Кечээтен бери 11 киши коронавирусту жеңе албай, акка моюн сунду

© AFP / RODGER BOSCHМедициналык кызматкер коронавирустан каза болгон кишини мүрзөгө даярдап жатышат. Архив
Медициналык кызматкер коронавирустан каза болгон кишини мүрзөгө даярдап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө июнь айынан бери эпидемиологиялык абал өтө курч деп эсептелүүдө. Акыркы кезде күн сайын 10дон ашык кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып жатат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акыркы сутка ичинде коронавирустан 11 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

«Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош шаарынын, бири Чүй облусунун, бири Нарын облусунун, үчөө Жалал-Абад облусунун, дагы бирөө Баткен облусунун тургундары эле”, — деди Акматова.

Жалпы каза болгондор — 1420.

Жаңылыктар түрмөгү
0