Билим берүү министрлиги экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун берди

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүМектептеги коопсуз бет капчан окуучу. Архив
Мектептеги коопсуз бет капчан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева окуучулардын ысык тамагынан үнөмдөлгөн каражат 180 миллион сом экенин билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги экинчи чейректен тарта мектептерди кадимки режимде ачууну сунуштаганын министр Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал ведомствонун мындай сунушу Республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине жиберилгенин белгиледи.

Ал эми окуучуларга ысык тамак берүүдөн үнөмдөлгөн акчаны дезинфекциялык каражаттарды алууга жана санитардык нормаларды уюштурууга берүү өтүнүчү менен Финансы министрлигине кат жиберилгенин айтты.

Министр Нуржигит Кадырбеков өкмөткө кинотеатрларды ачууну сунуштады

Аны менен катар вице-премьер Эльвира Сурабалдиева ысык тамактан үнөмдөлгөн каражаттын суммасы 180 миллион сом экенин билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл март айында коронавирус кооптуулугунан улам мектептер жабылып, окуучулар үйдөн окугандыктан ысык тамак берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0