Бир суткада 431 кишиден коронавирус табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер
Дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 431 кишиден коронавирус табылып, 203 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 70;
  • Ош – 44;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 147;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 65;
  • Баткен облусу – 52.

Айыккандар:

  • Бишкек – 32;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 45;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 58;
  • Баткен облусу – 32.

Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

Азыркы тапта 2 202 бейтап стационарларда, 1 951 киши амбулатордук шартта дарыланып жатышат.

Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 4;
  • Ош облусунда – 5;
  • Баткен облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 4.

Ошол эле учурда 15 медиктин коронавирустан айыгып чыкканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0