13:05 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
487 0 0

Жалкоолук — бул адамдын өзүнө болгон ишенбестиги жана алдыга койгон максатын ишке ашыруудан күмөн саноосу.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Адамдын жалкоолугу кадимки кыймыл-аракеттен чарчагандан гана эмес, психикалык көйгөйлөргө дагы байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, врач-психиатр Евгений Фомин Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жалкоолук — бул адамдын өзүнө болгон ишенбестиги жана алдыга койгон максатын ишке ашыруудан күмөн саноосу. Ал эми өзүнө ишенбестик адамды кандайдыр бир ишти аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

"Бул алдыга коюлган максатты жүзөгө ашырууга күч жана ишеним бербеген адамдын түпкүрүндөгү түшүнүктөр", — деди психиатр.

Ошону менен бирге адис жалкоолуктан арылуунун үч жолун атады. Биринчиси эң жөнөкөй — бир жакка барып өзүн эс алдыруу. Экинчиси — дары-дармек менен дарылоону сунуштаган психиатрга кайрылуу. Үчүнчүсү — абалын психотерапевттин, коуч же психологдун жардамы менен талдоо. Акыркы ыкма адам жалкоолугу менен өз алдынча күрөшө албай, жаман ойлорго баткан маалда колдонуларын белгиледи.

Тема боюнча

Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот
Франциялык окумуштуулар жалкоолук жугуштуу экенин аныкташты
Белгилер:
жалкоолук, кеңеш, психолог

ЭҢ МААНИЛҮҮ