Ошондой элдеги диний лидерлерди, коомдорду, уюм, фонддорду, динге кызмат кылган адамдардын бардыгынын баштарын бириктирип, бир бүтүн кылалы деп жатабыз. Мындан сырткары, "Ыйман кербени" деп оозунда сөзү, билими бар аалымдарды аймактарды кыдыртып, насаат айттыралы деген ойлор бар. Диний билим берүүнү өнүктүрүү, медреселердин сапаттарын жакшыртуу жана башка пландарыбыз боюнча иштеп жатабыз.

Муфтияттын тегерегинде кандай гана чыр болбосун, негизи эле бардык жерде мал, дүнүйө талашуудан башталат. Бул адамдын табиятында бар нерсе экен. Ажылык сапарындагы акча тууралуу көп кеп кылышат, эл бизде акча заводу бардай көрөт. Азыр ажылыкты уюштурууну муфтияттан бөлүүнү ойлонуп жатабыз. Муфтиятты адамдар диний багыт, руханий азык бере турган мекеме катары элестеткидей кылгыбыз келет. 

Верховный муфтий Кыргызстана Замир Ракиев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Максат Элебесов
Замир кары Ракиев: Дин өзү толук нерсе, ага өзгөртүү киргизилбейт. Диндин жайылышына, бул багыттагы иштерге бардык муфтий жан үрөп кызмат кылган. Алар туура эмес иштеп кеткен, биз реформа жасайбыз деп айта албайбыз.

— Айрымдар муфтиятка араб фондуларынан акча түшөт деп айтып жүрүшөт.

— Араб бир туугандар ачкан көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар. Аны биздикилер исламий фонд экен дешет. Алар башка кайрымдуулук уюмдары сыяктуу эле бизге тиешеси жок, өздөрүнүн жол-жобосу менен иштейт. Башкы диний мекеме катары бизге урмат-сый менен мамиле кылышат, бирок акча беришпейт, каржы булагыбыз эмес. Мечиттерди саларда каршы эмес экениңерди билдирип койгула деген каттарды жөнөтөт. Ага Экотехинспекция, Архитектура кызматы, жергиликтүү бийлик уруксат берсе биз да макул болобуз. Биз араб фонддоруна айрым гана учурларда, мисалы, семинар же конференция өткөрөрдө кайрылып калабыз. Себеби муфтиятта каржы булагы жок. Ажылыкты уюштуруп бергенибиз үчүн мыйзам боюнча каражат бөлүнчү эле, эки жылдан бери ал дагы жок.

— Учурда муфтият каржылык жактан кыйналып жатабы?

— Ооба, абдан аксап жатат. Ажылык сапар катары менен болбой калды. Мурунку бухгалтериядан ката кеткенин билесиздер, аудиттер текшерүүнү улантып жатышат. Жакында арыз жазган 300 кишинин каражатын кайтаралы деп жатабыз. Кыргызстан боюнча 205 киши жетекчилик кызматта иштейт. Беш-алты айдан бери эч нерсе албай отурушат, мындан ары да Кудайдан жардам сурап ишибизди уланта берели.

— Кыргызстандыктар диний билимди чет мамлекеттерден да алары маалым. Бирок өлкөлөрдүн диний багыттарынын өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары болушу мүмкүн. Буга байланыштуу студенттерден кайсы жактан окуй турганына жана бул жакка келгенде эмне менен алектенерине көзөмөл жүргүзө аласыздарбы?

— Биздин студенттер исламий багытта Малайзия, Сауд Аравия, Кувейтте, Иордания, Египет, Түркияда, Пакистанда, Индияда, Бангладеште жана башка өлкөлөрдө окушат. Илгери Сириядан да билим алышчу. Ар бир элдин өзүнүн үрп-адаты, салт-санаасы жана окуткан ыкмалары бар. Биринин мектеби экинчисине окшобойт. Ажылыкка барганда Аравиядагы студент балдарга "жигиттер, келечекте Кыргызстанга кызмат кылышыбыз керек. Ханафий мазхабын терең өздөштүргүлө, башка үрп-адаттарга кирип албагыла" деп эскертебиз. Эң негизгиси диндин багытын өзгөртпөсө болду. Ал эми жашаган мамлекеттеги үрп-адат, салт-санаа деген баары бир жугуп калат. Бул жакка келсе бат эле оңолуп кетишет. Кудайга шүгүр, акыркы жылдары сырттан окуп келгендерде көйгөй жок. 

