Улакчы, балчы жана чуулуу окуялары. Максат ажы Токтомушев тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-муфтий Максат ажы Токтомушев. Архив
Экс-муфтий Максат ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Ханафий масхавы боюнча Пакистанда жети жыл билим алган, спорт залда тер төгүп, ат үстүндө улак тартат, аары багып, мал кармайт. Экс-муфтий коомчулукта эмнеси менен белгилүү.
Кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматын жаңы эле тапшырган муфтий Максат ажы Токтомушевди каржы махинациясына айыптап кармады. Ал бухгалтери экөө зыяратчылардын 100 миллион сомдон ашык акчасын насыяга берип, анын пайыздык төлөмүнөн пайда көрүп турган деп шектелүүдө.
Мындай көрүнүш коомчулукту таң калтырып, жакасын карматты. Максат ажы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгын жети жылдан бери жетектеп келген.
Spuntik Кыргызстан агенттиги экс-муфтий тууралуу фактыларды сунуштайт.

Алты баланын атасы

Максатбек Токтомушев 1973-жылы 9-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында соодагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Алты бир туугандын кенжеси.
Өзү төрт уул, эки кыздын атасы.

Зооинженер, экономист

Максат ажы 1991-1995-жылдары Айыл чарба институтунда зооинженер адистиги боюнча билим алган. Андан кийин 1997-2003-жылдары ханафий масхавы боюнча Пакистандагы "Аль-Арабия" университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ал эми 2010-жылы Ислам экономикасы жана банктык иш боюнча билимин жогорулаткан.

Медреседен башталган эмгек жолу

Болочоктогу муфтий Пакистандан окууну бүтүп келгенден кийин 2005-жылдан 2013-жылга чейин "Абдулла ибн Масуд" медресесинде окутуучу болуп иштеген. Ошол эле учурда эки жыл (2008-2010) Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы мечитте имам болгон. Андан кийин Бишкек шаарынын казысы болуп үч жыл иштеген. 2013-жылы муфтийдин орун басарлыгына дайындалган. Ал эми 2014-жылдан ушул кезге чейин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болгон. 2017-жылы муфтийди шайлоодо жалгыз талапкер катары катталып, кайрадан шайланган.

Бургердин ачылышына барып...

2019-жылы жазда муфтий Бишкекте Black Star Burger ресторанынын ачылышына катышып, тасма кесип, кеченин негизги коногу катары сөз сүйлөгөн. Бул окуя талкуу жаратып, социалдык тармактарда ар кандай сын пикир айтылган. Анда дагы кызматтан кетишин талап кылгандар болгон.

​Ооз ачардагы чыр

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат муфтият уюштурган ооз ачарга "Сапат" лицейинин президенти менен чогуу отуруп калганына нааразы болуп чыгып кеткен. Ал муфтийге каарын төгүп, "силерге 35 миллион долларга мечит куруп бердим, мени террордук уюмдун мүчөсүнүн жанына отургузасың. Мунуңду президентке айтам", — деп чуу салган. Максат ажы артынан барып аны токтотууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.
Президенттин маалымат кызматынын жаңы жетекчиси Нуркамал Асканова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Жапаровдун маалыматтык саясатын тескей турган Нуркамал Асканова тууралуу 6 факты
АКШдагы чиркөөдө азан чакырган
2017-жылы май айында социалдык тармактарда АКШдагы католиктердин чиркөөсүндө калпак кийген киши азан чакырып жаткан видео тараган. Көп өтпөй ал муфтий Максат ажы Токтомушев экени белгилүү болду. Муфтияттын маалымат кызматы бул католиктердин уруксаты менен ишке ашканын билдирген. Анда муфтий Америка тараптын чакыруусу менен иш сапарга барган болчу.

