https://sputnik.kg/20210417/rossiya-kyrgyzstan-mektep-kuruu-1052165353.html
Россия Кыргызстанга тогуз мектеп курат
Россия Кыргызстанга тогуз мектеп курат
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Россиянын жардамы менен куруу пландалган алгачкы үч мектеп боюнча соңку чечимдер кабыл алынганы турат. Эки өлкөнүн эксперттери кезигип, маселени... 17.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-17T01:14+0600
2021-04-17T01:14+0600
2021-12-16T22:30+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
россия
дүйнөдө
мектеп
билим берүү
https://sputnik.kg/img/104377/45/1043774525_0:87:1620:998_1920x0_80_0_0_97f400e4906f7c497e720d3972af24f7.jpg
Алексей СтефановУшул күндөрү Москвада КР Билим берүү министрлиги жана РФтин агартуу министрликтеринин өкүлдөрү бул багытта активдүү иш алып барышты. Министрлер биргелешкен меморандумга кол коюп, ал эми эксперттер жана аткаминерлер кыргыз-россиялык билим берүү мекемелеринин саны канча, канчалык ыкчам бүткөрүлүп, канча орундуу болорун талкуулашты.Жалпы тогуз долбоорду ишке ашыруу пландалууда, ал эми үч мектеп жакын арада курулууга тийиш. Докладчылар ынандыргандай, Ош жана Каракол шаарында, ошондой эле Чүй облусунда алар үчүн эбак аянтчалар бөлүнгөн. Аларга 1 200 орундуу имараттарды тургузууга болот, бул россиялык программага да туура келет. Ал эми кыргыз долбоорунда эң көп дегенде 1000 окуучу деп каралган.Бир нече аптанын ичинде окуучулардын саны аныкталып, ошого жараша соңку чечим кабыл алынат. Россия Федерациясынын өкмөтүнө акыркы долбоор берилет. Талкууга катышкан эки тарап тең аталган окуу жайлардын курулушуна мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө киришүү маанилүү экенин белгилешти. Бир мектептин курулушу 450 млн. рубль өлчөмүндө каражатты талап кылат.Ошондой эле эксперттер окуу планын түзүү жана программаны ийне-жибине дейре иштеп чыгуу боюнча иш башталганын маалымдашты. Ушул тапта РФ өкмөтүнө алардын баалоочу наркы менен доклад даярдалууда. Бир окуучуга кеткен чыгым россиялык нормадан, тагыраагы, киши башына 198 миңден ашпоого тийиш.Жаңы мектепке россиялык педагогдордун келиши талап кылынат, али курула элек мектептерди толуктоо боюнча иш кызыган учур. Канча ыктыярчы мугалим алынып, кайсы программалар керектелери эсептелүүдө. Алардын арасында орус тили, адабияты, химия, физика мугалимдери болмокчу. Кыргыз тарап Россиядан келе турган мугалимдерди шарттары түзүлгөн турак жай менен камсыз кылууну убада кылууда. Чүй облусунда бул маселе дээрлик чечилген. Ошондой эле келечектеги мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы, окуу китептеринин жана методикалык куралдардын кыргыз тилине которулушун талкуулоо да унутта калбады.Айтмакчы, кыргызстандык таланттуу балдарга бөлүнгөн "Артек" лагерине 150 жолдомонун үчтөн бири июль айына эсептелген. Бирок эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам Крымга сырттан киши келе албайт.Макулдашууда тараптар бул жолдомолор чектөөлөрдүн алынышына карап бөлүштүрүүнү туура көрүштү. Кеңешменин катышуучулары РФтин Агартуу министрлигине бере турган сунушта июль айында “Артекке” балдар кандай учурда келе алары боюнча так жоболор көрсөтүлүүгө тийиш экенин белгилешти. Мисалы, коштоочулар коронавируска каршы эмделиши, ал эми балдардын ПЦР-тесттери таза чыгышы шартпы? Ушул өңдүү маселелер кабыргасынан коюлду. Бирок булардын баары россиялык орган тарабынан бекитилиши кажет. Жолугушуунун соңунда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик менен Урал мамлекеттик педагогикалык университеттери, ошондой эле Ош мамлекеттик жана Москва педагогикалык мамлекеттик университеттери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
https://sputnik.kg/20210413/kyrgyzstan-univestitet-ehki-iret-kabyl-aluu-1052107911.html
https://sputnik.kg/20210416/mamytov-kmsh-parlament-korkunuchtar-birge-kuroshuu-chakyryk-1052151969.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104377/45/1043774525_90:0:1530:1080_1920x0_80_0_0_6a47180e0ecbf4cc2bcd0e74f931d790.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, россия, дүйнөдө, мектеп, билим берүү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, россия, дүйнөдө, мектеп, билим берүү
Россия Кыргызстанга тогуз мектеп курат
01:14 17.04.2021 (Жаңыртылды: 22:30 16.12.2021) Кыргызстанда Россиянын жардамы менен куруу пландалган алгачкы үч мектеп боюнча соңку чечимдер кабыл алынганы турат. Эки өлкөнүн эксперттери кезигип, маселени ийне-жибине чейин талкуулашты.