Муфтий Кыргызстана Замир кары Ракиев во время выступления. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ДУМК / Белек Нурланов
Муфтий: Муфтияттын тегерегинде кандай гана чыр болбосун, негизи эле бардык жерде мал, дүнүйө талашуудан башталат. Бул адамдын табиятында бар нерсе экен.

— КДМБ экстремисттик уюмдардын таасири жана ишмердүүлүгү менен кантип күрөшөт? Тыюу салынган уюмга кирип кеткендер органдарга сурак бергенде көбүнчө "алардын максатын билбей эле кошулуп кеткенин" айтышат. Бул диний билимдин аздыгынанбы? Арасында каражатка кызыгып кеткендери да болсо керек.

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов. Архив
© Фото / из личного архива Чубак ажы Жалилова
— Муфтият жазалай турчу орган эмес, аны тиешелүү кызматтар аткарат. Биздин ишибиз адамдарга руханий байлык сунуу. Муфтийдин орун басары болуп иштеп турганымда канчалаган балдар келишти. Жихад деген түшүнүктөрдү айтып, биздин үрп-адатка туура келбеген же сүйлөшө келсеңиз диний билими жок, алар интернетти казып жатып же досторуна таасирленип дин деген ушул экен деп башка жакка кирип кеткен. Бирок адамдын аң-сезими менен эсептешүү өтө кыйын. Бир нече ирет сүйлөшүп, жолуккандан кийин дин ушул турбайбы деп канчалаган бала намаз окуп, китеп окуп туура багытка түшүп кетишти.

Диний билимдин жетишсиздигинен тышкары каражатка да азгырылып кетиши мүмкүн, бирок бул тууралуу толук маалыматым жок. Ошол үчүн келечекте мектептерге ыйман сабагы, дин түшүнүгү сыяктуу сабактарды киргизип, балдарга жаштайынан туура багыт берип, сабатын жоёлу деген аракеттер көрүлүп келет.

— Өзүңүз тууралуу суроо берсем. Ата-тегиңиз динди бекем карманган адам болуптур. Сиз өзүңүз канча жашыңыздан тарта терең өздөштүрүп баштадыңыз?

— Биздин ата-бабаларыбыздын бардыгы атактуу карылар, молдолор экен. Мен динди өзүмдүн атаман үйрөндүм. Союз жаңы тарап, адамдар динден алыстап жаткан учур эле. Атам Балыкчы шаарындагы Чойбек ажыдан, андан кийин Бишкектеги борбордук мечиттеги Абдулмажит кары акеден окутту. 16-17 жашыбыздан баштап куран жаттап, 1999-жылдын аягында Египетке кеттик. Алгач медреседе мугалим болуп иштедим. 2009-жылы Чубак ажы муфтий кезде Нарынга казы болуп бер деп жөнөттү, бир жылдан кийин ага орун басар болдум. Анан муфтиятта окуу бөлүмүнүн башчысы, Бишкектин казысы кылышты. 10 жылдан ашуун диний кызматтарда жүрүп муфтий болдум.

— Үй-бүлөңүз да динди бекем карманабы?

— Ооба, келинчегим менен Египетте чогуу окуп жүрүп үйлөндүк. Колубуздан келишинче Алла-Тааланын парзын аткарып келе жатабыз. Эки кыз, бир уулубуз бар. 

Верховный муфтий Кыргызстана Замир Ракиев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Максат Элебесов
Замира кары Ракиев: Муфтият жазалай турчу орган эмес, аны тиешелүү кызматтар аткарат. Биздин ишибиз адамдарга руханий байлык сунуу.

— Динде төрт аял алууга уруксат, бирок биздин мыйзам буга жол бербейт. Көп аялдуулукка көз карашыңыз кандай?

