00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абитуриент ЖОЖго кантип онлайн тапшырат? 7 суроого жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековОбщереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке
Общереспубликанское тестирование в условиях пандемии COVID-19 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүрүүчүлөр быйыл жогорку жана кесиптик орто окуу жайларга онлайн түрүндө гана тапшырмай болду. Бул үчүн министрлик атайын "Абитуриент Online" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык система иштеп чыкты.

Автоматташтырылган системага бүтүрүүчү кантип кирип, окууга кантип тапшырат? Окууга тапшыруу качан башталат, кандай документтер зарыл? Үйүндө интернети жоктор кайда барып тапшыра алат? Ушул жана башка Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна Билим берүү жана илим министрлигинен жооп беришти.

Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды

Министрлик гранттык (бюджет) жана келишимдик (контракт) негизде окуу үчүн сынактарга негизги тести босого баллдан жогору болгон абитуриенттер гана катыша аларын эскертти. Босого баллдын канча экендиги кийинки аптада маалым болот.

Онлайн окууга тапшыруу качан башталат?

Окуу жайларга кабыл алуунун 1-туру 20-июлда башталып, 22-июлда саат 14:00дө аяктайт. 23-июль күнү саат 10:00гө чейин онлайн системада кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. Башкача айтканда, окууга өткөн студенттердин тизмеси сайтка жарыяланат. Мындан тышкары, ар бир бүтүрүүчү өз аккаунту аркылуу да окууга өткөн-өтпөгөнүн билип турат. ЖРТдан алган баллы жетип, сынактан өткөн бүтүрүүчү үч күндүн ичинде, тагыраагы, 25-июль күнү саат 17:00гө чейин аталган адистик боюнча окуй тургандыгын тастыкташы керек. Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин тастыктабаса, анын орду бош деп эсептелип, кийинки турга калып калат. Окуу жайда бош орундар калган учурда 2-тур — 27-июлдан 1-августка чейин, ал эми 3-тур министрликтин атайын уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт.

Онлайн тапшыруунун электрондук дареги?

Жогорку окуу жайга тапшырам деген абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтына кирет.

Окууга кантип тапшырат?

Бүтүрүүчү алгач "катталуу" деген бөлүмгө кирип, профилдеги керектүү маалыматтарды толтурат. Андан кийин абитуриенттин телефон номерине логин жана пароль жазылган кат келет. Андыктан бүтүрүүчү телефон номерин так көрсөтүшү абзел.

Билим берүү министрлиги 1-сентябрга кандай даярдык менен барарын айтты

Ал логин жана пароль менен бүтүрүүчү автоматташтырылган системага катталып, окуу жайын жана адистикти тандайт. Андан соң ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл. Соңунда тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоосу кажет.

Окууга онлайн тапшырууда кайсы документтерди даярдап алуу керек?

Автоматташтырылган маалыматтык системага тиркеле турчу документтер:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;
  • ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети.

Ал эми аталган документтердин түп нускаларын жогорку окуу жайга окуу жылдын башында берүү керек.

Окутуунун сырттан же кечки формасында кабыл алуу кандай тартипте өтөт?

Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөттөрүн ар бир окуу жай өз алдынча белгилейт.

Интернети жоктор окууга онлайн кантип тапшырат?

Эгерде үйүндө окууга онлайн тапшырууга шарты жоктор болсо, билим алган мектебине барып, керектүү суроолоруна жооп алып онлайн окууга мектептен тапшырып катталса болот. Ар бир мектепте интернет менен камсыз болгон окуу бөлмөлөрү бар. 

АКШ айрым чет элдик студенттерге онлайн окууга тыюу салды. Себеби

Эгерде окуу жайларга тапшырууда маселе жаралып, суроолор пайда болсо 1919 кыска номерине байланышка чыга алышат.

Онлайн окууга тапшырууда кимдерге жеңилдик каралган?

Келишимдик негизде окутуу үчүн сынакта абитуриенттердин категориялары эске алынбайт. Бул учурда ЖРТнын упайы гана маанилүү. Ал эми гранттык (бюджет) негизде окугандарга жеңилдиктер каралган. Алар:

  • 1-2-топтогу майыптар;
  • жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңдештирилген жарандар;
  • бала кезинен майыптар;
  • майып, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
  • 2002-жылдын 17-18-мартындагы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы окуяларда курман болгон жарандардын балдары;
  • 2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында курман болгон жарандардын балдары;
  • кайрылман статусуна ээ болгон жарандар.

Жеңилдикке ээ болгон абитуриенттер катталуу учурунда тастыктоочу документтерин электрондук форматта дароо тиркеши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0