БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 263 адам сакайды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:
- Бишкек – 14;
- Чүй облусу – 28;
- Ош облусу – 63;
- Талас облусу – 26;
- Нарын облусу – 8;
- Ысык-Көл облусу – 55;
- Жалал-Абад облусу – 32;
- Баткен облусу – 13;
- Ош шаары – 24.
Жалпылап алганда, Кыргызстанда 33 027 адам коронавирусту жеңди.