— Эми буга динибизде уруксат берилген. Кайсы мамлекетте болсок ошол жактын мыйзамдарына ылайык жашоо керек. Уруксатты милдет катары көрүп алган адамдарыбыз бар. Бирок ар бир адам бул нерседен пикир чыгарат. "Андай кыл, мындай кыл" дей албайбыз. Кудай кимге кандай насип кылса ошондой болот.

— Дагы бир коомдогу көйгөй. Динибизде да, салтыбызда дагы ала качуу жок, мыйзамда буга тыюу салынган. Бирок заманбап жашоодо ала качуунун арты суюлбай келет. Канткенде эркектерди жаман адаттан арылтабыз?

— Динибизде ала качуу жок. Никенин шарттарында үйлөнө турчу улан менен кыз көңүлүнөн жубай болуп берүүгө макул болушу керек. Ала качып жатса каяктагы макулдук бар? Бирөөнү зордоп жубайлыкка алуу күнөө. Аялзатынын динде орду чоң. Пайгамбарыбыз биз арзып жаткан бейиш энелердин таманынын астында деп аялдын, эненин даражасын кыска сөз менен жеткирип кеткен. Мырзаларга кайрыларым, андай жолго барбай жакшынакай куда түшүп, исламдын шарттарын аткарып үйлөнүү керек. Буга ата-энелер да көңүл буруңуздар.

Канчалаган кыздардын тагдыры талкаланып, балдар кесилип кетип жатат. Мыйзамдагы жазаны ойлогула. Ала качып, жолдон бири-бирин өлтүргөндөр (Айзаданын окуясы) болуп атат. Кыска дүнүйөдө адамча жашап кетишибиз керек, балдарга бул жолго барбагыла демекмин.

— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз? Динде дүнүйөнү да унутпаш керек дейт, жумуштан тышкары эмне менен алектенесиз?

— Муфтийликке келгенден бери бош убактым деле болбой калды. Эртең менен жумушка келип, түн бир оокумда кетем. Бош убактым кичине уктап алганга жетип жатат. Мурда балдарыбыздын окуусуна көңүл буруп, тоого, көлгө барып эс алып, башкалардай туугандар менен алака кылып, достор менен жолугат элек. Азыр колубуз бошобой эле калды.

Маркум Чубак ажы менин ишим эле илим экен деп айтчу. Ошол сыяктуу ишибиз дин кызматкери болуп жатат, кошумча ишим жок. 

Муфтий Кыргызстана Замир кары Ракиев в рабочем кабинете. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ДУМК
Муфтий: Атам Балыкчы шаарындагы Чойбек ажыдан, андан кийин Бишкектеги борбордук мечиттеги Абдулмажит кары акеден окутту. 16-17 жашыбыздан баштап куран жаттап, 1999-жылдын аягында Египетке кеттик.

— Кыргызстандыктарга каалоо-тилегиңиз жана пандемияга байланыштуу кайрылууңуз менен маекти жыйынтыктайлы.

— Жалпы Кыргызстанга тынччылык, ынтымак каалайм. Кудайга көбүрөөк жүз буралы, жакын бололу. Учурда ааламдын бардыгында кыйынчылык болуп жатат, пандемия колу-бутубузду тушап койду. Оору менен ойнобош керек. Өмүр аманат, аманатка кыянат кылбайлы. Өзүбүздү гана эмес башкалардын дагы ден соолугун ойлоп, дарыгерлердин айтканын аткаралы. Мындайды ар бирибиз диний көз караш менен карайлы, кырсык балээде Кудай күчүн көрсөтүп жаткандай. Кудайдан кечирим сурап, тобо кылалы. Сабырдуу бололу, шүгүрчүлүктү көп айтып, бири-бирибизге зыяныбызды тийгизбейли. Кудай жакшылыктарын жамгырдай жаадырган болсун, жаратканым колдосун демекчимин.

Тема боюнча

Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
Белгилер:
Кыргызстан, Замир кары Ракиев, муфтият, шайлоо, ислам, мусулман, дин, кыз ала качуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