Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат. Дарыгердин түшүндүрмөсү

© Фото / Жаныбек КожоевАварийное здание рентгена в Караколе
Аварийное здание рентгена в Караколе  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эски үйгө окшош имаратта 1967-жылы чыгарылган рентген-томография иштетилет. Бул облус боюнча жападан жалгыз аппарат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Каракол шаардык кургак учук диспансеринин директору Жаңыл Акунова эмне себептен рентген-аппарат авариялык абалдагы имаратта жайгашканын айтып берди. Анын билдирүүсүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы жарыялады. 

© Фото / Жаныбек КожоевКараколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат. Дарыгердин түшүндүрмөсү - Sputnik Кыргызстан
Караколдо тамтыгы чыккан имаратта рентгенге тартат

Буга чейин социалдык тармактарда дубалдары көчкөн эски үйгө окшогон имаратта рентген тартып жатканы туурасында жазышкан.

Ысык-Атанын ооруканасында эртеден бери дарыгерлер жокпу? Министрликтин жообу

Акунова ал аппарат кургак учук менен ооруган бейтаптарга гана колдонула турганын жана жабдыктын иштөө убактысы чектелүү экенин билдирди.

“Бул 1967-жылы чыгарылган эски рентген-томограф, муну эчак эле колдонуудан чыгарыш керек болчу. Бирок облус боюнча бир эле ушул аппарат болгондуктан иштетүүгө туура келет. Учурда томографияга гана тартып жатабыз, рентген иштебей калды. Биз кургак учук менен ооруган бейтаптарды гана тейлейбиз. Бул аппаратты эч качан ордунан жылдырбаш керек, болбосо таптакыр эле  жарактан чыгып калат”, — деди дарыгер.

Ошондой эле ал каражаттын жоктугунан имарат оңдолбой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0