23:25 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2035 0 0

"Айкөл Манас", "Ромео менен Жульетта", "Өлбөгөн жанга жаз келет" өңдүү мыкты спектаклдердин режиссёру Бообек Ибраевди жана анын жубайы, КРдин эл артисти, актриса Гүлсүн Мамашеваны тааныбаган адам жок болсо керек.

Кыргызга төбөсү көрүнгөн бул залкарлардын маданиятка, театр дүйнөсүнө жасаган эмгеги ат көтөргүс. Sputnik Кыргызстан агенттиги режиссёр Бообек Ибраев менен Гүлсүн Мамашеванын уулу Марат Ибраевди чакырып, ата-энеси тууралуу маек даярдады. 

 Известный тенор КР Марат Ибраев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Режиссёр Бообек Ибраев менен Гүлсүн Мамашеванын уулу Марат Ибраев

— Адатта биз улуу инсандардын уул-кыздарын чакырып эскерүү иретинде баарлашчу элек. Сиздин ата-энеңиздин экөө тең эл оозуна алынып, эмгеги сиңген адамдар. Ушундай эки инсандан жаралган уул болуу бакыт болсо керек?

— Эми мындай нерсени кудай суратпай берет экен (күлүп). Мага ушундай бакытты жашоомо буюруп коюптур. Илгери бала кезде силер сыяктуу эле ата-энемдин күйөрманы болчумун. Анткени чоң ата-чоң энемдин (атасынын агасы — ред.) колунда өсүп, атамды "аба" деп чакырчумун. Башкалардай эле мен дагы аларды телевизордон көрүп суктанып, кээде анда-санда үйгө келип калышса "жылдыздарды" көргөндөй карап отурчумун (күлүп). Ошентип чоңойгон баламын. Бул жагы кызык болгону менен чоң атанын колунда өсүү да бакыт. Ошентсе да таланттуу, белгилүү ата-эне турмушта жол табууда балага түрткү болот экен. Бала чактан эле мен деле атам кичинесинде ырдагандай ырдап жүрчүмүн. Бирок чыгармачылыкка кеч келип калдым. 

— 40 жашыңызда келдиңиз, ээ?

— Ооба, ырдоо деген кудайдан берилген нерсе экен. Атамдын бир туугандарынын айтымында, бала кезинде "а-ай, Боке" деп чакырышса эле баягы Боке жок дейт. Көрсө талаада чымчыктардын арасында ырдап коюп жата берчү экен. Атам алгач Москвада окуган. "Баары эле шаарга окуп жатышса, мен деле Москвага окууга тапшырып суу чарба институтунда 1-курска чейин жакшы окугам" дечү. Жакшы окуп, башкалар үчүн экзамен да тапшырып, окууга өткөрө коюп жүрөт. Анан Ташкент театрына тандоо жүрүп жатканын көрүп калып өтүп кетет. Ошентип Ташкентке кетип, андан ары чыгармачылык жолго багыт алган экен. Кийин Нарынга барып театрдагы ишмердиги башталган.

Известный кыргызский режиссер с супругой народной артисткой СССР Гулсун Мамашевой с сыном и дочерью
© Фото / из семейного архива Ибраевых
Бообек Ибраевди жана анын жубайы, КРдин эл артисти, актриса Гүлсүн Мамашеванын маданиятка, театр дүйнөсүнө жасаган эмгеги ат көтөргүс

— Арыштап маегибиздин бир топ жерине кетип калдык көрүнөт, Атаңыздын балалык чагына кайрылбайлыбы?

— Өзү деле балалагым мындай-тигиндей болгон деп айтып берчү эмес. Абаларымдын айтымында, атам бала кезден борпоң, ак жүрөк болуп башкалардан өзгөчөлүгү дароо байкалыптыр. Эл чүкө ойноп жүрсө, ал чөптүн үстүнө чыгып алып түнгө чейин ойлонуп жылдыздарды карап жата берчү экен. Бирок "ырдайм" деп бир да жолу айтпаптыр. Адамгерчилиги ошол кезде эле бийик, даанышмандыгы бала кезден эле байкалгандыгын кеп кылышат. Чоң атам атамды түшүндө көргөндүгүн айтчу. "Түшүмдө оозу жырык көрдүм. Көргөнүмдү бир аксакалга жорутсам, бул келечекте укмуш сүйлөгөн же өзгөчө адам болот деп айткан" дечү. Чын эле ошондой белгилүү инсан болду. Атам бир сүйлөсө далайга чейин сүйлөчү. 

