Коронавирусту дагы 569 киши жуктуруп алды

© AFP / NOAH SEELAMМедициналык кызматкер кан үлгүсү менен. Архив
Медициналык кызматкер кан үлгүсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын саны азайды деп айтууга болбойт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 569 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бир сутка ичинде коронавирус жана ал козгогон пневмония төмөнкү жактарда катталган:

  •  Бишкек — 190;
  •  Ош — 84;
  •  Чүй облусу — 45;
  •  Ош облусу — 64;
  •  Талас облусу — 43;
  •  Нарын облусу — 13;
  •  Ысык-Көл облусу — 41;
  •  Жалал-Абад облусу — 47;
  •  Баткен облусу — 42.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын саны 38 110го жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0