Марипов: паспорт көйгөйү чечилди, 3-майдан тарта документтер кабыл алынат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Жазылуу
Кыргызстандын жарандары жалпы жарандык паспорт ала албай соңку үч айдан бери убара болуп жүргөнү маалым.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов паспорт кризиси боюнча маселе чечилгенин билдирди.
Өкмөт башчы бүгүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, соңку күндөрү жасаган иштери тууралуу маалымат берди.
"Паспорттук кризис маселеси толук чечилди. Жакынкы күндөрү, мен ачык эле айтайын, 3-майдан тарта биометрикалык чет өлкөлүк паспортко документтерди кабыл ала баштайбыз", — деди Марипов.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы "2020-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө өзүнчө тиби жөнүндө" өкмөттүн токтому менен жалпы жарандык паспорттордун жобосу бекитилгенин билдирди.
Ага ылайык, биометрикалык чет өлкөгө чыгуучу 34 барактуу паспорттун баасы (банктын комиссиясын кошпогондо) 857 сом, 50 барактуусу 920 сомдон берилет.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан бери убара тартууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартышыгы жаралды.
Кыргызстандын жалпы жарандык биометрикалык паспортунун үлгүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Жаңы паспорттун дизайнын шакаба кылгандарга Мамкаттоо жооп кайтарды
Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт кризиси эмнеден келип чыкканын иликтеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0