Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга 82,6 млн. сом чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековТажикстан чек арасындагы жаңжалда талкаланган азык-түлүк дүкөнү
Тажикстан чек арасындагы жаңжалда талкаланган азык-түлүк дүкөнү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Каражат куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана элдин муктаждыктарына жумшалат.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 82 миллион 604 миң сом чогулду. Бул туурасында өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Топтолгон каражат аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин муктаждыктарына жумшалат.
"Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөдөгү мекендештер жана Кыргызстандын бардык аймактарындагы тургундар каражат которууда", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ишкерлерден турган ассоциациялардын бири зарыл болгон бардык жабдыктары бар медициналык тез жардам унаасын тапшырганы айтылат. Автоунаа Лейлектин Кулунду айыл аймагынын жалпы дарыгерлер борборуна берилген.
Кыргыз-тажик чек ара чырынан улам Баткен шаарына эвакуацияланган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Баткенде чек ара чырынан документин жоготкон 17 киши жаңы паспорт алды
1 919,61 тонна гуманитардык жүк дагы түшкөн. Бүгүнкү күндө анын 1712, 309 тоннасы таратылып, калганы кампада турат.
Белгилей кетсек, куралдуу кол салуунун кесепетинен Баткен облусунда 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп жок болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0