— Атаңыздын куудулдугу да бар болчу дешет?

— Ооба, куудулдугу боюнча интеллекти башкача болчу. Ал киши бийик нерселер жөнүндө айтчу. Куудулданса да кээде жанындагылар анысын түшүнбөй калчу. Атам менен мурунку өкмөт башчы Апас Жумагулов классташ болуп, бокска да бир барышкан экен. Атам окуялардан айтып калчу эле. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Sputnik Кыргызстан агенттиги режиссёр Бообек Ибраев менен Гүлсүн Мамашеванын уулу Марат Ибраевди чакырып, ата-энеси тууралуу маек даярдады

— Апаңыз чыгармачылыкка кантип келип калган экен?

— Апам да башкарманын кызы болуп, бирок чоң ата-чоң эненин колунда өсүптүр. Өзү кыз болгону менен баскан-турганы эркектей, кичинесинде "хулиган" деп коюшчу экен. Азыркыга чейин "бала кездеги мүнөзүм бар, "боецмин" деп калат. Чоң атасы "уул болуп калсаң эмне..." деп өкүнүп калчу экен. Мүнөзү чечкиндүү, тарсылдаган кыз болуптур. 7-классында эле эч кимге айтпай Оштогу интернатка окуганы кетип калат да, барып алып "эми атам кантет" деп чоң атасына боору ооруган экен. Кийин эч нерсени билбей, эч кимди тааныбай эле чыгармачылыкка өтөм, окуйм деген тилек менен Фрунзеге келиптир. Илгери азыркы Эмен паркынын арасында эски маданият үйү бар болчу. Кирсе окууга кабыл алчу комиссияда жалаң ошол убактын залкарлары отурган болот. Алар "ой, тандоо бүттү, кечиктиң, толуп калды" деп болушпайт. Акыры апамды ырдатып, монолог айттырып көрүшүп, үнүн жактырып, монологун угуп баары ыйлап: "кой, албасак болбойт, бул кыздан бир нерсе чыгат экен", — деп ректорго барып сүйлөшүп, эптеп окуу жайга киргизишкен.

Апам негизи эле табиятынан жолдуу. Анан эске тутуусу абдан күчтүү болгон. Бир жолу окуп жүргөндө театрда коюлуучу спектаклде актриса ооруп келбей калат. Апам спектаклди мурда окуп, сөздөрүн жатка билчү экен. Ошентип эч даярдыгы жок эле ролго кирип, ал актрисанын ролун дароо эле аткарып кетет. Ырдоо, актрисалык жаатында бат эле апамдын аты чыга баштайт. Атам менен да ошол маданият үйүндө таанышкан экен.

Бир ирет Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Медетбек Назаралиев болуп бир нерсени белгилеп жолугушат. Атам да Нарындан келип калат. Анан алар атама "ой, бизге укмуш кыз келди, бир барып көрбөйсүңбү" дешет. Ал кезде атам да апамдын атын угуп жүрүптүр. Ошентип атамдын режиссёр досу Медетбек Назаралиев апам менен атамды тааныштырып, апама "Нарын театрында бир орун бош болуп жатат иштейсиңби?" деп сунуштаса, чечкиндүү апам шар эле иштээрин айтат. Ошол күнү кечинде эле апам Нарында иштеп калат. Бара-бара атам менен апам театрдан тил табышып, кийин баш кошушат. Бирок канча убакыт сүйлөшүп үйлөнүшкөнүн так билбейм. 

Театральный режиссёр-постановщик, заслуженный деятель искусств Киргизской ССР, народный артист Кыргызстана Бообек Ибраев
© Фото / из семейного архива Ибраевых
Ибраев: башкалардай эле мен дагы ата-энемди телевизордон көрүп суктанып, "жылдыздарды" көргөндөй карап отурчумун

— Ал убакта театрдагыларды ротациялап да турушчу экен. Турмушта түгөй болуудан тышкары экөө устат-шакирт, кесиптеш да болушкан. Жубайлар үйдө кандай эле?