Спортко жакын, көк бөрү тартат

Максат ажы Токтомушев өмүр баянына кыргыз, орус, араб, урду тилдеринде эркин сүйлөй аларын жазган.
Ошондой эле ал бош убактысында спорт залга барып ден соолугун чыңдап турары айтып жүрөт. "Азия Mix" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманалиев (Маратик) муфтий менен спорт залда түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөгөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Марат Джуманалиев (@marat_dms)

Аны менен катар ат таптап, аламан улактарда ойноп жүргөнү маалым. 2019-жылы 23-февралга карата депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ортосундагы көк бөрү боюнча жолдоштук беттешке катышып, улак тарткан.

Киреше булагы, ажылыкты уюштуруудагы коррупция тууралуу пикири

Максат ажы буга чейин Sputnik Кыргызстанга берген маегинде 22 500 сом айлык аларын билдирген. Ошондой эле бал менен мал чарбасына дагы кызыгарын, диний кызмат менен бирге бал челек кармап, мал багарын айткан жайы бар.
Ал эми ажылыкты уюштурууда коррупциялык иштер болушу мүмкүн эместигин билдирген.
КРдин эл артисти, III даражадагы Манас орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Таптакыр ырдабайт. 80 жашка чыккан маэстро Сардарбек Жумалиев жөнүндө 8 факты
"Уюштурууда бардыгы электрондук каттоо аркылуу жүрөт. Андыктан квота боюнча жарыя берилгенде акчасын өз учурунда банкка төлөгөн зыяратчы кезекке турат. Ал автоматтык түрдө биздин серверге келип түшүп, төлөгөн сааты, мүнөтү, секундасына чейин жазылат. Мындай электрондук системаны киргизүү менен коррупцияга бөгөт коюлду", — деп айткан.
Муфтиятта иштегендер заңгыраган там салды, машина алды деген кептерге мындайча жооп берген.
"Элде "жегениң адал болсо, көчөгө чыгып алып же" деген жакшы сөз бар. Бирөөнүкүн уурдабасаң, тартып албасаң, арам жол менен таппасаң, маңдай териң менен тапкан каражатка машина алабы, учак алабы, өз эрки да. Эгер бул киши мына бул жерден уурдады деп далили менен алып келсе мамлекеттин алдында, элдин алдында жооп берет. Эгер өзүнүн маңдай тери менен тапса же кимдир бирөө белек кылган болсо ал башка кеп", — деген пикирин билдирген.
© пресс-служба ГАМФКиСЭкс-муфтий 2019-жылы депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ортосундагы көк бөрү боюнча жолдоштук беттешке катышып, улак тарткан
Товарищеские матчи по кокбору на ипподроме Ак-Кула. Финал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Экс-муфтий 2019-жылы депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү ортосундагы көк бөрү боюнча жолдоштук беттешке катышып, улак тарткан

Чекисттердин тузагына илиниши

УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы жетекчилер зыяратчылардан түшкөн 100 миллион сомдон ашык акчаны насыяга берип, андан пайыздык төлөмдөрдү алып турганын аныктаган. Алгач бул ишти жабуу үчүн муфтияттын бухгалтери чекисттерге 100 миң доллар пара сунуштады деп кармалды. Буга байланыштуу 10-февралда муфтий Максат ажы Токтомушев өз арызы менен кызматтан кетти. Ушул эле күнү кечинде жогоруда сөз болгон кылмыш ишине тиешеси бар болгону туурасында далилдер табылды деп УКМК муфтийди дагы кармады.
Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар УКМКнын алдына митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Максатбек ажы Токтомушевдин тарапташтары митингге чыкты. Сүрөттөр
Ошентип, ал 7 жыл иштеген, узак мөөнөттүү муфтийлердин бири болуп калды.
Деген менен Максат ажы Токтомушев чуу менен кеткен алгачкы муфтий болгон жок. Андан мурункусу Рахматулла Эгембердиев бир жыл иштегенден кийин жаш аял менен төшөктө жаткан видеосу соцтармакка жарыяланып, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Кийин Эгембердиев видеодогу аял жубайы экенин айткан. Аны менен катар ага салыкты жашырган деген кине менен кылмыш иши козголгон.
Андан мурунку муфтий, маркум Чубак ажы Жалилов, өз эрки менен арыз жазып кеткенден кийин ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп кылмыш иши ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0