Ташка жан киргизген уста Нурлан Турганбек: айылдан деле дүйнөгө таанылса болот

© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаТаш устан Нурлан Турганбектин эмгектери
Таш устан Нурлан Турганбектин эмгектери  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун 34 жаштагы тургуну Нурлан Турганбек үч жылдан ашык убакыттан бери талаада жаткан жөнөкөй эле таштардан укмуштуудай үй буюмдарын жасап келет.

Таш устанын эмгектери азыр борбор калаадагы бир катар мейманкана, ресторандардын көркү. Элеттик жаратман менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Жогорку окуу жайда алган билимиңиз боюнча адистигиңиз башка тармакка тиешелүү экен. Кантип таш менен алектенип калдыңыз эле?

— Адистигим боюнча агрономмун, кийин байланыш тармагында иштеп калдым. Ошол маалда таш менен тиричилик көрүп, бала-бакыраны багып калам деп такыр ойлогон эмесмин. Башында өз үйүмө жыгачтан раковина жасап көрөйүнчү деп ишти баштагам. Анткени бала кезимде жыгачка кызыгып калчумун. Ойлонуп отуруп аны таштан жасоону туура көрдүм. Биринчи эмгегим окшошуп, аны мындан ары өздөштүрүп кетиш керек экен деп өзүм үчүн чечим чыгардым. Интернеттен карасам бул иш менен эч ким алектенбейт экен, чет мамлекеттеги усталар таш менен иштей турганын көрүп, Москвадан керектүү аспаптарга буюртма берип баштап калгам. Ошондон бери таш менен иштеп жатканыма 3,5 жылдай убакыт болду, алгачкы эки жылда такшалдым. Акыркы бир жылдан ашык убакыттан бери өзүм каалаган буюмдарды ар кандай формада жасап жатам. Менимче, бул дагы алдыга жылып, өсүп жатканымдын белгиси. Азыр ашканада колдонулчу кооз табактарды жасоого мүмкүнчүлүгүм жетип калды.

© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаЫсык-Көл облусундагы Тоң районунун 34 жаштагы тургуну Нурлан Турганбек үч жылдан ашык убакыттан бери талаада жаткан жөнөкөй эле таштардан укмуштуудай үй буюмдарын жасап келет
Ташка жан киргизген уста Нурлан Турганбек: айылдан деле дүйнөгө таанылса болот - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун 34 жаштагы тургуну Нурлан Турганбек үч жылдан ашык убакыттан бери талаада жаткан жөнөкөй эле таштардан укмуштуудай үй буюмдарын жасап келет

— Жыгач уста жыгач менен иштесе, темир уста темирден сонун буюмдарды жасайт эмеспи. Ал эми таш менен иштөө өзгөчө болсо керек...

— Ар бир таштын өзүнүн сыры жана чоң дүйнөсү болот экен. Анткени таштар дагы түрлөргө бөлүнөт. Бирөөсү аябай жумшак болсо, экинчиси аябай катуу. Дагы бири сууну өзүнө сиңирип алуу сапатына ээ. Аны иштетүүнүн бир кыйынчылыгы — катуу нерсе, экинчиден, өтө чаң жана кир жумуш. Ошондой эле кышкысын иштөө кичине оор, себеби аны кесүүдө суу колдоносуң. Жакшы жагы устаканасы жок эле ачык асман алдында иштей бересиң. Бирок жасаган ишимди сүйүп аткаргандыктан аны деле унутуп калам. Азыр жыгач устачылыкты дагы кошо алып кетүүгө аракет кылып жатам.

Кийиз дүйнө — көчмөн руху долбоордун жетекчиси Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эч кимде жок бизнести биринчилерден болуп ачкам. Айдай Асангулова менен маек
— Бир эмгекти жасаганга канча убакыт кетет? Кызыккандар, сатып алып жаткандар көп элеби?

— Таштан жасалып сатылган буюмдар үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы болуп саналат. Кардарларымдын басымдуу бөлүгү экологиялык таза, табигый, өзгөчө кооз буюмга ээ болгусу келгендер. Азыр эмгектерим борбор калаадагы мейманкана, этноресторандарда орнотулган. Кол эмгектериме сарпталган убакыт боюнча айтсам, ар бир буюмга ар кандай мөөнөт талап кылынат. Бирөөсү бат эле даяр болсо, дагы бири бүтөйүн деп калганда сынып калат. Ошондуктан аны так айта албайм. Орточо бир буюмга бир жумадай убакыт кетет.

© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаНурлан Турганбек: ар бир таштын өзүнүн сыры жана чоң дүйнөсү болот экен. Анткени таштар дагы түрлөргө бөлүнөт. Бирөөсү аябай жумшак болсо, экинчиси аябай катуу. Дагы бири сууну өзүнө сиңирип алуу сапатына ээ
Ташка жан киргизген уста Нурлан Турганбек: айылдан деле дүйнөгө таанылса болот - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Турганбек: ар бир таштын өзүнүн сыры жана чоң дүйнөсү болот экен. Анткени таштар дагы түрлөргө бөлүнөт. Бирөөсү аябай жумшак болсо, экинчиси аябай катуу. Дагы бири сууну өзүнө сиңирип алуу сапатына ээ

— Раковина, идиш-аяктарды даярдоо үчүн таштарды кантип издеп, кандай жол менен тандайсыз? Алардын деле даяр болгон учуру, жетиле элеги болобу?