— Мен чоң ата-чоң энемдердин колунда өскөнгө мындай болгон деп айта албайм. 20 жашка толгондо гана ата-энемдин колуна келдим. Ага чейин ага-жеңе катары мамиле жасап, сый болчубуз. "Ата" деп айта алчу эмесмин, анткени ошол кезде чоң атамдын көзү тирүү болчу. Булар деле талап кылышчу эмес.

Мен төрөлгөндө чачым кызыл, сапсары, оруска окшогон бала болуптурмун. Көрсө багып алган атам согуш маалында жан дүйнөсү сынып, балалуу боло албай жүргөндө мени түш көрөт. "Боз үйдүн ичиндеги төшөктөрдүн үстүндө тимеле алтындай жылтылдаган элик жатат. Бир убакта элик туруп, төшөктүн үстүндө ойной баштады. Карасам эликтин төбөсүндө жалтыраган белгиси бар. Анан эле түндүктөн эликтин алтындай жылтылдаган чачына нур түшүп, боз үйдүн ичи жомоктогудай жалтырады" деп айтып берчү. Ал кезде чоң атам кеменгер бир казак киши менен чогуу жүргөн экен. Атам ага түшүн айтса "сен бир өзгөчө балалуу болот экенсиң, ал бала башында белгиси менен төрөлөт" деп жоруп берет. Кийин мен төрөлгөндө төбө чачымдагы сапсары белгини байкашат. Аны Айылчы атам да көрөт. Ошентип күндөр өтүп, ымыркай кезимде "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильмине тартылып жатып, апам чоң атамдарга мени убактылуу калтырып кетет. Кино тартылып бүткөндө апамдар мени алып кетүүгө келсе, чоң атам бербей коюптур. Ошону менен атамдын агасынын колунда өсүп Бообекович эмес, Айылчиевич болуп калгам. Ал киши атамдан 30 жаш улуу болгондуктан атасындай эле болчу. Ошол себептен атам да мени талаша алган эмес. Бирок апам аябай таарынып, көпкө чейин барбай жүрүптүр. Атам менен апам да ортодо таарынышып, мен үчүн урушкан учурлары болгон. Кичинемде чоң энем мени музыкалык мектептерге жетелеп барчу да, кайра эле ар кайсы шылтоону айтып алып кетип калчу. Кызганчу окшойт. Ошол себептен да башка кесиптин ээси болдум. Баккан апам менен атам каза болгондон кийин, 40 жашымда, чыгармачылыкка кайтып келдим. Ичимде жабылуу турган талант бар эле да.

Таң калычтуусу, апам экөөбүздүн тагдырыбыз окшош. Апамды багып алган чоң аталары да атасынын агасы, ал да апамды талашып багып алыптыр. Ошондуктан бизде беттегенин бербеген мүнөз бар.

Народная артистка СССР, актриса Гулсун Мамашева
© Фото / из семейного архива Ибраевых
Ибраев: таланттуу, белгилүү ата-эне турмушта жол табууда балага түрткү болот экен

— Жашоодо көздөгөн максатка жетүүдө мүнөздүн да орду чоң эмеспи. Атаңыз көбүрөөк ойчул, апаңыз чечкиндүү болгонун айттыңыз...

— Раматылык Сабира Күмүшалиева апабыз атамды "синий" деп койчу. Анткени ал ойлогон ишин аягына чыгармайынча жаны тынбаган көк бет эле. Оюндагыдай болмоюнча кол алдындагыларды да эзип туруп алчу. Анан да театрда атамды "Эзме Эзмейич" деп коюшчу. Себеби театрда кандайдыр бир репетиция болсо артисттердин баары ошол жерде тикесинен турушар эле. Репетицияга бир киргиздиби, эч кимди сыртка чыгарчу эмес. Бирок ушундай эмгегинин аркасында театрдын да, артисттердин да иши алдыга жылган. Атамдын "верю или не верю" деген сөзү бар болчу. "Верю" болмоюнча артисттерди ийлеп иштетчү. Муну эми артисттер өздөрү укмуш айтып берет.