Ушул күндөрү Москвада КР Билим берүү министрлиги жана РФтин агартуу министрликтеринин өкүлдөрү бул багытта активдүү иш алып барышты. Министрлер биргелешкен меморандумга кол коюп, ал эми эксперттер жана аткаминерлер кыргыз-россиялык билим берүү мекемелеринин саны канча, канчалык ыкчам бүткөрүлүп, канча орундуу болорун талкуулашты.
Жалпы тогуз долбоорду ишке ашыруу пландалууда, ал эми үч мектеп жакын арада курулууга тийиш. Докладчылар ынандыргандай, Ош жана Каракол шаарында, ошондой эле Чүй облусунда алар үчүн эбак аянтчалар бөлүнгөн. Аларга 1 200 орундуу имараттарды тургузууга болот, бул россиялык программага да туура келет. Ал эми кыргыз долбоорунда эң көп дегенде 1000 окуучу деп каралган.
Бир нече аптанын ичинде окуучулардын саны аныкталып, ошого жараша соңку чечим кабыл алынат. Россия Федерациясынын өкмөтүнө акыркы долбоор берилет. Талкууга катышкан эки тарап тең аталган окуу жайлардын курулушуна мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө киришүү маанилүү экенин белгилешти. Бир мектептин курулушу 450 млн. рубль өлчөмүндө каражатты талап кылат.
Ошондой эле эксперттер окуу планын түзүү жана программаны ийне-жибине дейре иштеп чыгуу боюнча иш башталганын маалымдашты. Ушул тапта РФ өкмөтүнө алардын баалоочу наркы менен доклад даярдалууда. Бир окуучуга кеткен чыгым россиялык нормадан, тагыраагы, киши башына 198 миңден ашпоого тийиш.
Жаңы мектепке россиялык педагогдордун келиши талап кылынат, али курула элек мектептерди толуктоо боюнча иш кызыган учур. Канча ыктыярчы мугалим алынып, кайсы программалар керектелери эсептелүүдө. Алардын арасында орус тили, адабияты, химия, физика мугалимдери болмокчу. Кыргыз тарап Россиядан келе турган мугалимдерди шарттары түзүлгөн турак жай менен камсыз кылууну убада кылууда. Чүй облусунда бул маселе дээрлик чечилген. Ошондой эле келечектеги мектептердин окуу китептери менен камсыздалышы, окуу китептеринин жана методикалык куралдардын кыргыз тилине которулушун талкуулоо да унутта калбады.
Айтмакчы, кыргызстандык таланттуу балдарга бөлүнгөн "Артек" лагерине 150 жолдомонун үчтөн бири июль айына эсептелген. Бирок эпидемиологиялык чектөөлөрдөн улам Крымга сырттан киши келе албайт.
Макулдашууда тараптар бул жолдомолор чектөөлөрдүн алынышына карап бөлүштүрүүнү туура көрүштү. Кеңешменин катышуучулары РФтин Агартуу министрлигине бере турган сунушта июль айында “Артекке” балдар кандай учурда келе алары боюнча так жоболор көрсөтүлүүгө тийиш экенин белгилешти. Мисалы, коштоочулар коронавируска каршы эмделиши, ал эми балдардын ПЦР-тесттери таза чыгышы шартпы? Ушул өңдүү маселелер кабыргасынан коюлду. Бирок булардын баары россиялык орган тарабынан бекитилиши кажет. Жолугушуунун соңунда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик менен Урал мамлекеттик педагогикалык университеттери, ошондой эле Ош мамлекеттик жана Москва педагогикалык мамлекеттик университеттери кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.