— Башында өзүнө сууну сиңирип алган, жаракасы бар таштарды алып келип жүрдүм. Алар пайдаланууга кичине жараксыз болуп калат экен. Айрым таштар көрүнүшү өтө кооз, ошол эле маалда аябай катуу болуп чыга келет. Негизи таштар суу жээктеги жана тоодогу деп бөлүнөт. Мен көбүнчө арыктардын ичинде, суунун алдында жаткандарды колдоном. Анткени алар миңдеген жыл суунун алдында жатып, суудагы минералдык заттарды өзүнө сиңирип алат экен. Сырты жакшы жылмаланат, андан мыкты сүрөттөрдү көрүүгө болот. Биринчи кесип алып анан жылмалайм.

Буга чейин башка облустарга барып кооз таштарды чогултуп келүүнү пландагам, быйыл пандемияга байланыштуу аймактарга бара алган жокмун. Буюрса кийинки жылы ал тилегим ишке ашып калар. Элдин таманынын алдында жаткан кооздукту эл-журтума көргөзө алдым. Мурун ага анча деле көңүл бурчу эмес элек да. Азыр ар бир облустагы тааныштарым ар кандай таштардын сүрөттөрүн жиберип турушат.

© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаНурлан Турганбек: иш кызыктуу, тандап алган таштын ичинде кандай сүрөттөр, оймолор чыга турганын билбейсиң. Ошону көргүң келип иштейсиң
Таш устан Нурлан Турганбектин эмгектери  - Sputnik Кыргызстан
1/3
Нурлан Турганбек: иш кызыктуу, тандап алган таштын ичинде кандай сүрөттөр, оймолор чыга турганын билбейсиң. Ошону көргүң келип иштейсиң
© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаАялзатына ылайыктуу оокат деп жеңил, пайдаланууга ыңгайлуу кылып идиш жасап жатам
Таш устан Нурлан Турганбектин эмгектери  - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аялзатына ылайыктуу оокат деп жеңил, пайдаланууга ыңгайлуу кылып идиш жасап жатам
© Фото / из личного архива Нурлана ТурганбекаТаштан жасалган буюм бышык келет экен. Өтө кылдаттыкты талап кылат, себеби идиш раковинага салыштырмалуу жука болот
Таш устан Нурлан Турганбектин эмгектери  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Таштан жасалган буюм бышык келет экен. Өтө кылдаттыкты талап кылат, себеби идиш раковинага салыштырмалуу жука болот
1/3
Нурлан Турганбек: иш кызыктуу, тандап алган таштын ичинде кандай сүрөттөр, оймолор чыга турганын билбейсиң. Ошону көргүң келип иштейсиң
2/3
Аялзатына ылайыктуу оокат деп жеңил, пайдаланууга ыңгайлуу кылып идиш жасап жатам
3/3
Таштан жасалган буюм бышык келет экен. Өтө кылдаттыкты талап кылат, себеби идиш раковинага салыштырмалуу жука болот

— Жумуш кызыктуу болсо керек?

— Мен эргүү жок такыр иштей албайм. Иш кызыктуу, тандап алган таштын ичинде кандай сүрөттөр, оймолор чыга турганын билбейсиң. Ошону көргүң келип иштейсиң. Аялзатына ылайыктуу оокат деп жеңил, пайдаланууга ыңгайлуу кылып идиш жасап жатам. Анан таштан жасалган буюм бышык келет экен. Өтө кылдаттыкты талап кылат, себеби идиш раковинага салыштырмалуу жука болот.

Предприниматель Муратбек Асанов - Sputnik Кыргызстан
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек
— Элет жеринде жумуш жок, мүмкүнчүлүктөр аз деп айтып калабыз. Айылда ишкерлик менен алектенип, тыйын-тыпыр таап бала-бакыраны багууга мүмкүнчүлүк арбын элеби?

— Айылда деле изденип бир нерсе тапса болот экен. Ар бир адамдын өзүнүн шык-жөндөмү бар, жок дегенде ошону жолго салууга бел байлаш керек. Мисалы, азыр базарда малды ортомчу болуп алып, кайра сатып киреше таап үй-бүлөсүн баккандар деле бар. Элетте такыр жумуш жок дегенден алысмын, эң негизгиси издениш керек. "Өзүң сүйгөн жумушту кыл, өмүрүңдө бир күн иштебейсиң" деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, адам өзү сүйгөн ишти өркүндөтүп бир нерсе баштаса эле дагы жаңы ойлор келип, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Себеби изденүү — ийгиликтин башаты.

Мисалы, таштан эле дагы толгон-токой нерселерди жасаса болот. Адам аны тизгенди жакшы билсе, көз жоосун алгандай кылып үйдүн сыртын, короосун кооздосо болот. Азыр элетте деле оокат кылып, бир өлкөгө же дүйнөгө таанылганга мүмкүнчүлүктөр толтура.

Жаңылыктар түрмөгү
0