Атам жумуштан келет, үйдө каз катар тизилген толтура китептер. Кайсы бир спектаклди коёрдо ал үчүн эки-үч ай китеп окуп, китепкананы кыдырып, оюн бышырып даярданчу. Анан спектаклди ошол деңгээлге чыгармайынча роль аткарган артисттерди эзип иштетип, ага чейин драматургдар менен да талашып-тартышчу. Бирок мунун баары атамдын ишке тактыгынан эле. Ал Москвадагы белгилүү бир режиссёрдун иштөө ыкмасын жактырчу. Атам өзүнүн көктүгү, ошол "Эзме Эзмейичи" менен чыгарманы марага ойдогудай жеткире алган режиссёр болгон.

— ХХ кылымдагы кыргыз театрынын тарыхына режиссёр Бообек Ибраевдин доору катары баа берилип жатпайбы. "Айкөл Манас", "Ромео менен Жульетта" спектаклдери ийинине жеткире аткарылбаса бир коюлуп эле унутулуп калышы мүмкүн эле...

— Мен бала кезимде, 7-класста окуп жүргөндө Караколдо жаңы театр ачылып калды. Ошол кездеги жаш актёрлор, азыркы корифейлер Кыргызбай Осмонов, Темирлан Сманбековдор спектаклге даярданып жатышкан. Мен атама бир нерсе алуу үчүн барып калдым. Бир жеринде ыры бар болчу, ошол ырды ырдаган жеринен "ролго кирбейсиңби" деп артисттерди эки саат эзди. Мен күтүп отуруп эле жанагы ырды жаттап алгам, эмдигиче эсимде. 

Известный кыргызский режиссер Бообек Ибраев во время подготовки к спектаклям
© Фото / из семейного архива Ибраевых
Ибраев: абаларымдын айтымында, атам бала кезден борпоң, ак жүрөк болуп башкалардан өзгөчөлүгү дароо байкалыптыр

— Атаңыз көк болсо, апаңыз турмушта бир аз ийкемдүү болсо керек...

— Апам атамдан бир топ кичүү. Экөөнүн ортосунда 13 жыл айырма. Үйлөнгөндө атам 30 жашта болсо, апам 17 жашта экен. Эми атам жашы улуу, экинчиден, белгилүү режиссёр болсо, анан үйдө ошондой сый мамиле куралып калган да. Атам режиссёр катары апама ролдорду да көп бере берчү эмес экен. Жаш кезинде апама "Эмгек сиңирген артист" наамы берилерде, атам "кой, уят, тээтигиндей аксакалдар албай жүрсө сен алардан мурун алып аласыңбы? Кыргыздын салтында да мындай болбойт" деп баш тартып коюптур.

— Адатта атактуулардын балдары аябаган чоң жоопкерчиликти сезерин айтышат. Сизчи?

— Менде андай деле жеңилдиктер болгон жок. 10-класста окуп жатканда бир эжейим "ой, сен Гүлсүн Мамашеванын баласысыңбы?" деп сурагандан "жок, ал жеңем" дегем (күлүп). Ошол кезде кадырлуу адам болгондугун мен деле көп этибар алчу эмесмин. Апамдын бир эле ырын жакшы көрчүмүн, калгандарына көңүл бурбайт элем. Режиссёрдун баласымын деген деле сезим болгон жок. Анан 2000-жылдары атам өтүп, кыйын учур болуп калды. Иним да иштебейт, апам да үйдө. Ошол кезде 31-32 жашта болчумун. Балдарым кичинекей. Анан апамдын "эми атаңдын эстелиги эмне болот?" деп аркы-беркини айтып кейигенин уга берип мойнумдагы жоопкерчиликти түшүндүм. Апамды тынчтандырып, баарын өз мойнума алууга туура келди. Ал кезде Кумтөрдө иштеп калгам. Кийин көчөгө, маданият үйүнө атын койдуруп, эстелигин тургузуп, китебин чыгардык. Мамлекет тарабынан да 100 миң сомдой каражат бөлүнгөн. Жылдар өтүп атамдын 80 жылдыгын өткөрдүк. 

 Тенор Марат Ибраев в кругу известных личностей
© Фото / из личного архива Марата Ибраева
Ибраев: эл чүкө ойноп жүрсө, атам чөптүн үстүнө чыгып алып түнгө чейин ойлонуп жылдыздарды карап жата берчү экен.

— Уул катары өзүңүзгө тагылган милдетти толук аткардым деп ойлойсузбу?

