Ак-Жар жаңы конушунун тургундары акцияга чыгып, дөңгөлөк өрттөшүүдө. Видео

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүМитингчилер покрышкаларды өрттөп жатышат. Архив
Митингчилер покрышкаларды өрттөп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы конуштун тургундары аталган жерде тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар жаңы конушунун жашоочулары айланма жолго жакын жерде нааразычылык акциясына чыгышып, автоунаа дөңгөлөктөрүн өрттөшүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңы конуштун тургундары аталган жерде тез-тезден электр жарыгынын өчүрүлүшүнө нааразы.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, чогулгандар жолду тосуп алышкан. 

Чүй ШИИБдин маалымат кызматы билдиргенине караганда, жерине ыкчам-тергөө тобу чыгып кеткен. Окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтылары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0