https://sputnik.kg/20200914/Kyrgyzstanda-avtounaany-ubaktyluu-zhashagan-zherinen-kattatuuga-uruksat-berildi-1049609472.html
Кыргызстанда автоунааны убактылуу жашаган жеринен каттатууга уруксат берилди
Кыргызстанда автоунааны убактылуу жашаган жеринен каттатууга уруксат берилди
Sputnik Кыргызстан
ЧПУ: kyrgyzstan-avtounaa-kattoo "Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалганы маалымдалды. 14.09.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-09-14T12:05+0600
2020-09-14T12:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0b/1053516216_0:209:2891:1844_1920x0_80_0_0_9f30a39dea3ea513c343fce58ea0de12.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0b/1053516216_0:118:2891:1935_1920x0_80_0_0_2a264bde373043656d08f12ba2f46c4a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом
жаңылыктар, кыргызстан, коом
Кыргызстанда автоунааны убактылуу жашаган жеринен каттатууга уруксат берилди
12:05 14.09.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) ЧПУ: kyrgyzstan-avtounaa-kattoo
"Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалганы маалымдалды.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Мунун жардамы менен транспорт каражаттарын каттоо процесси автоматташтырылганы айтылат.
"Кыргызстандыктар туруктуу жашаган жери кайсы жакта экенине карабай, автоунаасын учурда жашап жаткан дареги боюнча каттата алат. "Транспорт каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында бирдиктүү база түзүлдү. "Унаа" ишканасынын бардык бөлүмдөрү ар бир регионго таандык мамлекеттик номерлер менен камсыздалды", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанга автолорду мыйзамсыз алып кирген схема ачыкталды
Бул системанын алкагында катталган транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар чогултулуп сакталып турат. Кийин ошого карап автоунаага анализ жана мониторинг жүргүзүлөрү белгиленет.