— Сыймыктануу менен айта алам. Мен 30 жашка чыкканда атам "уулум, сенден көп нерсе күтөм. Эл үчүн дагы да иштешиң керек" деген куттуктоо жазган экен. Ал жөнүндө көпкө ойлондум. Кийин сахнага чыгып, чыгармачылыкка аралаша баштаганда "Бообек Ибраевдин баласы" деген сөз айтылып, эки жакка барганда баары атам жөнүндө жакшы сөздөрдү сүйлөп: "ии, сенин ырдаганыңды Бокебиз көрбөй калды", — деп калышчу.

— Ырдаганыңызды апаңыз кандай кабыл алды?

— Советтер Союзу тараган учур, 25 жашымда Бек Борбиев ырдап чыга баштады. Экөөбүз теңбиз, политехникалык институтта бирге окучубуз. Мен деле ал кезде гитарада ойноп койчумун. Бирок бирөө жөн эле ырдаса, бирөө элге ырдайт. Бек болсо элдик адам болуп кетти. Анан апама ырдагым келгенин айтсам, "ой, эмне кыласың?" деп койду. Анан атам өтүп кеткенден кийин бир китеп окуп, чыгармачылыкка барууну кыялданып, чечим кабыл алдым. Апама келип "чыгармачылыкка барсам кандай болот?" десем, "ай, карыдың, эмне кыласың ырдап" деп койду. Болбой эле тар чөйрөдө акырын ырдап жүрдүм. Бир күнү апам ырдаганымды угуп калыптыр, анан "ай, сенин академиялык үнүң бар турбайбы" деп Улукмырза агайга (Улукмырза Полотов — ред.) жиберген. Ал киши да башында мага ишенген жок, "ии, ырдачы кана, эмнени ырдайсың?" — деп карап отурду. Ал кезде укканым боюнча эле ырдап жүрчүмүн да. Анан италия тилинде билген ырымды ырдап берсем, мени карап калды да: "ай, сен мурда ырдоону бир жерден үйрөндүң беле?" – дейт, "жок" десем, үйрөтсө болорун айтып узаткан.

Менин чыгармачылыгыма апамдын кошкон салымы Улукмырза агайга жөнөткөнү болду. Апам башында энелик сезими менен мени чыгармачылыкка баруудан аяса керек. Анткени өздөрү да көптөгөн бут тозууларды көрүшүптүр. Өзү да айрымдарын айтып берип калат.

Мен сахнага аттанганда апам "бизди уят кылба" деди. Чыгармачылыкта он жылдан бери жүрөм, Италияга чейин барып окуп келдик, чоң-чоң концерттерде жүрдүк. Бирок батареянын кубаты түгөнгөндөй эле бир күнү чарчайт экенсиң. Такыр эле чыгармачылыкты токтотуп, телевидение, радиолорго интервью берүүнү жыйыштырдым эле. Ушул жолу ата-энем тууралуу маек болгону үчүн кыя албадым. 

Известный тенор КР Марат Ибраев с семьей
© Фото / из личного архива Марата Ибраева
Ибраев: атамдын адамгерчилиги ошол кезде эле бийик, даанышмандыгы бала кезден эле байкалгандыгын кеп кылышат

— Сөз акырында атаңыздын шакирттери тууралуу да эки ооз сөз болсун?

— Атам көрөгөчтүгү менен ошол кездеги жаш таланттарга ролдорду туура бөлүштүрүп, бир катар инсандардын талантын ачкан. Көп тоскоолдуктарга карабай театрда жаштарга багыт берген адамдардын бири экен. Мурда иштеп жүргөн актёрлор бут тозсо да Таттыбүбү Турсунбаева өңдүү ал кездеги жаш актёрлордун талантын баалап, ролду бирдей бөлүштүргөндүгүн айтышат. Бардык эле бала атасын мактайт. Бирок "Айкөл Манас" спектаклин да оңой киши койбостур.

Тема боюнча

Сабира Күмүшалиеванын келини: кайненем экөөбүз дароо ынак болуп кете албадык
Мыскал Өмүрканованын кызы Айнура: апам мени кайындарынан ала албай өкүттө калыптыр
Белгилер:
Бообек Ибраев, театр, Нарын, режиссер, концерт

ЭҢ МААНИЛҮҮ