Көбү Ош менен Көлдө. Өткөн суткада 263 бейтап коронавирустан айыкты

© пресс-служба мэрии города БишкекКүндүзгү стационардагы дарыгерлер. Архив
Күндүзгү стационардагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жугузуп алган 6 миңден ашуун бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 263 адам сакайды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 14;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 63;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 55;
  • Жалал-Абад облусу – 32;
  • Баткен облусу – 13;
  • Ош шаары – 24.

Жалпылап алганда, Кыргызстанда 33 027 адам коронавирусту жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0